Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Могол айылдык кеңешинин «Айыл чарба эмес жер аянтарын салыгынын К3 коэффициентин бекитүү» токтому
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 3 Айыл чарба эмес жер аянтарын салыгынын К3 коэффициентин бекитүү Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба жана короо алдындагы дачалык жер участкаларын , калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Могол айыл аймагынын юридикалык жана физикалык жактар тарабынан ээлеп турган айыл чарбасына арналбаган жер үчүн салык чегерүүнүн К3 коэффициентин белгилөө жана бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Джунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жаңы салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык Могол айыл аймагынын юридикалык жана физикалык жактар тарабынан ээлеп турган айыл чарбасына арналбаган жер үчүн салык чегерүүнүн К зоналык коэффициентинин өлчөмү 2016-жылдын 1-январынан тартып 1 болуп бекитилсин.
2. Белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерди салык чегерүүнүн белгиленген коэффициентинин негизинде юридикалык жана физикалык жактар менен эсептешип жана көзөмөлдөп өндүрүү жагы финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Джунусовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч. Асрановго тапшырылсын.
Төрага
Б. Акимжанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Утратил силу
- Закон «О базовых ставках земельного налога за пользование сельскохозяйственными угодьями, приусадебными и дачными земельными участками, землями населенных пунктов и…Закон · 28.04.2008 · № 76 · Утратил силу