Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кум-Дөбө айыл өкмөтү “Сан-Хе” фирмасы менен түзүлгөн соц.пакеттин аткарылышы жөнүндө маалымат.(С. Убалиев)» токтому
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясы
2016-жылдын 24-майы № 23/2 Кум-Дөбө айыл өкмөтү “Сан-Хе” фирмасы менен түзүлгөн соц.пакеттин аткарылышы жөнүндө маалымат.(С. Убалиев) Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевдин “Сан-Хе” фирмасы менен түзүлгөн келишимдеги соц. пакеттин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин сессияларында каралган 5.04.2013-жылдагы 4/4-токтому, 24.07.2013-жылдагы № 6/1 токтомдору “Сан-Хе” фирмасы менен түзүлгөн 30.09.2014-жылдагы келишимдер, токтомдор жокко чыгарылсын, соц. пакетиндеги айрым иштер аткарылбагандыгына байланыштуу ишмердүүлүгү биротоло токтотулсун.
2. “Сан-Хе” фирмасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарылгандыгы жөнүндө жогорку баскычтарга маалымат жөнөтүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңешинин “Айыл жана жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо, курулуш жана байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
А. Тургуналиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.