# Семиз-Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-мартындагы № 28/2 "2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Семиз-Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-мартындагы № 28/2 "2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28/2
- Дата принятия: 24.03.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.03.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/290202>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35927/edition/810014/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.03.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Семиз-Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-мартындагы № 28/2 "2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 24.03.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/290202

---

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

2016-жылдын 24-марты № 28/2 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ " Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ" Мыйзамынын 4-беренесинин жана "Жайыттар жѳнүндѳ" Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ" 2013-жыл 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүγ жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы Ч. Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.

1. Кой-эчки - 12 сом

2. Жылкы - 60 сом

3. Уй - 60 сом

4. Эшек - 60 сом

2. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.

1. Кой, эчки - 24 сом

2. Жылкы - 120 сом

3. Уй - 120 сом

4. Эшек – 120сом

3. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризм багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Моңкоев жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ч. Алжанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага

М. Буканбаев
