# Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 "Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 "Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 21.05.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.05.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/290154>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35879/edition/798459/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.05.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 "Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.05.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/290154

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-майы № 11 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Кең-Арал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева Г.) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Бейшеналиевага жүктөлсүн.

Төрага

И. Изаканов
