# Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 01-05/07 "Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 01-05/07 "Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-05/07
- Дата принятия: 07.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/285073>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35699/edition/860595/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 01-05/07 "Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 07.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/285073

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-марты № 01-05/07 Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси Алиев Кыдырназар Абдыманаповичтин шаардын аймагындагы мал жандыктарды идентификациялоо, малдын эки кулагына басылуучу бирканын жана идентификация жүргүзгөн ветеринардын эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 жана «Жаныбарларды идентификациялоо жаатында иштерди жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомдорун жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин мал жандыктарга бирка басууга жана идентификация жүргүзгөн ветеринардын эмгек акысын бекитүү боюнча жазган кайрылуусу эске алынсын.

2. Шаардын аймагындагы мал жандыктардын эки кулагына бирка басуу үчүн мал ээсинин эсебинен бир мал үчүн 40 (кырк) сом, идентификация жүргүзгөн ветеринардын бир мал үчүн эмгек акысы 30 (отуз) сом, ар бир малга эки кулагына бирка баскандыгы үчүн мал ээсинин эсебинен жалпысы 70 (жетимиш) сомдон бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

М.А.Сыдыков
