# Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы № 126/14-6 "(Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгаруу жөнүндө )" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы № 126/14-6 "(Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгаруу жөнүндө )" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 126/14-6
- Дата принятия: 31.07.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.12.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/28373>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3424/edition/615735/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.12.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы № 126/14-6 "(Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгаруу жөнүндө )" токтому (ред. от 31.12.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/28373

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-июлу № 126/14-6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 31-августундагы №01-4/825 катынына ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши

1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгарылсын.

2. Талас шаарынын Курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесинин жаныланган редакциясы кабыл алынсын.

3. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (А. Ажыбаева) тапшырылсын.

Төрага

А. Джузупбеков

ТАЛАС ШААРЫНЫН КУРУЛУШ КУРУУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

I БӨЛҮК. УКУКТУК ЗОНАЛАРГА БӨЛҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУ ТАРТИБИ

1.1-глава. Жалпы жоболор

1- берене. Негизги түшүнүктөр 2-берене. Эрежелерди киргизүүнүн негиздери, арналышы жана түзүлүшү 3- берене. Шаар куруу регламенттери жана аларды колдонуу 4- берене. Курулуш куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлугү

1.2-глава. Эрежелер күчүнө киргенге чейин келип чыккан кыймылсыз мүлктү колдонуу укуктары

5- берене. Мурда келип чыккан укуктарга тиешелүү жалпы жоболор 6- берене. Эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк объекттерин колдонуу жана курулуштук өзгөртүүлөр

1.3- глава. Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча келип чыккан мамилелердин катышуучулары

7- берене. Курулуш куруучу жана жер пайдалануучу адамдар 8- берене. Жерге укук берүүчү жана коомдук угууларды уюштуруучу комиссия. 9- берене. Талас шаарынынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, Талас шаарында курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу башка органдар

1.4-глава. Жер участокторун кыймылсыз мүлк объекттери катары түзүү жана аларды жеке жана юридикалык жактарга берүү процессии уюштуруу.

10-берене. Жер участокторду түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби 11- берене Тоорук менен түз сатууларды уюштуруунун тартиби 12- Жер участокторуна укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары 13-берене. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби 14-берене. Акча каражаттарын бөлүштүрүү

1.5-глава. Жер участокторуна укуктардын токтотулушу. Сервитуттарды белгилөө

15- берене. Мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөр үчүн жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк объекттерин алып коюунун негиздери, шарттары жана алып коюу тартибин уюштуруу принциптери. 16- берене. Сервитуттарды белгилөө

1.6-глава. Кыймылсыз мүлктөргө курулуштук өзгөртүүлөрдү киргизүү.

17- берене. Кыймылсыз мүлктөргө курулуштук өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ишке ашыруу үчүн негиздери 18- берене. Курулушка уруксат берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдар 19-берене. Долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди алуунун негизги этаптары жана мөөнөттөрү 20- берене. Долбоордук документтерди макулдашуу 21-берене. Долбоордук документтерди экспертизалоо 22- берене. Курууга уруксат берүү 23- берене. Объекттини пайдаланууга кабыл алуу

1.7-глава. Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун башка ченемдери

24-берене. Шаар куруу документине карата эрежелердин колдонулушу 25- берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизи жана аны демилге кылуу укугу 26- берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү 27- берене. Эрежелерден четтөө 28- берене. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик

II БӨЛҮК. КАРТОГРАФИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ШААР КУРУУ РЕГЛАМЕНТТЕРИ

2.1-глава. Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы. Кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери

29- берене. Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы 30- берене. Зоналардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери

2.2-глава. Талас шаарынын шаар куруу регламентине ылайык, экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шаарттын түзүү жөнүндөгү картасы

31-берене. Талас шаарынын Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шаарттын түзүү жөнүндөгү картасы 32-берене. Талас шаарынын Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шарттын түзүү жөнүндөгү тизмеси III БӨЛҮК. КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУНУН КОШУМЧА ЧЕНЕМДЕРИ КАМТЫЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДАН ҮЗҮНДҮЛӨР, АРЫЗДАРДЫН ҮЛГҮЛӨРҮ I БӨЛҮК. УКУКТУК ЗОНАЛАРГА БӨЛҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУ ТАРТИБИ

1.1-глава. Жалпы жоболор

Бул глава ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн маанисин аныктайт, Эрежелерди киргизүү үчүн негиздерди, дайындалышын жана түзүмүн баяндайт, укуктук зоналарга бөлүү менен киргизилүүчү шаар куруу регламенттеринин ролун жана аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт жана жеке жана юридикалык жактар үчүн Эрежелерде камтылган курулуш куруу жана жер пайдалануу тууралуу маалыматтардын ачык-айкындуулугунун жана жеткиликтүүлүгүнүн талашсыздыгын белгилейт. 1-берене. Негизги түшүнүктөр

Эрежелердеги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде колдонулат. Блоктолгон турак үй - эки же андан көп квартирадан турган квартиралык типтеги имарат, анын ар биринин өзүнчө кирген жери жана өзүнчө жер участогуна чыккан жери бар. Атайын макулдашууну талап кылган кыймылсыз мүлктү пайдалануу түрлөрү

- кыймылсыз мүлктү пайдалануу түрлөрү, алар ушундай макулдашууну талап кылуучу катары ушул Эрежелердин 26-беренесинин тизмелеринде өзгөчө көрсөтүлгөн жана алар үчүн ушул Эрежелердин 8, 17-беренелеринде белгиленген тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алуу керек.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү - иштин түрү, аларды жер участокторунда жана аларда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттеринде ишке ашыруу бул жана башка ченемдик укуктук актылар, техникалык ченемдик документтер менен белгиленген эрежелерди сактоодо ушул Эрежелердин 26 -беренесинде ушул түрлөр көрсөтүлгөндүктөн уруксат берилген. Суу объекттеринин суу коргоо зонасы - ага карата суу объекттеринин булганышын, балыр басып жана азайышын болтурбоо, жаныбарлар жана өсүмдүк дүйнөсүнүн объекттери жашаган чөйрөнү сактоо үчүн чарбалык жана башка иштин атайын режими белгиленген, дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка жер үстүндөгү суу объекттеринин акваториясына туташ болгон аймак. Курулуштун бийиктиги - жердин долбоордук белгисинен жалпак чатырдын эң жогорку жерине чейин же тегиз чатырдын кооздолуп кагылган тактайынын эң жогорку жерине чейин өлчөнгөн тигинен аралык. Шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлорунун документтери, (башкы пландар, толук пландоо, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору). Шаар куруу регламенти - шаарлардагы жана айылдардагы калктуу конуштарда колдонууга уруксат берилген жер участокторунун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин ушул Эрежелер, шаар куруу документтери менен белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерин мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдүн жыйындысы. Жер участогу - белгиленген чектери, аянты, жайгашкан жери, укуктук статусу жана шаар куруу регламенттери, сервитуттары менен берилген колдонууга белгиленген чектери бар жер бетиндеги бөлүк. Зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет. Кыймылсыз мүлктү өзгөртүү - жер участогун же курулушту же анда жайгашкан курулманы колдонуунун түрүн (түрлөрүн) өзгөртүү, жаңыларын куруу, реконструкциялоо, учурдагы курулуштардын же курулмалардын ордун которуштуруу же бузуу, курулушту даярдоодо жана ишке ашырууда башка аракеттер, жер участогунун өлчөмдөрүн өзгөртүү. Кыймылсыз мүлктүн башка объекттери - бул фраза "жер участоктору, кыймылсыз мүлктүн башка объекттери" деген сөз айкалыштарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, мында "кыймылсыз мүлктүн башка объекттери" имараттарды, курулуштарды, курулмаларды түшүндүрөт. Инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктура - калктуу конуштун туруктуу өнүгүшүн жана иштешин камсыз кылуучу, транспорт, байланыш, инженердик жабдыктар курулмаларынын жана коммуникацияларынын, ошондой эле калкты социалдык жана маданий-турмуштук тейлөө объекттеринин комплекси. Жер участогун пайдалануу коэффициенти - участоктогу бардык курулуштардын (учурдагы жана кошумча курулушу мүмкүн болгон) жалпы аянтынын жер участогунун аянтына болгон катышы. Участоктогу курулуштардын жалпыланган уруксат берилген жалпы аянты коэффициенттин маанисин жер участогунун аянтынын көрсөткүчүнө көбөйтүү менен аныкталат. Кызыл сызык - көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктаган жана көчөлөр менен жолдорду пландоо түзүмүнүн башка элементтеринен бөлүүчү чек болуп саналган сызыктар. Курулуш курууну жөнгө салуу сызыктары - кызыл сызыктардан же жер участокторунун чектеринен чыгып белгиленүүчү, долбоорлонуучу жана курулуучу курулуштардын тышкы контурларынын планында жайгашкан жерди көрсөтүүчү сызыктар. Чек салуу - чек салуу долбоорлорунда жана учурдагы жер участокторунун жана кыймьлсыз мүлк объекттери катары кайрадан түзүлүүчү жер участокторунун чегиндеги жерлерде белгилөө, калыбына келтирүү, өзгөртүү жана бекитүү боюнча шаар куруу жана жерге жайгаштыруу иштеринин комплекси. Жер участокторунун эң аз аянты жана өлчөмдөрү - укуктук зоналарга бөлүү картасында көрсөтүлүүчү, тиешелүү регламенттик зоналарга карата шаар куруу регламенттеринин курамына киргизилүүчү жер участокторунун эң аз аянтынын жана сызыктуу өлчөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү. Көп квартиралуу турак үй - квартираларынын жалпы тепкич аянтына чыккан жери жана бүтүндөй үй үчүн жалпы жер участогу бар турак уй. Кыймылсыз мүлк - жер участоктору жана бардык жер менен бекем байланышкандар, башкача айтканда алардын арналышына ченемдеш эмес зыян келтирбестен аларды көчүрүү мүмкүн болбогон объекттер, анын ичинде имараттар, курулмалар, курулуштар, көп жылдык өсүмдүктөр. Эрежелерден четтөө - конкреттүү участок үчүн санкцияланган, уруксат берилген курулуштун чектик параметрлеринин - курулуштардын бийиктигинин, участокторду куруу пайызьнын, курулуштардын участоктордун чектеринен чыгуусу, ал участоктун кичинекей өлчөмүнүн, ыңгайсыз конфигурациясьнын, жагымсыз инженердик-геологиялык жана башка мүнөздөмөлөрүнүн айынан участокту ушул Эрежелерге ьлайык колдонуу мүмкүн эместиги жана кыйынчьлыктар менен шартталган. Укуктук зоналарга бөлүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймагында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы иши. Суу объекттеринин жээктеги сууларды коргоочу тилкеси - суу объекттеринин сууларды коргоо зонасынын бир бөлүгү, ал үчүн жер пайдалануунун, курулуш куруунун жана жаратылышты пайдалануунун кошумча чектөөлөрү киргизилет. Долбоордук документтер - имараттарды, курулмаларды, курулуштарды, алардьн бөлүктөрүн куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн айрым жер участокторуна карата даярдалуучу жана аны белгиленген тартипте макулдашып, экспертизадан өткөргөндөн кийин курууга уруксат алуу үчүн колдонулуучу документ. Участокко курулуш куруу пайызы - пайыз менен көрсөтүлгөн шаар куруу регламентинин көрсөткүчү, ал жер участогунун аянтынын кайсы бөлүгүнө имараттар, курулмалар жана курулуштар салынышы мүмкүн экендигин көрсөтөт. Жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат берилген колдонуу - ушул Эрежелерде жана шаар куруу документтеринде белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ьлайык белгиленген аталган объекттерди колдонууга чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык кыймьлсыз мүлк объекттерин колдонуу. Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү -ушул Эрежелердин 26-беренесинде ар бир зона үчүн көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги түрлөрүн коштоп жүрүүчү кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү, алар акыркыларына карата көмөкчү болуп саналат. Жер участогунда колдонуунун негизги түрү жок болгон учурда, аны коштоп жүрүүчү түрүн колдонууга уруксат берилбейт. Курууга уруксат берүү - жер участогунун, кыймылсыз мүлктүн башка объектисинин менчик ээсинин, ижарачынын же пайдалануучунун имаратты, курулманы жана курулушту курууга, реконструкциялоого, аймакты көрктөндүрүүгө укугун күбөлөндүрүүчү документ. Белгиленген тартипте макулдашылган долбоордук документтин негизинде берилет. Сервитут - башка адамдын менчигинде же колдонуусунда турган жер участогун чектелген максаттуу пайдаланууга адамдын укугу. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлоо сервитуту) белгилениши мүмкүн. Жер участогунун менчик ээси, пайдалануучусу - жер участогуна укуктун бир түрүнө - менчик укугуна, пайдалануу укугуна, анын ичинде ижара шартында, мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон жеке же юридикалык жак. Кыймылсыз мүлктү курулуштук өзгөртүүлөр - жаңы куруу, реконструкциялоо, кошумча куруу, курулмаларды бузуу, жер казуу иштери, курууга уруксаттын негизинде жүргүзүлүүчү башка иш-аракеттер аркылуу (тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен өзгөчө аты аталган анча маанилүү эмес иш-аракеттерден тышкары) жер участокторуна, кыймьлсыз мүлктүн башка объекттерине карата ишке ашырылуучу өзгөртүүлөр. Жерди ижарага – жер пайдалануучуга жер участогун пайдаланууга же жеке менчике (ижараберүүчү) ижарачыга жер участогун белгилүү убакытка жана болжолду төлөм укугу берилет; аукцион - соодалашуунун формасы, эң көп бааны сунуш кылган, жеңүүчү катары аныкталат; кепилдик төлөм (задаток) – жер участогуна укук алууга кызыктар болгон талапкер торго катышууга төлөнүүчү сумма; конкурс – сатып алуучудан соодалашууга тийиштүү болгон шарттарды аткаруу эрежелери талап кылынат; лот – аныкталган жер участогу, торго койулганга укуктуу; кыянатчылык менен коштолгон атаандаштык - субъектилердин артыкчылыкка жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, иш жүргүзүүнүн калыптанган салттарына, калыстыктын жана чынчылдыктын талаптарына жооп бербеген иш аракеттери орун алса, анда жыйынтыгында:

- соодалашууга катышуучулардын өз ара жашыруун сүйлөшүүлөрү,

- коррупцияны,

- соодалашуунун жүрүшүндө бааларды кармап туруу, бааны жасалма жогорулатуу же төмөндөтүү

- соодалашууга катышууну чектөө же потенциалдуу конкурентти алып салуу жана башка жагымсыз кыймыл аракеттер:

кыймылсыз мүлктөрдү көз карандысыз баалочу – белгиленген тартипте сертификат алган, кыймылсыз мүлктү баалоо тууралуу атайын кесиптик билими жана ээлик кылбаган, менчик ээси, акционер, бааланган объекттин мүлккүнө кызыкдар болбогон жак, белгиленген тараптар менен жакын туугандык мамиледе болбогон жак. куруунун жана жер пайдалануунун эрежеси – шаар куруунун регламентин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлктөрдү курууну жана пайдаланууну жөнгө салган, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемелердин нормативдик укуктук актылары; түз сатуу - соодалашуу жүргүзбөстөн түз сүйлөшүүлөр аркылуу, юридикалык жана жеке жактарга (арыздануучуларга) жер тилкесин ижарага алуу укугун ыйгаруу; жер тилкесине менчик укугу – Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка мыйзам актылары менен коргоого алынган жеке жана юридикалык жактардын өзүнө тийиштүү жер тилкесине ээ болуу, пайдалануу жана ээлик кылуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин чектөөлөрүнө ылайык; пайдаланууга уруксат берилген жер тилкеси – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, чектөөлөрүнө, сервитуттарына, шаар куруу документтерине жана жер пайдалануу жана курулуш эрежелерине, шаар куруу регламенттерине ылайык жер тилкесин пайдалануу; жер тилкесинин баштапкы баасы – түз сатуу же соодалашуу аркылуу сатууга коюлган жер тилкесинин баштапкы баасы; соодалашуу – муниципалдык менчикте турган жер тилкесин пайдаланууга укук берүү. Соодалашуу аукцион же конкурс формасында өткөрүлөт; жерлерди максаттуу пайдалануу – жерлерди документтерде, келишимдерде жана башка укук берүүчү документтерде көрсөтүлгөн максатта пайдалануу; ыйгарым укуктуу мекеме – муниципалдык менчикти башкарууга ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын бөлүмү; 2-берене. Эрежелерди киргизүүнүн негиздери, арналышы жана түзүлүшү

1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасыны укуктук актыларына ылайык Талас шаарында курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын киргизет, ал укуктук зоналарга бөлүүгө - шаардын чегинде бүткүл аймакты зоналарга бөлүүгө негизденген, мында алардын ар бири үчүн (тиешелүү түрдө ушул зоналардагы бардык жер участоктору үчүн) кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери, Талас шаарынын өнүгүүсүн аныктоочу негизги багыттар шаар куруу жана социалдык-экономикасы, жер пайдалануунун жана курулуш куруунун экологиялык жана башка шарттары боюнча кошумча шаар куруу регламенттери белгиленет.

2.Бул Эрежеде тапшырманы колдонуу:

- Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка укуктук актылары;

- калктын саламаттыгына жана ишмердүүлүгүнө, курулуштардын ишенимдүүлүгүнө, табигый жана маданий-тарыхый чөйрөнү сактоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлгөн нормалар жана стандарттар ж.б белгиленген милдетүү талаптар;

3. Аталган эрежелер мамлекеттик бийлик жана башкарууга (шаар куруу регламентин сактоо боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке жана юридикалык жактарга, Талас шаарынын аймагындагы курулуш жана шаар куруу ишмердүүлүгүн жасаган жана тескеген кызматкерлерге жана курулуш жана жер пайдалануудагы талаш маселерди чечүүдө сот органдары үчүн милдеттүү;

4. Бул Эрежелер жеке жана юридикалык жакты, мындан тышкары кызмат адамдарына карата регламент белгиленет:

- шаардын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жана жер участокторун, башка кыймьлсыз мүлк объекттерин уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттерин белгилөө;

- пландоо, чек салуу долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү аркылуу Талас шаарынын аймагын белгиленген чектери менен кыймылсыз мүлк объекттери катары жер участокторуна бөлүү (чек салуу);

- долбоорлордун документтерин иштеп чыгуу жана макулдашуу;

- жаңыдан курулган же реконструкцияланган объекттерди курууга, эксплуатациялоого уруксаттарды берүү;

- жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүү;

- мамлекеттик жана муниципалдык муктаждык үчүн жер участокторун алып коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн шаар куруу негиздерин даярдоо;

- кыймьлсыз мүлк объекттерин колдонууну жана курулуштук өзгөртүүнү контролдоо, мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте айыптык санкцияларды колдонуу;

- жеке жана юридикалык жактар үчүн курулуш куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле коомдук угуулар аркылуу ушул маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун камсыз кылуу;

- ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жарандардын демилгесинин негизинде.

- курулуш куруу жана жер пайдаланууну тескөөгө байланыштуу башка иш аракеттер.

5. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Талас шаарындагы курулуш жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын киргизет. Алар төмөнкүлөргө негизделет:

- укуктук зоналаштыруу – шаар аймагынын бүткүл территориясын зоналарга бөлүү(бул зоналардагы бардык жер тилкелери үчүн) менен бирге шаар куруу регламентин түрлөрүнө жана параметрлерине жараша уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануу, кошумча шаар куруу регламенттери(куруунун жана жер пайдалануунун экологиялык шарттары боюнча);

- чектерин аныктоо – жер тилкелерин пайдаланууга дайындоо, кыймылсыз мүлк катары түзүүдө аларды чектөө

6. Курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасы төмөнкүлөргө багытталган:

- шаарды өнүктүрүүнүн пландарын жана программаларын (шаар куруу документтеринде белгиленген), инженердик камсыздоо жана социалдык жактан тейлөөнү, жаратылыш жана маданий-тарыхый чөйрөнү сактоону ишке ашыруу,

- ижарачыларга, жер тилкесин пайдалануучуларга, кыймылсыз мүлктөрдүн ээлерине жана менчик укугун, пайдалануу укугун алууну каалагандарга, жер тилкесин ижарага алууга укуктук кепилдик берүү;

- курулуш жана кыймылсыз мүлктөрдү жаңылоо тармагында инвестициялардын тартылышына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, шаар жерлерин пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу;

- жер пайдаланууга, курулуш иштерине жана шаардын өнүгүүсүнө жарандардын эркин катышуусун камсыздоо;

- жарандар жана көзөмөл кылуучу органдар тарабынан мэриянын жана шаар куруу ишине тартылган жеке жана юридикалык жактардын ишин текшерүү;

7. Бул Эрежелер үч бөлүктөн турат:

- I бөлүк - "Укуктук зоналарга бөлүүнүн негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу тартиби",

- II бөлүк - "Картографиялык документтер жана шаар куруу регламенттери",

- III бөлүк - "Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун кошумча ченемдерин камтыган ченемдик укуктук актылардын баяндалышы жана алардан алынган үзүндүлөр".

Бул Эрежелердин I бөлүгү - "Укуктук зоналарга бөлүүнүн негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу тартиби" төмөнкүлөрдү жөнгө салган укуктук жана жол-жоболук ченемдердин тексти түрүндө берилген:

- аймактык укуктук зоналарга бөлүүнүн негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын түзүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктуулугун жана иштөө тартибин;

- кыймылсыз мүлктү колдонуу жана курулуштук өзгөртүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын укуктуулугун жана иштөө тартибин;

- кыймьлсыз мүлктү куруу, алардын колдонулушун жана курулуштук өзгөртүлүшүн контролдоо үчүн жер участокторун берүү тартибин;

- ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;

- Эрежелерди бузгандык үчүн кызмат адамдарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин.

Бул Эрежелердин II бөлүгү - "Картографиялык документтер жана шаар куруу регламенттери" - Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасын жана кыймьлсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана кыймьлсыз мүлктү уруксат берилген өзгөртүү параметрлеринин чектик мааниси боюнча шаар куруу регламенттеринин баяндалышын (25, 26-беренелер), экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасын жана экологиялык шарттар боюнча кошумча шаар куруу регламенттеринин баяндалышын (27, 28-беренелер) камтыйт. Башка экологиялык шарттар жана тарых, маданият жана археологиялык катмардын эстеликтерин коргоо шарттары боюнча шаар куруу регламенттерин камтыган башка карталар ушул Эреженин 27 жана 28 беренеге толуктоолорду киргизүү тартибинде алардын даярдалышына жана аларга расмий документтин статусу берилгендигине жараша бул Эрежелерге киргизилиши керек. Бул Эрежелердин III бөлүгү – «Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун кошумча ченемдерин камтыган ченемдик укуктук актылардын баяндалышы жана алардан алынган үзүндүлөр» – курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун укуктук ченемдерин ачкан ченемдик укуктук актылардын баяндалышын жана/же алардан алынган үзүндүлөрдү камтыйт. Баяндалышы же алардан алынган үзүндүлөрү ушул Эрежелердин III бөлүгүнө киргизилген жергиликтүү ченемдик укуктук актылар Эрежелердин I жана II бөлүктөрүндө камтылган ченемдерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес. 3-берене. Шаар куруу регламенттери жана аларды колдонуу

1. Жер участокторун куруу жана колдонуу боюнча чечимдер шаар куруу документтерине ылайык жана ушул Эрежелердин негизинде белгиленген шаар куруу регламенттеринин негизинде кабыл алынат, алар зоналардын чегинде колдонулат жана бир эле зонада жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан бардык жер участокторуна, башка кыймьлсыз мүлк объектине жайылтылат.

Транспорттук жана инженердик-техникалык коммуникациялар да буларга кирбейт, анын ичинде темир жолдор, автомобилдик магистралдар, көчөлөр, жолдор, өтмөктөр, өрткө каршы суу менен камсыз кылынган магистраддык суу өткөргүчтөр жана өрткө каршы көлмөлөр, буларга шаар куруу регламенттери колдонулбайт (бул Эреженин 26-беренеси). Транспорттук жана инженердик-техникалык коммуникациялар бөлүнгөн чектердеги аймактардын колдонулушу алардын максаттуу багытталышы менен аныкталат. Аталган чектерде жайгаштырууга уруксат берилген объекттердин түрлөрүнүн тизмеси тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

2. Талас шаарында шаар куруу регламенттерин колдонуу зоналары үч картада белгиленген:

- укуктук зоналарга бөлүү картасында (Эрежелердин 25-беренеси),

-экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасында (Эрежелердин 27-беренеси).

3. Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасында (25-берене) зоналар белгиленген, аларга кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери кошумча жазылган (26-берене).

Көрсөтүлгөн картадагы зоналар учурдагы шаардын чегинде Кант шаарынын бутүндөй аймагын камтыйт. Зоналардын чектери ар бир жер участогунун укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген зоналардын бирине гана таандыктыгын бир беткей идентификациялоо талабына жооп берет. Зоналардын чектери төмөнкүлөр боюнча белгиленет:

- магистралдардын, көчөлөрдүн, өтмөктөрдүн борбордук бөлүүчү сызыктары;

-кызыл сызыктар;

- жер участокторунун чектери;

- коммуникациялар үчүн бөлүнгөн тилкелердин чектери же огу;

- администрациялык чектер;

- жаратылыш объекттеринин табигый чектери;

- башка чектер.

4. Экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарыньн картасында (27-берене) шаар куруу регламенттери кошумча жазылган зоналар белгиленген, алар жаратылышты коргоо жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында уруксат берилүүчү жана/же тыюу салынуучу иш-аракеттерди аныктайт.

5. Жер участоктору, башка кыймылсыз мүлк объекттери бир нече карталарда белгиленген зоналарга туш болгон учурларда, анда бул участокторго (объекттерге) жогоруда аталган бардык карталарда белгиленген ушул зоналардын бардык шаар куруу регламенттери колдонулат.

6. Төмөнкүлөргө ылайык келсе, кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуу деп эсептелет:

- укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген тиешелүү зона үчүн кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттерине (26-берене);

- экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн картасында белгиленген тиешелүү зоналар үчүн экологиялык шарттар боюнча кошумча шаар куруу регламенттерине (33-берене);

- курулуш, өрткө каршы, башка ченемдерде жана эрежелерде камтылган, объекттердин бекемдигине жана коопсуздугуна милдеттүү талаптарга;

- кыймылсыз мүлктү пайдаланууга документтик белгиленген башка чектөөлөргө (анын ичинде сервитуттарды белгилөө жөнүндө келишимдер, башка документтер).

7. Кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү боюнча шаар куруу регламенти төмөнкүлөрдү камтыйт:(26берене)

- кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун негизги түрлөрүн, алар курулуш ченемдерин жана коопсуздук стандарттарын, өрткө каршы коопсуздук эрежелерин, башка милдеттүү талаптарды сактаган учурда тыюу салынышы мүмкүн эмес;

- кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги түрлөрүн коштоп жүрүүчү уруксат берилген колдонуунун түрлөрүн, алар негизгилерге карата кошумча болуп саналат, эгерде конкреттүү учурларга жана кыймылсыз мүлк жайгашкан жерлерге карата ушул Эрежелерде атайын башкача каралбаса, жер участогунда колдонуунун негизги түрү жок болгон учурда колдонуунун коштоочу түрүнө уруксат берилбейт;

- кыймылсыз мүлктү колдонуу түрлөрүн, алар үчүн ушул Эрежелердин 8, 17-беренелеринде белгиленген тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алуу зарыл.

Эрежелердин 26-беренесинде көрсөтүлгөн тизмелерде жок болгон кыймылсыз мүлктү колдонуунун түрлөрү тиешелүү зона үчүн уруксат берилбеген болуп саналат жана атайын макулдашуулар жол-жобосун кошо алганда да, уруксат берилиши мүмкүн эмес. 26-беренеге өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Эрежелердин 22-беренесинде белгиленген тартипте киргизилиши мүмкүн. Укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген ар бир зона үчүн, эреже катары, ушул Эрежелердин 26-беренесинде белгиленген тизмелерден башкасы келип чыкпаса, кыймылсыз мүлктү колдонуунун бир нече түрү белгиленет.

8. Жер участокторунун, башка кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери, пайдалануучулар жана ижарага алуучулар укуктук зоналарга бөлүү картасынын тиешелүү зоналары үчүн негизги жана коштоочу катары уруксат берилген кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн/түрлөрүн өз ыктыяры боюнча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу.

Кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн өзгөртүү курулуштун көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык кайра өзгөртүүлөрүнө байланышпаган учурларда, Талас шаарынын мэриясына кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн башка түргө өзгөртүү ниети жана фактысы жөнүндө билдирүү керек. Мындай өзгөртүү курулуштун көлөмдүк-пландуу жана конструкциялык кайра өзгөртүүлөрүнө байланышкан учурларда Эрежелердин 18-беренесине ылайык берилүүчү курулушка уруксат алый, ошондой эле Талас шаарынын мэриясына кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн башка түргө өзгөртүү фактысы жөнүндө билдирүү зарыл.

9. Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасында бөлүнгөн зоналар үчүн белгиленүүчү кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген курулуштук өзгөртүү параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери төмөнкүдөй параметрлер боюнча иштелип чыгууга тийиш:

- жер участокторунун өлчөмдөрү (минимум жана/же максимум), анын ичинде көчөлөрдүн (өтмөктөрдүн) бет маңдайы боюнча участоктордун чектик кеңдигинин жана участоктордун чектик тереңдигинин сызыктык өлчөмдөрү;

- курулуштардын жер участокторунун чектеринен минимум четке чыгуусу;

- курулуштардын чектик (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу (бийиктиги);

- участокторду куруунун максимум пайызы (курулуп калган жана участкалардын бардык аянтына кошумча курулушу мүмкүн болгон участкалардын жалпы аянтынын катышы);

- жер участокторун колдонуу коэффициентинин максимум мааниси (бардык курулуштардын - учурдагы жана кошумча курулушу мүмкүн болгон - жер участокторунун аянтына - жалпы аянтынын катышы).

Көрсөтүлгөн параметрлердин айкалышы жана алардын чектик мааниси укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген ар бир зонага карата жекече белгиленет. Кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген курулуштук өзгөртүү параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери алардын даярдалгандыгына жараша иштелип чыгууга жана ушул Эрежелерге киргизилүүгө тийиш.

10. Айрым жер участоктору үчүн уруксат берилген колдонууну (электр, суу, газ менен камсыз кылуу, канализация, телефондоштуруу ж.б.) ишке ашырууну камсыз кылуучу инженердик-техникалык объекттер, курулмалар жана коммуникациялар курулуш жана өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге, технологиялык коопсуздук стандарттарына, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо шарттарына жана тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышына ылайык келген шартта дайыма уруксат берилген болуп саналат, ал долбоордук документтерди макулдашууда ырасталат.(Эрежелердин 18-беренеси)

Эки жана андан коп менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) объекттеринин иштешин инженердик-техникалык камсыз кылуу үчүн арналган курулмаларды (анын ичинде коммуналдык) жайгаштыруу үчүн өзүнчө жер участогунда ушул Эрежелердин 8, 17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алуу зарыл. 4-берене. Курулуш куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү

1. Бул Эрежелер, анын ичинде алардын курамына кирген бардык картографиялык жана башка документтер жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык болуп саналат.

Талас шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши төмөнкү жолдор аркылуу ушул Эрежелер менен таанышуу мүмкүндүгүн камсыз кылат:

- Эрежелерди жарыялоо, алардын көчүрмөлөрүн берүү жана ачык сатуу;

- ушул Эрежелер менен толук көлөмдө таанышып чыгуу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде Талас шаарынынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы (мындан ары– Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы);

- курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу жаатында ыйгарым укуктуу башка органдарындагы картографиялык жана башка документтер Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга ушул Эрежелерден көчүрмөлөрдү тариздөө, ошондой эле зарыл көчүрмөлөрдү, анын ичинде өзүнчө жер участокторуна жана алардын массивдерине (кварталдарга, чакан райондорго) курулуш куруу жана жер пайдалануу шарттарын мүнөздөөчү картографиялык документтердин жана алардын фрагменттеринин көчүрмөлөрүн даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.

2. Мыйзамга ылайык ушул Эреженин 8, 17, 22 беренелерин негизинде шаар тургундары курулуш куру жана жер пайдалануу тууралуу чечим кабыл алууда толук канду катышууга укуктуу.

1.2-глава. Эрежелер күчүнө киргенге чейин келип чыккан кыймылсыз мүлктү колдонуу укуктары

Бул глава ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенге чейин Талас шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды колдонуу мүнөзүн, ошондой эле укуктук статусту жана ушул Эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк объекттерин колдонуу жана курулуштук өзгөртүү мүмкүндүктөрүн аныктайт. 5- берене. Мурда келип чыккан укуктарга тиешелүү жалпы жоболор

1. Бул Эрежелер колдонууга киргизилгенге чейин кабыл алынган Талас шаарынын жергиликтүү ченемдик укуктук актылары ушул Эрежелерге каршы келбесе, колдонула берет. Бул Эрежелер алар колдонууга киргизилгенден кийин, ошондой эле ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

Курууга уруксат берүү түрүндө берилген кыймылсыз мүлк объекттерин курулуштук өзгөртүүгө укук ушул Эрежелер кабыл алынган күнү курууга уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктабаган шартта күчүндө болот.

2. Бул Эрежелер күчүнө киргенге чейин болгон кыймылсыз мүлк объекттери төмөнкүдөй учурларда Эрежелерге ылайык келбейт деп эсептелет:

- көчөлөрдү, өтмөктөрдү, инженердик-техникалык коммуникацияларды салуу үчүн пландоо долбоорлору менен бекитилген кызыл сызыктардын чегинде жайгашса;

- тиешелүү регламенттик зоналар үчүн уруксат берилген катары көрсөтүлбөгөн колдонуунун түрү/түрлөрү болсо (Эрежелердин 26-беренеси);

- тиешелүү зоналарга карата Эрежелердин 26-беренесинде белгиленген (бул параметрлер белгиленген учурларда) маанилерден аз же көп параметрлери болсо.

3. Санитардык-коргоочу зоналары алардын участокторунун чектеринен тышкары жайылтылган жана алардын иштеши башка кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлерине ченеми келишпеген зыян алып келген өндүрүштүк жана башка объекттерге ылайык келбөө статусу берилиши мүмкүн.

6- берене. Эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк объекттерин колдонуу жана курулуштук өзгөртүүлөр

1. Эрежелердин 5-беренесинин 2-пунктунда каралган, ошондой эле Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин ылайык келбей калган кыймылсыз мүлк объекттери аларды ушул Эрежелерге ылайык келтирүү мөөнөтүн белгилебестен колдонула берет.

Алардын болушу жана колдонулушу адамдардын жашоо-турмушу жана ден соолугу, ошондой эле табигый жана маданий-тарыхый чөйрө үчүн кооптуу болгон, бир эле учурда ушул Эрежелерге жана милдеттүү ченемдерге/стандарттарга ылайык келбеген кыймылсыз мүлк объекттери буларга кирбейт. Бул объекттерге карата Талас шаарынын мэриясынын чечими менен ушул Эрежелерге, ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтирүү мөөнөтү белгиленет же ушундай объекттерди Эрежелерге, ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтиргенге чейин тыюу салынат. Транспорттук жана инженердик коммуникацияларды жасоо үчүн пландалган кызыл сызыктардын ортосунда жайгашкан ылайык келбеген объекттер мыйзамдарда белгиленген тартипте жана ушул Эрежелердин 13-беренесине ылайык Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына менчигинен ажыратышылышы мүмкүн.

2. Объекттердин түрүн жана аларды колдонуунун интенсивдүүлүгүн, куруу параметрлерин өзгөртүү аркылуу ишке ашырылуучу ылайык келбеген объекттерди бардык өзгөртүүлөр аларды ушул Эрежелерге ылайык келтирүү багытында гана жүргүзүлушү мүмкүн.

Колдонуу түрү/түрлөрү тиешелүү зона үчүн уруксат берилгендердин тизмесинде камтылбаган кыймылсыз мүлк объекттеринин аянты жана көлөмү көбөйтүлүшү мүмкүн эмес. Бул объекттерде колдонулуучу технологияны экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы, адамдын коопсуздугунун, ден соолугун коргоонун башка ченемдерине жана стандарттарына ылайык келтирмейинче өндүрүштүк иштин көлөмдөрүн жана интенсивдүүлүгүн көбөйтүүгө жол берилбейт. Куруу параметрлери боюнча эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк объекттери (өтүүнү, өтмөктөрдү татаалдаштырган же жолун тоскон, уруксат берилген чектерге салыштырмалуу аянтынан жана бийиктигинен ашып кеткен курулуштар ж.б.), жүргүзүлүүчү иш-аракеттер ушул объекттер Эрежелерге ылайык келбөө деңгээлин көбөйтпөгөн учурда колдоого алынат, оңдолот.

3. Жер участокторун натыйжалуу пайдаланууга мүмкүн болбогон же аларды татаалдаштырган, алардын анча чоң эмес өлчөмүнүн жана татаалдаштырыган конфигурациясынын айынан ушул Эрежелерге ылайык келбеген жер участокторунун ылайык келбөө деңгээлин көбөйтүүгө болот, бирок курулуштук ниеттерди ишке ашыруу үчүн милдеттүү түрдө Эрежелердин 23-беренесинде белгиленген тартипте Эрежелерден четтөөгө уруксат алынган учурда.

1.3-глава Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча келип чыккан мамилелердин катышуучулары

Бул глава жеке жана юридикалык жактардын - курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча келип чыккан мамилелердин катышуучуларынын иш-аракеттеринин алкагын аныктайт, Эрежелерди ишке ашырууга катышкан: жерге укук берүү комиссиясынын, Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкарамалыгынын жана башка түрдүү органдардын функцияларын баяндайт. 7- берене Курулуш куруучу жана жер пайдалануунучу тараптар.

1. Бул Эрежелер жеке жана юридикалык жактардын иш-аракеттерин жөнгө салат, алар:

- жаңы курулуш же реконструкциялоо максатында муниципалдык жер участокторуна менчик укугун же ижарага укугун берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан тооруктарга (конкурстарга, аукциондорго) катышат;

- Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына акыркы сатып алуучуларга/ижарачыларга андан ары сатуу же ижарага берүү максатында жаңы курулуш, реконструкциялоо же чек салуу (ири участокту бөлүү жана анда кыймылсыз мүлк объекттери катары майда жер участокторун түзүү) үчүн муниципалдык менчиктен жер участогуна (участокторуна) укуктарды берүү жөнүндө табыштама менен кайрылат;

- жер участокторуна, башка кыймылсыз мүлк объекттерине ээ болуу менен долбоордук документтерди даярдайт жана ага ылайык кыймылсыз мүлктү курат, реконструкциялайт, башка өзгөртүүлөрдү жасайт.

Көрсөтүлгөн жана башка иш-аракеттер ушул Эрежелердин ченемдерин толук берүүчү башка ченемдик укуктук актылар менен да жөнгө салынат. Жеке жана юридикалык жактардын башка иш-аракеттерине төмөнкүлөр кирет:

- муниципалдык менчикте турган жана кыска мөөнөттүү ижарага берилүүчү (тооруктар же түз сүйлөшүүлөр аркылуу) жер участокторуна капиталдык эмес курулмаларды куруу (чатыр, киоск ж.б. сыяктуу);

- жерге мурда берилген укуктун бир түрүн экинчисине кайрадан тариздөө, анын ичинде менчиктештирилген ишканалардын жер участокторун менчиктештирүү, өмүр бою мураска ээ болуу укугун же менчик укугун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна кайра тариздөө ж.б.;

- кондоминиумдарды түзүү максатында калыптанып калган курулуштардын аймагын жер участокторуна бөлүштүрүү (чек салуу);

- эгерде бул шаар куруу регламенттерине жана ушул Эрежелердин башка жоболоруна карама-каршы келбесе, менчик ээлеринин ортосундагы участокторду бөлүү;

- курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча коомдук же менчик пландарды даярдоо жана ишке ашыруу менен байланышкан башка иш-аракеттер.

2. Талас шаарында мамлекеттик органдардын атынан үй куруп жана жер пайдаланган тараптар, шаар куруу регламенттерин сактоо бөлүгүндө, мыйзамдардын жана ушул Эрежелердин талаптарын аткарат.

8-берене Жерге укукту берүү боюнча комиссия, коомдук угуулар.

1. Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы уюштурат. Бул Эрежелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жана жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.

2. Комиссиянын курамына Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлдүк органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын депутаттардын Талас шаардык кеңеши Талас шаарынын мэринин сунушу боюнча бекитет.

Комиссиянын төрагасы болуп Талас шаарынын биринчи вице-мэри саналат. Комиссиянын курамына төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү кирет:

- Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;

- Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы архитектору;

- Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы;

- Комиссиянын курамына Талас шаардык кеңешинин чечими боюнча ар бир фракциянын өкүлдөрү 5 депутат кирет. Комиссиянын курамына ошондой эле коомчулуктун атынан 2 адам жана башка мекемеден 1 адам жана Талас шаардык мэриясынын юристи. Комиссиянын жалпы саны - 13 адам.

Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;

- жер участокко укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;

- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;

- тооруктун жыйынтыгын аныктайт;

- жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.

- ушул Эрежелерден чектөөлөргө атайын макулдук жана уруксат берүү жөнүндө Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды, курулуш куруу жана жер пайдалануу маселелерине тиешелүү Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактардын апелляциясына байланыштуу талаш-тартыштарды сотко чейинки жонго салуу боюнча сунуштарды даярдайт;

- Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды, ошондой эле ушул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу менен байланышкан жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, башка документтерди даярдоону уюштурат;

- Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы үчүн инженердик коммуникацияларга (суу түтүк тармактарына, канализацияга, энергия менен камсыз кылууга жана башкалар) жетүүнү камсыз кылуу үчүн сервитуттарды белгилөө боюнча сунуштарды даярдайт;

- ушул Эрежелерде жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциянын чегинде башка маселелерди карайт.

Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин кворуму болгон учурда, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын катчысы Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматчысы болуп саналат жана анын курамына кирбейт. Комиссиянын кайсы болбосун мүчөсү түздөн-түз финансылык кызыкчылыкта болсо же маселе каралып жаткан табыштаманы берүүчү менен туугандык мамиледе болсо Комиссиянын чечими менен конкреттүү маселе боюнча добуш берүүгө катышуудан бошотулат. Комиссиянын протоколуна Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, Комиссиянын жыйынына катышкандар кол коет, ал эми ушул Эрежелерде каралган учурларда тооруктардын жеңүүчүсү да кол коет. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат. Тооруктун предмети болуп жер участокту сатуу-сатып алуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.

3. Комиссия өзүнүн иницативасы менен же жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча коомдук угууларды жүргүзүүгө милдеттүү. Коомдук угуулар төмөндөгү учурларда өткөрүлөт: - Эреженин (26-ст белгиленген) кыймылсыз мүлктүн түрүн пайдаланууда багытын өзгөчө өзгөртүүдө, атайын макулдашуу учурунда;

-Эреженин (статья 23 белгиленген) өзгөртүүлөр - макулдашылган проектик пландоолорго, чектешүүгө, жана башка шаар куруу документацияларына жараша;

- Эрежеге толуктоо жана өзгөртүү киргизүү учурунда.

Калган учурларда Комиссия өз жыйынында чечим кабыл алууга укуктуу. Комиссиянын төрагасынын чечими менен комиссиянын жыйынына жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрүн кызыктар тарап катары чакырууга укуктуу.

4. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тооруктар менен туз сатууларды уюштуруунун тартиби.

- Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле турак жай зонасындагы жер участогуна укук берилип жатканда Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жер участогунун планы алынган күндөн тартып бир айдын ичинде коомдук угуу өткөрөт.

- коомдук угууларды өткөрөт (ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларда);

- жер участогун баалайт;

- же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо, аларды Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.

Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ал документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жиберет. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы кызыкдар жактарга коомдук угуулар болоору жөнүндө расмий сайтка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт. Билдирүүдө угуу өткөрүлүүчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участогу жөнүндө маалыматтар (жайгашкан жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү маалымат менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнундө маалыматтар, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын байланыш маалыматтары болууга тийиш. Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу. Коомдук угуу процессинде Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы протокол жүргүзөт, ага түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат. Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол Жер участогунун планы жана ага тиркелген материалдар менен Комиссияга жиберилет. Протоколдун көчүрмөсү Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат. Коомдук угуунун жыйынтыгы боюнча Жер участогунун планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аны Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул берененин 1-пунктунда каралган мөөнөттө толуктап иштеп чыгат жана Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына кайра жиберет. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы өз демилгеси боюнча же жеке же юридикалык жактардан түшкөн табыштамалар боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү. Коомдук угуулар төмөнкүлөр жөнүндө маселелер каралган учурларда өткөрүлөт:

- атайын макулдашуулар, башкача айтканда Эрежелер менен өзгөчө аты аталган кыймылсыз мүлктү пайдалануунун түрлөрүнө уруксат берүү жөнүндө (31-берене);

- Эрежелерден четтөө (28-берене);

- пландоо, чек салуу долбоорлорун, башка шаар куруу документтерин макулдашуу;

- Эрежелерди толуктоо жана өзгөртүү.

Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ушул беренеде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө коомдук угууларды (атайын макулдашууларга, Эрежелерден четтөөлөргө, шаар куруу документтерин макулдашууга же Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө) өткөрөт. Коомдук угуулар төмөнкүдөй максатта өткөрүлөт:

- зыян келтирбөө, ал зыян уруксат (атайын макулдашуу, Эрежелерден четтөө, жер участокторунун чектерин белгилөө) суралып жаткан иштин түрү менен туташ кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлерине келтирилиши мүмкүн;

- коомчулукка маалымдоо жана курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышууга укуктарын камсыз кылуу.

Жер участогуна укук коомдук угууларды өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, аталган жер участогун берүү максатында кайталап коомдук угууларды өткөрүү талап кылынбайт. Түзүлгөн жер участогунун старттык баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жер участогунун баасы кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат. Жер участогунда муниципалдык менчикте турган курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бүтө элек курулуш бар болсо участоктун баасына ушул объекттердин баасы да кошулат. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жер участогунун баасын, анын ичинде көз карандысыз баалоо жүргүзүү менен Жер участогунун планы алынгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде аныктайт (эсептейт). Көз карандысыз баалоо жүргүзүү Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен көз карандысыз баалоочунун (уюмдун) ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы 3 жумушчу күндүн ичинде Жер участогунун планын тиркелген бардык материалдары менен кошо комиссиянын кароосуна берет. Комиссия Жер участогунун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде карайт. Комиссия жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса, Комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участогуна берилип жаткан укуктун түрүн (менчик, ижара), жер участогуна укукту берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер участогунун старттык баасын, кепилдик взностун өлчөмүн, тоорукка катышуучулардын аны төлөө мөөнөтүн жана тартибин, аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда). Тоорук же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмети боюнча старттык бааны Комиссия көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт. Тооруктарда жер участогун ижарага алууга укук берилген учурда старттык баа болуп Комиссия аныктаган ижара акысынын өлчөмү саналат. Жер участогуна ижаранын базалык ставкалары Талас шаардык кеңешинин бекитилген токтомуна ылайык аныкталат. Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет. Эрежедеги түз берүү жолу менен берилүүгө тийиш болгон учурда Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

- Жер участогунун планынын көчүрмөсү, ага тиркелген материалдары менен кошо;

- жер участогунун старттык баасы;

- конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);

- кепилдик барымтанын (взностун) өлчөмү, тоорукка катышуучулардын аны төлөөсүнүн мөөнөтү жана тартиби;

- жер участогун сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;

- тооруктун жеңүүчүсү же түз сатуу жолу менен берилүүчү жер участогун сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мөөнөтү.

Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тоорукка катышууну каалагандарга маалыматтык пакетти берүүгө милдеттүү. Маалыматтык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күндөн кем эмес мурдатан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү. Билдирүүдө тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети, тооруктун предмети, тооруктун предметинин старттык баасы, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөт, кепилдик барымтанын (взностун) суммасы которулуучу банктын реквизиттери, толук маалымат алуу үчүн Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.

9-берене Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, Талас шаарында курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу башка органдар

1. Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүмү болуп саналат жана ушул Эрежелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде Талас шаарынын аймагында шаар куруу (курулуш) ишин жөнгө салуу функцияларын аткарат.

Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын милдеттерине, ушул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу бөлүгүндө төмөнкүлөр кирет:

- Талас шаардык кеңеши үчүн Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу Эрежелерди өркүндөтүү боюнча тиешелүү талдоо жүргүзүүлөрдү жана сунуштарды камтыган Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу жөнүндө ар жылдык баяндамаларды даярдоо;

- тооруктарды (аукциондорду, конкурстарды) өткөрүү жана жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүүнүн башка ыкмалары үчүн документтерди даярдоого катышуу;

- жер участокторун түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- жер участокторун тандоо;

- шаар куруу жана долбоордук документтердин ушул Эрежелерге жана курулуш ченемдерине ылайык келишин макулдашууга, аяктаган курулуш объекттерин кабыл алууга катышуу;

- Талас шаарынын мэриясынын суроо-талабы боюнча курууга уруксат берилгенге чейин атайын макулдашуу, Эрежелерден четтөө маселелери боюнча корутундуларды берүү;

- укуктук зоналарга бөлүү картасын жүргүзүү жана ага бекитилген толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- Эрежелерде жана бекитилген шаар куруу документтеринде камтылган маалыматтарды кызыкдар адамдарга берүү;

- курулуп, реконструкцияланып жаткан объекттердин (менчигинин түрүнө жана финансылоо булагына карабастан) бекитилген долбоордук документтердин курулушуна ылайык келишин жана курулуштун, реконструкциялоонун уюштуруу-укуктук тартибинин сакталышын текшерүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттер.

2. Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине баш ийген (мындан ары текст боюнча - Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы) аймактык мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат жана өз ишин ушул Эрежелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде ишке ашырат.

Талас шаарында ушул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу маселелери боюнча Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы:

- Талас шаарынын мэриясынын жана Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын суроо-талабы боюнча атайын макулдашууларга, башка маселелерге карата ага корутунду берет;

- жер саясатын жана жер реформалары программаларын жүргүзүүнү ишке ашырат, анын ичинде Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш киргизүү аркылуу;

- мамлекеттик жер кадастрын жүргүзөт, жер участокторунун менчик ээлери тарабынан берилген материалдардын жана документтердин аныктыгын, алардын укуктуулугун, жер участогунун аянтын, белгиленген чектери менен участоктун планын, кыймылсыз мүлккө баа берүү датасын жана натыйжаларын, сервитуттардын, башка оорчулуктардын болушун, башка адамдардын мүлктүк укуктарын, жер участогунун чегинин жана аянтынын натуралай түрдө юридикалык документтерге шайкеш келишин текшерет, жерлерге мониторинг жүргүзөт;

- тооруктарда берүү үчүн жер участокторунун тизмесин макулдашат;

- тооруктарды (аукциондорду, конкурстарды) өткөрүү жана жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укуктарды берүүнүн башка ыкмалары үчүн документтерди даярдоого катышат;

- жеке жана юридикалык жактарга укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздейт жана берет;

- жер участокторун берүү жана алый коюу жөнүндө чечимдерди макулдашат;

- жерлердин колдонулушун жана сакталышын контролдойт;

- мыйзамдарга ылайык башка функцияларды ишке ашырат.

3. Бул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу маселелери боюнча башка органдар

-санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, өрткө каршы көзөмөл органдары, курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы жана башкалар мыйзамдарга, ушул Эрежелерге ылайык жана ушул органдар жөнүндө жоболордун негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого катышат.

1.4-глава. Жер участокторун кыймылсыз мүлк объекттери катары түзүү жана аларды

жеке жана юридикалык жактарга берүү процессии уюштуруу

Бул глава жер участокторун муниципалдык менчикте турган жана жер жүгүртүүгө тартуу үчүн даярдалуучу кыймылсыз мүлк объекттери катары түзүү процессии уюштуруунун шарттарын жана жалпы принциптерин, ошондой эле түзүлгөн жер участокторун менчик же ижара укугунда жеке жана юридикалык жактарга Талас шаарынын мэриясы жана Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан берүү тартибинин негиздерин аныктайт. 10-берене Жер участокторду түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби

1. Менчик же ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет. Жер участок төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:

- жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);

- жер участоктун чек аралары аныкталган;

- жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар;

- ал жер участок боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;

- ал жер участокто турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (эгер алар бар болсо).

2. Менчик же ижара укугун берүү үчүн жер участокторун түзүү ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ишке ашырылат.

3. Тоорукта жер участокко укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына арыз менен кайрылышат.

Арызда булар көрсөтүлөт:

- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);

- жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);

- инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер участок тандалат жана түзүлөт.

4. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.

Арызда булар көрсөтүлөт:

- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);

- жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);

- участоктун аянты жана турган жери;

- козголбос мүлк объекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);

- Арызга булар тиркелет: жер участокко жана козголбос мүлктүн объектисине (имаратка жана курулмага) укукту күбөлөндүрүүчү документтердин копиялары.

5. Ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет.

6. Ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы өз демилгеси боюнча жер арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жер участогун түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.

Ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин көрсөтүү каралат.

7. эгер укук берилип жаткан жер участок мурда түзүлгөн болсо жер участокту кайрадан түзүү талап кылынбайт.

8. Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндөн ичинде аныктайт.

Билдирилген ниеттер ылайык эместиги аныкталса Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.

9. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:

- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;

- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.

10. Жер участокторун түзүү боюнча иштин стадиясында Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.

Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер участоктун схемасынын копиясы менен кошо буларга суроо жиберет:

- жергиликтүү каттоо органына, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участоктордун менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;

- электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга, баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;

- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына, тийиштүү корутунду алуу үчүн;

- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);

- өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).

Эгер жер участокко укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер участокту ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.

11. Инженердик-техникалык кызматтар баштапкы техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү корутундуну Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгына 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.

Баштапкы техникалык шартта инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максимум жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженерлик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын корутундуларында курулуш куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды аткаруу боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт. Инженерлик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу тооруктун катышуучусу же жер участокту түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участокко укукту берүүгө тоскоол болбойт.

11. Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе ш Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет.

12. Эгер жер участок менчикке берилип жатса, анда жер участокко менчик укугу менен кошо ал жер участокто жайгашкан башка козголбос мүлк объекттерине, анын ичинде бак-дарактарга да менчик укугу менчик ээсине өтөт.

Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербесе, анда бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ал жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттарын аныктайт. Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам тыюу салбаса, бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган андай өсүмдүктөрдүн баасын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт. Мындай учурда бак-дарактарды кыюуга же көчүрүүгө уруксат документтерди кайрадан макулдашуу же алуу талап кылынбайт.

13. Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы алынган материалдардын негизинде 7 иш күндүн ичинде белгиленген формада Жер участоктун планын тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт.

Жер участоктун планы төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) жер участоктун топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:

- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;

- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;

- инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоорлук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженерлик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;

- курулуш курулчу линиялар, кызыл, сары линиялар;

- сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;

- участокко баруучу жолдун уюштурулушу;

- транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).

б) Текст материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жана Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер участокторду уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.

Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:

- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;

- курулуштардын жер участоктордун чегинен минимум аралыктары;

- курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;

- участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана проценти.

Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо Жер участоктун планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:

- курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;

- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.

Участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:

- абаттоо жана фасаддар боюнча талаптар;

- транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана участокко баруучу жолдорду көрсөтүү менен;

- инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);

в) объектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;

г) ушул эреженин тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.

Жер участоктун планына архитектуранын жана курулуштун аймактык органынын жетекчиси кол коет. Жер участоктун планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө Планга тийиштүү жазуу жазылат.

14. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма берилген күндөн баштап 25 иш күн.

15. Ушул эреженин өзгөчө шартында каралган учурларда жер участокту түзүү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электри бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо. Жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе. Жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта. Жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо.

16. Төмөнкүдөй учурларда жер участокко укукту берүүгө болбойт, эгерде:

- жер участок ушул эрежеге ылайык түзүлбөсө;

- Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу болсо, же жергиликтүү каттоо органы жер участокту берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.

17. Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тооруктун жеңүүчүсү же жер участоктун түз сатып алуучусу жеке жана юридикалык жак менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.

18. Талас шаарынын чегиндеги жер участогуна менчик же ижара укугун берүү боюнча процессти төмөндөгүлөр демилгелей алат:

-Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Талас шаарынын муницпалдык менчик башкармалыгы; -мамлекеттик органдар; -жеке жана юридикалык жактар;

19. Эгерде жер участогуна менчик же ижара укугун берүү боюнча процессти Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Талас шаарынын муницпалдык менчик башкармалыгы, жеке жана юридикалык жактар демилгелесе, белгиленген жер участогу торукка коюлган жер участоктордун катарына ушул ст 3-пунктунан тышкары учурда киргизилет.

Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Талас шаарынын муницпалдык менчик башкармалыгы, жеке жана юридикалык жактар демилгелеси боюнча жер участогун түзүүдө даярдалган иштерге Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 11-берене Тооруктарды жана туз сатууларды өткөрүүнүн тартиби

1. Жер участокторго менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:

2 Тоорукка коюлчу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.

3. Тоорукта объекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.

4. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна буларды берет:

- тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;

- талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;

- талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;

- адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;

- гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.

Жер участокко менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкөлүк эмес экенин ырастаган документти кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин копиясы, акционерлердин реестринен көчүрмө ж.у.с).

5. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган берилүүчү жер участоктун старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.

6. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.

7. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.

Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 5 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:

- тоорукта утпаган катышуучуга;

- эгер тоорук болбой калса;

- тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.

8. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапкерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.

9. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:

- арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;

- арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;

- ушул берененин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.

Документтерди кабыл алуудан баш тартуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.

10. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;

- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты информациялык пакетти алуу жолу менен алууга;

- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;

- тооруктун предметин кароого;

- комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын копияларын алууга;

- тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.

11. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.

12. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.

13. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.

14. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.

15. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.

16. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:

Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет. Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет. Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет. Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет. Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш. Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат. Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 20 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.

17. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:

Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат. Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн. Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат. Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат. Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат. Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу. Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт. Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.

18. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:

Түз сатууну комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш күндүн ичинде ушул эрежеге ылайык өткөрөт. Ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде ушул эрежеге ылайык арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгө милдеттүү. Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү жер участоктун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат. Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия жер участоктун баасын баалоо наркынын 20 процентинин чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу. Арыз ээси жер участокту алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу. 12-берене Жер участокторуна укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары

1. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:

а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электри бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;

б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;

в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;

г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо.

2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.

13-берене Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби

1. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.

2. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер участокту түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.

3. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:

- тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (турган ордун, аянты);

- тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер участокту түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;

- тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;

- тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;

- ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.

Тооруктун же түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы кол коюлган күндөн кийип 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.

4. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.

Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.

5. Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тооруктун жеңүүчүсү же жер участоктун түз сатып алуучусу менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.

6. Жер участок үчүн акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен төлөнсө болот. Накта акчалай төлөнгөн учурда акы ыйгарым укуктуу органдын кассасына төгүлөт.

7. Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Жер участокко менчик же ижара укугу козгобос мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.

8. Жер участоктун схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.

14-берене Акча каражаттарды бөлүштүрүү

1. Жер участокторду тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 проценти ушул эрежеде көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга жумшалат.

2. Жер участокторду менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын жана курулуштун, мамлекеттик каттоо органынын, көз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган көтөрөт.

1.5-глава Жер участокторуна укуктардын токтотулушу. Сервитуттарды белгилөө

Бул глава жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк объекттерин алын коюу жана мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук керектөөлөрдү камсыз кылуу менен байланышкан учурларда сервитуттарды белгилөө тартибин баяндайт.

15-берене Мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктары үчүн жер участогун алып коюнун тартиби, негиздери жана шартары, токтотулушу.

1. Мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу) ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу макул болбогон учурда, ыйгарым укуктуу орган баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирбестен жер участогун акысыз алып коюу (сатып алуу) тууралу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

2. Мында жер участогун алып коюу (сатып алуу) жөнүндө соттун чечими чыкканга чейин жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнө таандык болгон жер участогун анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылуучу зарыл сарптоолорго барууга укуктуу. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу көрсөтүлгөн мезгилде жаңы курулуш, имараттарды жана курулуш жайларды кеңейтүү же реконструкциялоо менен байланышкан сарптоолорду жана чыгашаларды тартып калуу тобокелин көтөрөт.

3. Жер участогуна укукту сатып алуу баасын аныктоодо ага жер участогуна болгон укуктун жана жер участогундагы имараттардын жана курулуш жайлардын рыноктук наркы, ошондой эле жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу үчүнчү жактын алдында милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда токтотууга байланыштуу тарткан чыгашасын кошкондо, жер участогуна укугунан ажырагандыгына байланыштуу ага келтирилип жаткан бардык чыгымдар киргизилет.

4. Мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюуда, жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен макулдашуу боюнча ага башка жер участогу пайдаланууга берилиши мүмкүн, мында жер участогуна болгон укуктун наркы сатып алуу баасына кошулуп эсептелет.

16-берене Сервитутту белгилөө

1. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарылчылыгына жараша ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлаган сервитут) белгилениши мүмкүн.

2. Жер участогуна сервитут белгилөө жер участогунун менчик ээсин же жерди пайдалануучуну ага таандык жер участогуна болгон укугун пайдалануу жана ээлик кылуу укугунан ажырата албайт.

1.6-глава. Кыймылсыз мүлктү куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөр

Бул глава кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар адамдардын ал объекттерди куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жасоо тартибин жөнгө салуучу жоболорду камтыйт.

17-берене. Кыймылсыз мүлк курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө укук жана аны ишке ашыруу үчүн негиз

1. Жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жасоо укугуна ээ.

2. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн уруксат берүүчү документтерди толук көлөмдө алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

а) капиталдык объекттерди куруу;

б) объектти көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, профилин өзгөртүү жана кайра пландоо.

3. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

а) эки кабаттан ашык эмес, аянты 300 кв.м ашпаган жеке менчик турак үйлөрдү куруу;

б) айыл чарбалык арналыштагы, бийиктиги 5 м чейин, аянты 100 кв.м ашпаган бир кабаттуу турак эмес жай куруу.

в) аянты 50 кв.м чейинки көмөкчү чарбалык арналыштагы курулманы куруу;

г) 100 кв.м чейинки бир кабат турак эмес жай куруу;

д) объектти көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин өзгөртпөстөн профилин өзгөртүү жана кайра пландоо.

4. Жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотууга жана жайгаштырууга, чакан архитектуралык формадагы объекттерди, анын ичинде жарнамалык курулмаларды орнотууга уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталат.

5. Уруксат берүүчү документтердин алынышы талап кылынбаган курулуштун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо жумуштары, анын ичинде капиталдык оңдоо;

- жеке менчик турак үйлөрдө верандаларды жана башка турак эмес жайларды куруу, чарбалык арналыштагы объекттерди куруу.

18-берене. Уруксат документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар

1. Объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүүгө байланышкан жол-жоболорду, ошондой долбоордук документтерди макулдашууну аймактык Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы шаар куруу документтерине жана ушул эрежеге (укуктук зоналарга бөлүү) ылайык жүргүзөт.

2. Долбоордук документтерди экспертизалоого байланышкан жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик экспертиза башкармалыгы жана анын аймактык органдары, ошондой эле белгиленген тартипте аккредиттелген эксперттик уюмдар жүргүзүшөт.

3. Курулушка уруксат ушул Эрежелерде белгиленген тартипте архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органдары тарабынан берилет.

4. Объекттини эксплуатацияга кабыл алуу мамлекеттик архитектура органдары тарабынан ишке ашырылат.

19-берене. Долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди алуунун негизги этаптары жана мөөнөттөрү

1. Долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эки этап менен берет

Биринчи этап - архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүү; Экинчи этап - долбоордук документтерди макулдашуу, экспертизалоо жана курулушка макулдук берүү.

2. Ар бир этап ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат:

Биринчи этап: - 20 иш күн; Экинчи этап - 40 иш күн.

3. Биринчи этапта Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы архитектуралык-пландаштыруу шарттарын аныктайт (мындан ары - АПШ), ага ылайык долбоордук документтер даярдалат да, ал андан кийин макулдашууга берилүүгө тийиш.

Экинчи этапта Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы долбоордук документтердин архитектуралык-пландаштыруу шарттарына жана шаар куруу регламенттерине шайкештигин аныктайт жана экспертиза жүргүзүү жана корутунду алуу үчүн долбоордук документтерди экспертиза бөлүмүнө жиберет. Оң корутунду алынгандан кийин долбоордук документтер тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарына курулушка уруксат берүү үчүн жиберилет.

4. Уруксат берүүчү документтерди алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби төмөнкүдөй айрым этаптардан жана жол-жоболордон өтүүнү карайт:

а) 2.3-пунктта "а", "б", "в", "г", пунктчаларында) каралган курулуш объекттери жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүлөр үчүн биринчи этапта объекти долбоорлоого инженердик-техникалык шарттарды (мындан ары - ИТШ) алуу жана экинчи этапта курулушка уруксат алуу менен долбоордук документтерди макулдашуу талап кылынат.

б) көлөмдүк-пландаштыруу жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүүсүз кайра профилдештирүү жана кайра пландаштыруу объекттери үчүн оң корутундунун жана кыскартылган көлөмдө (пландаштыруу схемасы) бекитилген долбоордук документтин негизинде Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан берилүүчү кайра профилдештирүүгө жана кайра пландаштырууга уруксат алуу талап кылынат.

5. Ушул эрежеден каралгандардан тышкары кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө башка уруксат документтерин алуу талап кылынбайт.

20-берене. Долбоордук документтерди макулдашуу

1. Иштелип чыккан долбоордук документтер Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгында макулдашылууга тийиш.

2. Долбоордук документтерди макулдашуу төмөнкү предметке ишке ашырылат:

- АПШнын шарттарына жана талаптарына шайкеш келүү;

- долбоордук документтин шаар курулуш регламенттерине жана шаар курулуш документтеринде жана куруу жана пайдалануу эрежелеринде белгиленген башка талаптарга шайкеш келүү;

- өрткө каршы, санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарга шайкеш келүү.

3. Арыз ээси Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгына белгиленген формадагы бирдиктүү арызын берет.

Бирдиктүү арыздын формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.

4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

а) долбоордук документтер; мамлекеттик жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн долбоордук-сметалык документтер эки нускада берилет;

б) инженердик-геологиялык корутунду (экспертиза жүргүзүү үчүн);

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анын филиалдарынын же болбосо объектти реконструкциялоо, кайра профилдештирүү же кайра пландаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик текшерүү жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардын (курулушка уруксат үчүн) оң корутундусу.

Ушул пунктта каралгандардан тышкары башка документтерди берүү талабына жол берилбейт.

5. Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ушул берененин 4-пунктунда каралган документтердин толук пакети менен арызды кабыл алат жана арыз ээсине арызды кабыл алууну ырастоочу талон берет.

6. Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы арыз түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө долбоордук документтин белгиленген талаптарына шайкеш келишин текшерүүгө жана арыз ээсине милдеттүү түрдө кабарлоо менен долбоордук документти макулдашуу жөнүндө чечим же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө негизделген чечим (буйрук) кабыл алууга милдеттүү.

7. АПШ берүүдө биринчи этапта берилген техникалык шарттарга жана талаптарга шайкеш келишине ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар менен долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрүн макулдашуу талап кылынбайт.

Долбоордук документтерге коюлуучу өрткө каршы санитардык-гигиеналык жана башка шаар курулуш талаптарын сактоо боюнча жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана башкы инженерине жүктөлөт.

8. Долбоордук документтерди макулдашуу Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисинин койгон колу менен күбөлөндүрүлөт жана долбоордук документке коюлган мөөр менен тастыкталат.

9. АПШнын шаар курулуш регламенттерине жана талаптарына долбоордук документтин ылайык келбеши, ошондой эле долбоордук документтин укукту ырастоочу документтин курамындагы жер участогунун схемасына ылайык келбеши долбоордук документти макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

10. Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы долбоордук документте макулдашкан датадан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен арызды жана арыз ээсинин долбоордук документин мамлекеттик экспертизанын аймактык органына мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө эки нускада берилген документтер менен чогуу жиберет. Долбоордук документтерин милдеттүү экспертизалоо талап кылынбаган объекттер боюнча Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгы документтердин жогоруда айтылган тизмесин жана макулдашылган долбоордук документтерди объектти курууга уруксат берүү үчүн мамлекеттик архитектура органдарына жиберет.

21-берене. Долбоордук документтерди экспертизалоо

1. Долбоордук документтерди экспертизалоо предмети анын шайкештигине баа берүү болуп саналат:

- АПШнын долбоордук чечимдеринин долбоорлоого (долбоордун заказчысы менен иштеп чыгуучусунун ортосунда) жана шаар курулуш документтерине тапшырмага дал келишине;

- кабыл алынган көлөмдүк-пландаштыруу конструктивдик чечимдерин, колдонулуучу материалдардын жана инженердик жабдуулардын негиздүүлүгүнө, имараттардын жана курулмалардын тургузулуучу курулуш конструкцияларынын ишенимдүүлүгүнө жана бекемдигине;

- инженердик-геологиялык табылгалардын натыйжаларына ылайык келишине;

- көрсөткүчтөрдүн, анын ичинде курулуштун эсептик же сметалык наркынын негиздүүлүгүнө жана тууралыгына (мамлекеттик жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн гана).

2. Долбоордук документтерди экспертизалоо милдеттүү же ыктыярдуу болушу мүмкүн:

а) долбоордук документтерди жана инженердик табылгаларды милдеттүү экспертизалоо коомдук багыттагы объекттерге, турак жай-жарандык, өнөр жайлык жана курорттук-рекреациялык курулуш объекттерине, ошондой эле инженердик тармактарга жана курулмаларга карата жүргүзүлөт.

Республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылануучу объекттердин долбоордук-сметалык документтери мамлекеттик экспертиза органдары тарабынан милдеттүү өтүүгө тийиш жана экспертиза, ошондой эле курулуштун сметалык наркы колдонуудагы нормативдик документтерине ылайык келүү предметине да жүргүзүлөт;

б) ушул Эрежелерде каралган объекттердин башка категорияларына карата ыктыярдуу экспертиза арыз ээсинин демилгеси боюнча мамлекеттик экспертиза органдары, ошондой эле белгиленген тартипте берилген тиешелүү лицензиясы бар уюмдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Объекттердин төмөнкүдөй категориялары үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт:

- 300 кв.м ашпаган аянттагы эки кабаттан ашпаган жеке турак үйлөрдү куруу;

- бийиктиги 5 м чейин, аянты 100 кв.м ашпаган айыл чарба багытындагы бир кабаттуу турак эмес жайларды куруу;

- 50 кв.м ашпаган аянттагы көмөкчү чарбалык багыттагы курулмаларды куруу;

- 100 кв.м чейинки турак жайлык эмес бир кабаттуу жайлар;

- куруу типтүү же кайрадан колдонулуучу жеке долбоорлор боюнча аткаруу болжолдонгон объекттер үчүн имараттарды бир курулуш аянтчасында жайгаштыруу шартында, алардын конструктивдүү жана көлөмдүк пландаштыруу чечилиштерин, башкы планын жана инженердик тармактарын өзгөртүүсүз шартта.

Эскертүү: имаратты жайгаштыруу шарттарын, конструктивдүү жана көлөмдүк-пландаштыруу чечилиштерин, башкы планын жана инженердик тармактарын өзгөрткөн учурда типтүү долбоор милдеттүү экспертизалоого берилүүгө тийиш. Мында өзгөртүү киргизилген долбоордук документтердин бөлүмдөрү экспертизалоо предмети болуп саналат.

4. Экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү объекттердин өлчөмү жана татаалдыгына жараша белгиленет жана 20 жумушчу күндөн ашпоого тийиш:

- ири (1000 кв.м ашуун) - 20 жумушчу күнгө чейин;

- орто (300дөн ашуун, 1000 кв.м чейин) - 10 жумушчу күнгө чейин;

- чакан (50дөн 300 кв.м чейин) - 7 жумушчу күнгө чейин.

Айрым учурларда ири объекттердин долбоордук документтерин кароодо көрсөтүлгөн мөөнөт арыз ээсине жазуу жүзүндө сөзсүз кабарлоо менен 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

5. Ушул Эреженин 19-беренсинде белгиленген мөөнөттө долбоордук документтердин жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасы боюнча долбоордук документтер белгиленген форма боюнча нормативдик талаптарга ылайык келиши жөнүндө корутунду түзүлөт.

Экспертизанын корутундусунун формасы Мамлекеттик архитектура органдарынын буйругу менен бекитилет.

6. Кабыл алынган долбоордук чечимдер боюнча нормативдик талаптарга ылайык экспертизага сын-пикирлер жана сунуштар болсо конкреттүү кемчиликтерди же болбосо объекттин долбоордук-техникалык чечилиштерин бекитүүдө экспертизадан баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен долбоордук документтерди жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө корутунду түзүлөт.

Экспертиза жүргүзүү процессинде мамлекеттик экспертиза органы аныкталган сын-пикирлерди жана укук бузууларды жумушчу тартибинде четтетүү үчүн долбоорду иштеп чыгуучуну ишке тартууга укуктуу.

7. Долбоордук документтерди жеткире иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу корутунду түзүү учурунда арыз ээси долбоордук документтерди корутундуда баяндалган сын-пикирлер менен сунуштарды эске алуу менен кайрадан экспертиза берүүгө милдеттүү.

8. Мурдагы экспертиза жүргүзүүдө аныкталган сын-пикирлерди четтетүү бөлүгүндө кайталап экспертиза жүргүзүү материалдар түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.

9. Экспертизанын оң корутундусу мамлекеттик экспертиза башкармалыгынын аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет, мөөр менен тастыкталат жана бекитилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарына жиберилет.

Көз карандысыз эксперт жүргүзгөн экспертизанын корутундусу кол коюу жана мөөрү менен тастыкталат жана арыз ээсине берилет. Эскертүү: белгиленген тартипте макулдашуудан жана (же) экспертизадан өткөн долбоордук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө арыз ээси долбоордук документтерди макулдашууга жана (же) экспертизага кайталап берүүгө милдеттүү. Мында өзгөртүү киргизилген долбоордук документтердин бөлүмдөрү гана макулдашуу жана (же) экспертизалоо предмети болуп саналат.

10. Экспертиза жүргүзүү акы төлөтүүчү негизде ишке ашырылат, анын наркы "Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы N 637 токтому менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча белгиленет.

22-берене. Курулуш курууга уруксат берүү

1. Курулуш курууга уруксат алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарына төмөнкүдөй документтер берилет:

а) белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген долбоордук документтер жана долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүнүн оң корутундусу;

2. Объекттерди реконструкциялоодо, профилин өзгөртүүдө жана кайра пландоодо (көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен) курулуш курууга уруксат алуу үчүн ушул берененин 1-пунктунда каралган документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анын филиалдарынын же объектти реконструкциялоого мүмкүнчүлүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик изилдөө жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардын оң корутундусу берилет.

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анан филиалдарынын же объектти реконструкциялоого мүмкүнчүлүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик изилдөө жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардын оң корутундусу.

3. Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары арыздын жана документтердин келип түшкөн күнүнөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде курулуш курууга белгиленген формада уруксат берүүгө милдеттүү.

Курулуш курууга уруксат берүүнүн формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Эскертүү: курулушка уруксатта объектти тийиштүү жоопкерчилик деңгээлиндеги лицензиялуу уюмдун куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт (иштин бул түрү лицензияланган учурда). Объекттин категориясына жараша курулуштун уруксатына тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын курулуштун аяктаган негизги этаптары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн графиги тиркелет жана ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Курулуштун уруксатын арыз ээсине берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары аны арызды кабыл алган Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жиберет.

4. Берилген документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары арыз ээсине милдеттүү түрдө билдирүү менен курулуш курууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө негизделген чечимди (буйрукту) 5 жумушчу күндүн ичинде кабыл алууга милдеттүү.

Бузуулар четтетилгенден кийин арыз берүүчү экинчи жолу кайрылган учурда курулуш курууга уруксат 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.

5. Уруксат арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө, объектти куруунун узактыгына жараша кийин жыл сайын мөөнөтүн узартуу менен берилет.

6. Уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн узартуу үчүн арыз берүүчү уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күн мурун мөөнөтүн узартуу зарылчылыгы жөнүндө арызы, негиздемеси жана курулуш курууга уруксатын (оригинал) тиркөө менен Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарына кайрылат.

7. Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары арызды алган учурдан тартып уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн 1 жылга узартуу жөнүндө чечимди, курулуш курууга уруксатка бул тууралуу Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын жетекчисинин же (ал жок болгон учурда) анын орун басарынын колу жана мөөрү менен ырасталган тиешелүү жазуу киргизүү аркылуу 3 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.

8. Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын курулуш курууга уруксатынын көчүрмөсү, ошондой эле долбоордук документтер, автордук көзөмөл журналы, жумуш өндүрүшүнүн журналы курулуш жүргүзүлүп жаткан жайда сакталышы керек жана тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын биринчи талабы боюнча берилиши керек.

9. Курулуш объектисине болгон менчик укукту башка адамга өткөрүп берүүдө, убактылуу токтотууда же объектти консервациялоодо арыз берүүчү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарына бул тууралуу билдириши керек.

10. Курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда белгиленген мөөнөттүн ичинде объектти курууга уруксат берилген деп эсептелет. Бул учурда тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары үч күндүн ичинде курулуш курууга уруксат бериши керек.

11. Курулуш курууга уруксат акысыз берилет.

12. Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуштун объекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик архитектура-курулуш, автордук жана техникалык көзөмөлгө алынууга тийиш.

23-берене. Объектти пайдаланууга кабыл алуу

1. Ушул Эрежелердин 2-пунктунун "д" пунктчасында каралган объекттерден тышкары курулуш аяктагандан кийин объект тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары тарабынан пайдаланууга кабыл алынышы керек.

2. Курулуш аяктагандан кийин объектти пайдаланууга кабыл алуу үчүн арыз берүүчү объекттин курулушу аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарына арыз жиберет.

3. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

а) курулушту аяктоо жана бардык этаптарды кабыл алуу жөнүндө ырастоочу актылар (автордук, техникалык көзөмөлдүн журналдары жана жумушту өндүрүү журналы);

б) аткаруучу-техникалык документтер (аткаруучу съемкалар, көмүскө жумуштардын актылары);

в) объектти тышкы тармактарга кошуу жөнүндө ырастоолор же бул объектти абонент тарабынан кабыл алуу жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар берген ырастоолор;

г) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;

д) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууну сыноо актылары.

4. Ушул берененин 3-пунктунда каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт. Өзгөчө учурларда гана тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын жетекчисинин чечими боюнча курулуш чөйрөсүндө техникалык регламенттердин талаптарына карама каршы келбеген башка документтер талап кылынышы мүмкүн.

5. Арыз берүүчү объекттерди пайдаланууга кабыл алуу үчүн берилген документтердеги маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө анын арызында тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

6. Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө чечим тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары тарабынан арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 жумушчу күндөн ичинде кабыл алынышы керек жана объектти белгиленген формада пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт түрүндө таризделет.

Актка арыз берүүчү, долбоордун автору, башкы подрядчы жана тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет жана ал тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акттын формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.

7. Эгер белгиленген мөөнөттүн ичинде объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын тиешелүү чечими кабыл алынбаса же объектти пайдаланууга кабыл алуудан баш тартылган учурда, объект пайдаланууга кабыл алынган деп эсептелет жана орган арыз ээсинин талабы боюнча үч күндүк мөөнөттүн ичинде Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө актты бериши керек.

8. Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдарынын жетекчиси тарабынан бекитилген Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт объектти пайдалануу жана кыймылсыз объектке болгон укукту мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп эсептелет.

9. Объектти пайдаланууга кабыл алуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

10. Тиешелүү мамлекеттик архитектура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эксплуатацияга кабыл алынган объекттер жөнүндө маалыматты, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун аймактык органына кыймылсыз мүлк объекттериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ай сайын жиберип турат.

1.7-глава. Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун башка ченемдери

24-берене. Шаар куруу документине карата эрежелердин колдонулушу

1. Бул Эрежелерди колдонууга киргизгенден кийин мурда бекитилген шаар куруу документтери Эрежелерге карма-капшы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

2.Талас шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенден кийин төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабыл алат:

- ушул Эрежелерди эске алып жана аларды өнүктүрүү үчүн мурда бекитилген башкы планды оңдоо же жаңысын иштеп чыгуу. Белгиленген тартипте бекитилген башкы план ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды андан ары даярдоо үчүн негиз болуп саналат;

- Эрежелер менен белгиленген шаар куруу регламенттери бөлүгүндө мурда бекитилген жана ишке ашырыла элек пландоо долбоорлорун Эрежелерге ылайык келтирүү;

- курулуш куруу жөнүндө жаңы шаар куруу документтерин иштеп чыгуу (пландоо, чек салуу, курулуш куруу долбоорлору), ал ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды андан ары даярдоо үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн (тиешелуу зоналарга карата регламенттик зоналардын чектерин, уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануу түрлөрүнүн тизмелерин, жер участокторунун өлчөмдөрүн жана уруксат берилген курулуштун чектик параметрлерин тактоо бөлүгүндө).

25-берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизи жана аны демилге кылуу укугу

1. Бул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп Талас шаардык кеңешинин тиешелүү чечими саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда болгон өзгөртүүлөрдү эсепке алуунун зарылдыгынан, ошондой эле Эрежелерге кошумча жоболорду (уруксат берилген курулуш параметрлерин, экологиялык шарттар боюнча кошумча шаар куруу регламенттерин ж.б.) киргизүү зарылдыгынан, бекитилген шаар куруу документтерди, тиешелүү сунуштарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча көрсөтүлүүчү сунуштарды Эрежелерде эсепке алуу зарылдыгынан кабыл алынат.

Регламенттик зоналардын жана шаар куруу регламенттеринин чектерин өзгөртүү бөлүгүндө ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болуп табыштама саналат, ал Эрежелер менен белгиленген чектөөлөр төмөнкүдөй болооруна негиздемени камтыйт:

- кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бербейт;

- кыймылсыз мүлк объекттеринин баасын ченемдеш эмес төмөндөтүүгө алып келет;

- конкреттүү аймакты өнүктүрүүнүн коомдук кызыкчылыгын ишке ашырууга тоскоолдук кылат же ушул кызыкчылыктарга зыян келтирет.

Бул Эрежелер Талас шаардык кеңешинин чечимдери менен башка мыйзамдуу негиздер боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.

2. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылуу укугуна Талас шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, жеке жана юридикалык жактар ээ.

Аталган укук Талас шаарынын мэриясына жиберилүүчү тиешелуу сунуштарды даярдоо аркылуу ишке ашырылат. Келип түшкөн сунуштар боюнча чечимдер ушул Эрежелердин 22-беренесинде каралган тартипте кабыл алынат.

26-берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын негиздөөнү, ошондой эле тиешелүү сунуштарды камтыган табыштама Талас шаарынын мэриясына жөнөтүлөт. Сунуштар Эрежелердин текстинин баяндалышына, кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуу түрүнүн тизмелерине, уруксат берилген курулуш параметрлерине, регламенттик зоналардын чектерине тиешелүү болушу мүмкүн.

Талас шаарынын мэриясы табыштаманы алгандан кийин ушул Эрежелердин 8-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө коомдук угууларды өткөрүүнү демилге кылат. Кызыкчылыгына зыян келтирилген кыймылсыз мүлк ээлери, ошондой эле курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар коомдук угууларга чакырылат. Аталган органдардын каралып жаткан маселе боюнча позициясы коомдук угуулар өткөрүлгөнгө чейин Талас шаарынын мэриясына берилүүчү жана бардык кызыкдар адамдар таанышып чыгуу үчүн жеткиликтүү болгон тиешелүү корутундуларда жазуу жүзүндө белгиленүүгө тийиш. Угууларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Талас шаарынын мэриясы коомдук угуулардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду Комиссияга жөнөтөт жана тиешелүү түрдө карап чыккандан кийин Талас шаардык кеңешине жиберет. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди Талас шаардык кеңеши кабыл алат.

2. Бул Эрежелердин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор жана өзгөртүүлөр Талас шаардык кеңешинин чечимине ылайык тиешелүү толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн текста расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк объекттерин, регламенттик зоналардын чектерин уруксат берилген колдонуу түрлөрүнө жана параметрлерине тиешелүү болгон Эрежелердин II бөлүгүнө толуктоолор жана өзгөртүүлөр Талас архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын оң корутундусу болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн.

27-берене. Эрежелерден четтөө

1. Кичинекей өлчөмдөгү, ыңгайсыз конфигурациядагы, жагымсыз инженердик-геологияльж мүнөздөмөсү жана участокторду ушул Эрежелерге ылайык колдонууга мүмкүндүк бербеген башка мүнөздөмөсү бар жер участокторунун ээлери Эрежелерден четтоо жөнүндө өтүнүч берет.

Эрежелерден четтөө болуп конкреттүү участок учун санкцияланган, уруксат берилген курулуштун чектик параметрлеринин - курулмалардын бийиктигинин, участокторду куруу пайызынын, курулмалардын участоктордун чектеринен чыгуусу саналат.

2. Тиешелүү табыштама Талас шаарынын мэриясына жөнөтүлөт жана Эрежелерден четтөө төмөнкүдөй болгондугуна негиздемени камтышы керек:

- жер участогун натыйжалуу колдонуу учун зарыл;

- кошуналардын укуктарын кемсинтпейт жана коомдук жана муниципалдык кызыкчылыктарга каршы келбейт;

- архитектуралык-курулуштук талаптар, эстетика, экология, өрт коопсуздугу талаптары боюнча жеткиликтуу жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге карама-каршы келбейт.

3. Талас шаарынын мэриясы коомдук угууларда келип түшкөн табыштамаларды кароону уюштурат, ага четтөө суралып жаткан объект менен кошуна жайгашкан кыймылсыз мулк объекттеринин ээлери, ошондой эле курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар чакырылат. Аталган органдардын каралып жаткан маселе боюнча позициясы коомдук угуулар өткөрүлгөнгө чейин Талас шаарынын мэриясына берилуучу жана бардык кызыкдар адамдар таанышып чыгуу үчүн жеткиликтуу болгон тиешелуу корутундуларда жазуу жүзүндө белгиленүүгө тийиш.

Талас шаарынын мэриясы коомдук угуулардын жыйынтыгы жана Комиссиянын сунушу боюнча четтөөгө уруксат берүү же Эрежелерден четтөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүнд чечим кабыл алат.

28-берене. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик Бул Эрежелерди бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

II. БӨЛҮК. КАРТОГРАФИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ШААР КУРУУ РЕГЛАМЕНТТЕРИ

2.1-бөлүм Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери

29- берене. Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы

30-берене. Зоналардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери

Укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген зоналардын тизмеси: Борбордук коомдук-ишкердик зоналар

1. Ц-1 - шаардын коомдук, комерциалык активдүү зонасы

2. Ц-2 – жергиликтүү маанидеги тейлөө жана комерциялык активдүү зонасы

3. Ц-3 - рыноктор (базарлар), дун соода зонасы

4. Ц-4 – транспорт байланыш боюнча ишкердүү комерциялык активдүү зонасы

5.Ц-5- өндүрүштүк жана коммуналдык зоналарындагы тейлөө жана коммерциялык активдүү зона

Турак-жай зоналары

6. Ж-1 - турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы

7. Ж-2 - шаардын борбордук бөлүгүндөгү турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы

8. Ж-3- аз кабаттуу квартира тибиндеги турак үйлөрдүн зонасы (2-3 кабатуу)

9.Ж-4 - көп квартиралуу турак үйлөрүнүн зонасы (4-5 жана андан көп кабаттуу)

Атайын зоналар

10. С-1 - чоң участогу бар саламаттык сактоо объектери

11. С-2 – чоң участогу бар билим берүү жана илим объектери

12.С-3 –чоң участогу бар дене-тарбия жана спорт объектери

13.С-4 -диний мекемелердин объектери

14.С-5- суу алуучу, тазалоочу резервуарлардын, насостук станцилардын, метиостанциялардын, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын зонасы

15.С-6- аэропорт зонасы

16. С-7-көрүстөндөр

Коммуналдык зоналар

17. К-1 –транспорттук ишканалардын, кампалуу ишканалардын, коммуналдык чарба жана (V кластагы) майда өндүрүштүк зоналар

18. К-2 транспорттук ишканалардын, кампалуу ишканалардын, коммуналдык чарба жана (IV кластагы) майда өндүрүштүк зоналар

Өнөр-жай зоналары

19. П-1 - III - класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк ишканалардын зонасы

Рекреациялык зоналар

20. Р-1 - шаардагы скверлердин жана бульварлардын зонасы

21. Р-2 - шаардагы парктар зонасы

22. Р-3 - рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы

23. Р-4- токой чарбасынын зонасы

24. Р-5- бакча чарбак чарбалар зонасы

Уруксат берилген колдонуудагы кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери:

Борбордук коомдук-ишкердик зоналар

Ц-1 - шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк зонасы Ц-1 шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк зонасы негизинен жалпы шаардык, облустук жана региондук маанидеги көбүнчө ишкердик (администрациялык, башкаруучу), коомдук, маданий багыттагы, коммерциялык жана коммуналдык тейлөө объекттерин, ошондой эле турак-жай багытындагы айрым объекттерди колдонуунун жана куруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- майда жана ири мүздүү малдарды кармоого мүмкүн болбогон жеке турак жай участоктру

- түрдүү кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөр, анын ичинде атайын типтеги квартиралар менен (аз бүлөлүүлөр үчүн, квартира-студиялар, экстара класстагы квартиралар);

- аралаш колдонуудагы көп квартиралуу имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык багыттагы объекттерди жайгаштыруу менен;

- офистик имараттар жана жайлар - түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын администрациясы жана конторалары;

- илимий, долбоордук жана конструкцияльк уюмдар;

- жогорку, атайын орто окуу жайларды өтө чоң эмес жер участокторунда жайгаштыруу үчүн

- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү,

- туристтерди тейлоо борборлору, туристтик агенттиктер;

- дүкөндөр, тейлоо комплекстери

- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар, барлар, ресторандар);

- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;

- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, чач тарачтар жана башка тейлөө объекттери;

- банктар, банктардын бөлүмдөрү, акча алмаштыруу жайлары;

- басмалар жана редакциялык офистер

- жарнамалык агентикттер

- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);

- юридикалык мекемелер: адвокаттык жана нотариалдык конторалар, юридикалык консультация, соттор;

- калкка психологиялык консультация берүү борборлору: "үй-бүлө жана нике", "өспүрүмдөрдүн проблемалары" ж.б.

- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;

- уюлдук жана пейджер байланыш кызматын көрсөтүүчү фирмалар;

- калкты сервистик тейлөө боюнча транспорттук агенттиктер: билеттерди сатуу боюнча кассалар, менеджер кызмат көрсөтүүлөрү ж.б.;

- телевизиондук жана радио студиялар;

- музейлер, көргөзмө залдар, көркөм салондор;

- театрлар, концерттик залдар

- китепканалар, архивдер, маалыматтык борборлор,

- бийлоо залдары, дискотекалар;

- кинотеатрлар, видео салондор;

- спорт залдар (бассейни бар же жок), бассейндер, спорттук клубдар жана теннистик корттор (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына болүү);

- клубдар, маектешүү жана бош убакытты өткөрүү борборлору, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар;

- фотосалондор;

- дарыканалар;

- чоң эмес жер участокторуна жайгаштырылган поликлиналар, консультациялык поликлиникалар;

- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;

- милициянын аймактыктык пункттары;

- аллеялар, скверлер, бульварлар, башка бак-дарак участоктору.

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- жер астындагы жана имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;

- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер.

Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- жатаканалар

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- чакан базарлар (аянты 500 кв.м чейин);

- коомдук дааратканалар;

- казинолор, бильярд ойноочу жайлар;

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.

- өзүнчө жер участокторундагы гараждар жана авто токтотуучу жайлар;

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);

- автоунаа жуучу жай;

- авто тейлөөчү жай,

Ц-2 - жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк зонасы Ц-2 жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк зонасы калктын күнүмдүк жана мезгилдүү муктаждыктарын канааттандырууга багытталган коммерциялык жана тейлөөчү функциялардын кеңири спектри менен шаардын райондорунун жана чакан райондорунун жергиликтүү (локалдуу) коомдук борборлорун түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- санитардык жана өрткө каршы ченемдерге ылайык ынак коңшулук принциптерин бузбастан, үй жаныбарларын кармабастан, кызмат көрсөтүү, соода жана башка жеке эмгекти ишке ашыруу мүмкүндүгү менен участогу бар жеке турак үйлөр;

- көп квартиралуу кичине кабатуу турак үйлөр

- аралаш колдонуудагы имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык багыттагы объекттерди жайгаштыруу менен;

- меймаканалар, конок тосуу үйлөр жана туристтерди тейлөө борборлору;

- дүкөндөр, соода комплекстери, (соода аянты 400 кв.м чейинки);

- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар, барлар, ресторандар);

- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;

- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, чач тарачтар жана башка тейлөө объекттери;

- түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын офистери, конторалары;

- банктар, банктардын бөлүмдөрү;

- нотариалдык кеңселер жана башка юридикалык мекемелер

- калкка сервистик кызматтарды көрсөтүү боюнча транспорттук агенттиктер; билеттерди сатуу, менеджердик кызмат көрсөтүү ж.б.

- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);

- көргөзмө залдары

- китепканалар

- бийлоо залдары,дикотекалар

- бильярд ойноочу жайлар;

- видео салондор жана кинотеатрлар

- бейтапканалар жана консултациялар;

- дарыканалар

- спорт залдар (бассейни бар же жок), бассейндер, спорттук клубдарды жер участокторуна жайгаштыруу менен

- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;

- көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы клубдар, маектешүү жана бош убакытты өткөрүү борборлору ;

- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, телефон жана телеграф станциялары;

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- аллеялар, жашьлдандыруу участоктору.

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;

- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- эшиктин алдындагы аянтчалар: балдардын, спорттук, чарбалык, эс алуу үчүн;

- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар.

Бул Эрежелердин 8,17 -беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- бодо малды кармоо менен (жайюга мүмкүнчүлүгү жок) участогу бар жеке турак үйлөр;

- жатаканалар

-ачык жана жабык базарлар (600 кв.м чейинки)

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- мончолор,

- коомдук дааратканалар;

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.

- өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жерлер жана жер үстүндөгү гараждар;

- өрттөн сактоо объекттери;

- автоунаа жуучу жай;

- авто тейлөөчү жай,

Ц-3 – Базарлар (рыноктор) дүн соода зонасы Ц-3 базарлар (рыноктор) жана дүң соода зонасы калктын күнүмдүк, мезгилдүү жана эпизодиялык тейлөө товарларын жана азыктарын алуу муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жалпы шаардык жана региондук маанидеги көбүнчө багытындагы жана коммуналдык тейлөө объекттерин түзүүнүн, куруунун жана пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- ачык жана жабык рыноктор;

- дүкөндөр, соода комплекстери, соода үйлөрүнүн филиалдары;

- товарлардын көргөзмөсү;

- коомдук тамактануу ишканалары (чайханалар, ашканалар, кафелер, закусочныйлар, барлар, ресторандар);

- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, чач тарачтар, бут кийим тигүү жана жасоо чеберканалары башка тейлөө объекттери

- жеке заказ боюнча майда-чүйдө буюмдарды жасоо боюнча чеберканалар;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- продукциянын сапатын текшерүү боюнча лабораториялар;

- сактоо камералары, товарларды кампалоо үчүн башка жайлар;

- муздатуучу камералар;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары.

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- рынокту эксплуатациялоо менен байланышкан административдик объекттилер офисттер;

- маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору, радио түйүндөр;

- тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- базарды эксплуатациялоо менен байланышкан инжинердик-техникалык жайлар

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы көлмөлөр);

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары

- жашылдандыруу участоктору.

- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлөө борборлору;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары, дарыкана пункттары;

- уюлдук жана пейджер байланыш кызматын көрсөтүүчү фирмалар;

- мончолор, сауналар, душ үйлөрү;

- аттракцион, оюн автоматтары жана бильярд залдары;

- фотосалондор

- билеттерди сатуу жана башка сервистик кызматтарды көрсөтүү боюнча транспорттук агенттиктер жана менеджердик кызматтар ж.б.

Бул Эрежелердин 8-17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- "с колес" дүң соодасы;

- казино

- банктар,банктардын бөлүмдөрү, акча алмаштыруу пункттары;

- бильярд ойноочу жайлар, видео салондор жана башка көңүл ачуучу мекемелер;

- коомдук дааратканалар;

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- дарыканалар;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары,

- соода сатык жана тейлөө көрсөткөн объектилердин алдына коноктук автоунаа токтоочу жайлар

- жер астындагы жана имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;

- кир жуучу жайлардын кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;

- экинчи сырену кабыл алуу пункттары;

- көп кабаттуу гараждар жана авто токтотуучу жайлар, жер үстүндөгү гараждар жана өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жайлар;

- автоунаа жуучу жай;

- авто тейлөөчү жай,

Ц-4 - транспорт байланышын тейлөө боюнча ишкердүү комерциялык активдүү зона Ц-4 шаардын администрациялык борборунун зонасы негизинен жалпы шаардык, облустук жана региондук маанидеги ишкердик (администрациялык, башкаруучу), коомдук, маданий багыттагы жана коммуналдык тейлөө объекттерин, ошондой эле коммерциялык багыттагы объекттерди жайгаштырууга уруксат албастан турак-жай багытындагы айрым объекттерди колдонуунун жана куруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- аралаш колдонуудагы көп квартиралуу имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык багыттагы объекттерди жайгаштыруу менен;

- ар түрдүү кабаттагы көп квартиралуу турак үйлөр, анын ичинде атайын типтеги квартиралар менен (аз бүлөлүүлөр үчүн, квартира-студиялар);

- офистик имараттар жана жайлар - түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын администрациясы жана конторалары;

- илимий, долбоордук жана конструкциялык уюмдар;

- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлөө борборлору, туристтик агенттиктер;

- музейлер, көргөзмө залдар, сүрөт жана көркөм галереялар, көркөм салондор;

- бийлөө залдары, дискотекалар;

- залдар, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы клубдар;

- кинотеатрлар, видео салондор;

- театрлар, концерттик залдар;

- китепканалар, архивдер, маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору;

- аттракцион жана оюн автоматтары залдары;

- дүкөндөр, соода комплекстери, соода үйлөрү;

- тиричилик үйү;

- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар);

- басмалар жана редакциялык офистер;

- банктар, банктардын бөлүмдөрү;

- юридикалык мекемелер: адвокаттык жана нотариалдык конторалар, юридикалык консультация, соттор;

- Бакыт үйлөрү;

- уюлдук жана пейджер байланыш кызматын көрсөтүүчү фирмалар;

- калкка психологиялык консультация берүү борборлору: "уй-бүлө жана нике", "өспүрүмдөрдүн проблемалары" ж.б.

- жарнамалык агенттиктер;

- калкты сервистик тейлөө боюнча транспорттук агенттиктер: билеттерди сатуу боюнча кассалар, менеджер кызмат көрсөтүүлөр ж.б.;

- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;

- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);

- фотосалондор;

- анча чоң эмес жер участокторуна жайгаштырылган шартта жогорку окуу жайлар, атайын орто окуу жайлары (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);

- спорт залдар (бассейни бар же жок), бассейндер, спорттук клубдар жана теннистик корттор (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);

- клубдар, маектешүү жана бош убакытты өткөрүү борборлору, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар;

- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;

- телевизиондук жана радио студиялар;

- дарыканалар;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- консультациялык бейтапканалар;

- бейтапканалар;

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;

- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, бут кийим тигүү жана оңдоо чеберканалары, саат оңдоо боюнча чеберканалар, чач тарачтар жана башка тейлоо объекттери;

- коммерциялык эмес коммуналдык ишканалар;

- аллеялар, скверлер, бульварлар, башка жашыл бак-дарак участоктору.

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- жер астындагы жана имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;

- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер.

Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- көркөм-кол өнөрчүлүк чеберканалар;

- коомдук дааратканалар;

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);

- көп кабаттуу гараждар жана авто токтотуучу жайлар, жер үстүндөгү гараждар жана өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жайлар;

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.

- автоунаа жуучу жай;

- авто тейлөөчү жай,

Ц-5 – өндүрүштүк жана коммуналдык зоналарындагы тейлөө жана коммерциялык активдүү зона Ц-5 – өндүрүштүк жана коммуналдык зоналарындагы тейлөө жана коммерциялык активдүү зона, өнөр жай райондорундагы, өндүрүш базалары жайгашкан жерлердеги өндүрүштүк эмес багыттагы жана тейлөө борборлорундагы комерциялык курулуштарды түзүүдө укуктук шарттарын түзүүгө бөлүнгөн. Зонанын өзгөчөлүгү болуп, жергиликтүү жана шаардык маанидеги тейлөө жана коммерциялык объектилерин өндүрүштүк жана башка ишмердүүлүктү камсыз кылуу менен байланышкан ар кандай объектилердин айкалышы саналат. Кыймылсыз мүлктү колдонууга уруксат берилген негизги түрлөрү

- офис имараттары жана жайлар, администрациялар жана ар кандай мекемелердин имараттары, фирмалар, компаниялар;

- өндүрүштүк ишканалардын жасалгаларын дүң жана чекене сатуучу соода комплекстери, дүкөндөр;

- дүң базары;

- киосктор, лоттук соода , чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- сактоочу жайлар, кампалык багыттагы объектилердин ар тараптуу профили;

- коомдук тамактануу жайлары (ашкана, кафе, закусочныйлар, барлар, ресторандар)

- банктар, банктын түзүмдөрү, акча алмаштыруу пунктары;

- полиграфиялык кызмат көрсөтүү борборлору (ксерокөчүрмө, ламинация, брошурка ж.б.);

- юридикалык мекемелер; адвокаттык жана нотариалдык конторалар, соттор, юридикалык консультациялар;

- транспорттук агентстволор: калкка билет сатуучу кассалар, менеджерлик ж.б. кызматтар боюнча сервистик кызмат көрсөтүү;

- аптекалар;

- байланыш түйүндөрү: почта, шаар аралык сүйлөшүү түйүндөрү;

- учаткалык милиция түйүндөрү;

- аллея жана башка жашылдандыруучу учатскалар;

Пайдаланууга негизги уруксат берилген түрлөрү

- жер астындагы салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;

- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

Бул эрежелердин 8, 17-беренелериндег тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түлрөрү

- жатаканалар;

- коомдук дааратканалар;

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;

- жер астында салынган гараждар жана автоктоочу жайлар;

- өрттөн сактоо объектилер, гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы көлмөлөр.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- аралаш колдонуудагы көп квартиралуу имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлоочу жана коммерциялык багыттагы объекттерди жайгаштыруу менен;

- түрдүү кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөр, анын ичинде атайын типтеги квартиралар менен (аз бүлөлүүлөр үчүн, квартира-студиялар);

- офистик имараттар жана жайлар - түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын администрациясы жана конторалары;

- илимий, долбоордук жана конструкциялык уюмдар;

- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлөө борборлору, туристтик агенттиктер;

- музейлер, көргөзмө залдар, сүрөт жана көркөм галереялар, көркөм салондор;

- бийлөө залдары, дискотекалар;

- залдар, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы клубдар;

- кинотеатрлар, видео салондор;

- театрлар, концерттик залдар;

- китепканалар, архивдер, маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору;

- аттракцион жана оюн автоматтары залдары;

- дүкөндөр, соода комплекстери, соода үйлөрү;

- тиричилик үйү;

- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар);

- басмалар жана редакциялык офистер;

- банктар, банктардын бөлүмдөрү;

- юридикалык мекемелер: адвокаттык жана нотариалдык конторалар, юридикалык консультация, соттор;

- Бакыт үйлөрү;

- уюлдук жана пейджер байланыш кызматын көрсөтүүчү фирмалар;

- калкка психологиялык консультация берүү борборлору: "уй-бүлө жана нике", "өспүрүмдөрдүн проблемалары" ж.б.

- жарнамалык агенттиктер;

- калкты сервистик тейлөө боюнча транспорттук агенттиктер: билеттерди сатуу боюнча кассалар, менеджер кызмат көрсөтүүлөр ж.б.;

- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;

- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);

- фотосалондор;

- анча чоң эмес жер участокторуна жайгаштырылган шартта жогорку окуу жайлар, атайын орто окуу жайлары (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);

- спорт залдар (бассейни бар же жок), бассейндер, спорттук клубдар жана теннистик корттор (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тец масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);

- клубдар, маектешүү жана бош убакытты өткөрүү борборлору, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар;

- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;

- телевизиондук жана радио студиялар;

- дарыканалар;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- консультациялык бейтапканалар;

- бейтапканалар;

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;

- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, бут кийим тигүү жана оңдоо чеберканалары, саат оңдоо боюнча чеберканалар, чач тарачтар жана башка тейлоо объекттери;

- коммерциялык эмес коммуналдык ишканалар;

- аллеялар, скверлер, бульварлар, башка жашыл бак-дарак участоктору.

Турак-жай зоналары Ж-1 – үй жаныбаларын кармоо менен жеке турак-жай курулушунун зонасы Ж-1 үй жаныбаларын кармоо менен жеке турак-жай курулушунун зонасы жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдүн минимум уруксат берилген тобу менен жер участоктору бар, 3 кабаттан ашпаган короо-жай тибиндеги өзүнчө турган турак үйлөрдү - курулуш куруу азыраак жыштыкта болгон турак-жай райондорун түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- жайыт мүмкүн болгон майда жандыктарды жана бодо малды багуу менен короо-жай тибиндеги өзүнчө турган бир үй-бүлөлүү турак үйлөр;

- жайыт мүмкүн болгон майда жандыктарды жана бодо малды багуу менен короо-жай тибиндеги өзүнчө турган блоктолгон эки үй-бүлөлүү турак үйлөр;

- бодо малды жана майда жандыктарды бакпастан, блоктолгон көп үй-бүлөлүү турак үйлөр;

- жеке мончолор, короодогу дааратканалар;

- бала бакчалар, мектепке чейинки тарбия берүүнүн башка объекттери;

- дарыкана киоскалары;

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- Дарыканалар

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- турак үйлөргө кошо салынган гараждар;

- өзүнчө турган гараждар же ачык авто токтотуучу жайлар (ынак коңшулук принциптерин бузбастан жеке жер участокторунун чегинде);

- майда үй жаныбарларын жана канатууларды каромоочу курулмалар;

- чарба курулмалар;

- бакчалар, огороддор, палисадниктер;

- теплицалар;

- оранжереялар;

- сууну сактоо үчүн жеке резервуарлар, сууну алуу үчүн скважиналар, жеке кудуктар;

- таштанды чогултуучу-аянтчалар;

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы көлмөлөр);

- аллеялар жана башка жашылдандыруу участоктору

Бул Эрежелердин 8, 17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- баштапкы жана орто мектептер;

- жалпы аянты 50 кв.м чейинки биринчи зарылдыктагы товарлар сатылуучу дүкөндөр;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- жалпы аянты 50 кв.м чейин болгон кафе, закусочныйлар, ашканалар;

- жалпы аянты 20 кв.м чейин болгон кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, чач тарачтар жана башка тейлоо объекттери;

- жеке заказ алуу менен кызмат көрсөтүүчү майда чеберканалар (элдик кол өнөрчүлүк, көркөм куйулмалардын жасалгасы, столярдык жана темир усталык жаслгалар);

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- спорттук аянтчалар, теннистик корттор,

- балдар ойноочу аянтчалар

- анча чоң эмес жер участокторуна жайгаштырылган спорт зал, - рекреционндук залдар

- убактысы чектелген багытуу жана көп багытагы клубдар

- санитардык жана ортко каршы ченемдерге ылайык (ынак коңшулук принциптерин бузбастан) жеке эмгек менен алектенүү үчүн курулмалар;

- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;

- коомдук суу сактоочу резервуарлар

- жамааттык жашылча сактоочу жай;

- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- меймандар үчүн транспорт коюучу жерлер.

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- токой тилкелери

- иттерди сейилдетүүчү аянтчалар

- автоунаа жуучу жай;

- авто тейлөөчү жай,

Ж-2 - шаардын борбордук бөлугундөгу турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы Ж-2 турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы, шаардын борбордук бөлүгүндө төмөнкү жана ортонку жыштыктагы курулуштардын турак-жай райондорун реконструкциялоонун жана түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Бул зонадагы кыймылсыз мүлктү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү (негизги, коштоочу жана коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган) Ж-1 зонасынын пайдалануунун уруксат берилген түрүнө окшош, бодо малды багуу менен малды жаюуга мүмкүнчүлүктүү зонасы.

Ж-3 – аз кабаттуу квартира тибиндеги турак үйлөрдүн зонасы (2-3 кабатуу)

Ж-3 – аз кабаттуу квартира тибиндеги турак үйлөрдүн зонасы, участокто өндүрүштүк багыттагы курулмаларсыз турак үйлөрдү, участоктору бар блоктолгон турак үйлөрдү, 2-3 кабатуу турак үйлөрдөн турган өзүнчө турган эки үч үй-бүлөлүү квартиралык типтеги көп кабаттуу турак-жай имараттарын жайгаштыруу менен турак-жай райондорун түзүү үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- участокто чарбалык жана өндүрүштүк багыттагы курулмаларсыз өзүнчө турган бир үй-бүлөлүү турак уйлор;

- блоктолгон бир үй-бүлөлүү аз кабаттуу турак үйлөр;

- квартиралык типтеги аз кабаттуу турак-жай имараттары;

- бала бакчалар, мектепке чейинки тарбия берүүнүн башка объекттери;

- баштапкы жана орто мектептер;

- дарыканалар;

- спорттук аянтчалар;

- аллеялар, скверлер.

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- турак үйлөргө кошо салынган гараждар;

- өзүнчө турган гараждар же ачык авто токтотуучу жайлар (ынак коңшулук принциптерин бузбастан жеке жер участокторунун чегинде);

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резевуарлар, ортко каршы көлмөлөр);

- таштанды чогулткучтар үчүн аянтчалар.

Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган кыймылсыз мүлктү пайдалануунун түрлөрү:

- баштапкы жана орто мектептер;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- жеке заказ алуу менен кызмат көрсөтүүчү майда чеберканалар

- мончолор

- коомдук суу сактоочу резервуарлар

- коллективдик жашылча-жемиш сакточу жайлар жана муздаткычтар

- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;

- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- коноктор үчүн авто унаа токтоочу жайлар

- өзүнчө жер участокторундагы бокстук типтеги гараждар.

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар

- автоунаа жуучу жай;

- авто тейлөөчү жай,

Ж-4 - коп квартиралуу турак үйлөрдүн зонасы (4-5 кабатуу) Ж-4 турак-жай курулушунун зонасы курулуш куруу көбурөөк жыштыкта болгон 4-5 кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөрдүн кварталдары

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- 4 жана андан көп кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөр;

- дарыканалар;

- эшиктин алдындагы аянтчалар: балдардын, спорттук, чарбалык, эс алуу үчүн;

- бала бакчалар, мектепке чейинки тарбия берүүнүн башка объекттери;

- аллеялар, скверлер.

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- биринчи медициналык жардам көрсөтүү пункту

- турак үйлөргө чогу курулган гараждар

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;

- өрт коопсуздугунун объектилери

- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- таштандыларды чогултуу жайлар

- коноктор үчүн авто унаа токтоочу жайлар

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- жеке заказ алуу менен кызмат көрсөтүүчү майда чеберканалар

- мончолор

- коомдук суу сактоочу резервуарлар

- коллективдик жашылча-жемиш сакточу жайлар жана муздаткычтар

- өзүнчө жер участокторундагы бокстук типтеги гараждар.

- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар

Бул Эрежелердин 8, 17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- баштапкы жана орто мектептер;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- мончолор, сауналар

- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар

- коомдук даратканалар

- өзүнчө жер участокторундагы бокстук типтеги гараждар.

- өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жерлер.

Атайын зоналар Жалпы талаптар менен бириктирилген ар кандай түрдөгү ишти ишке ашыруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн, С-1, С-2, С-3,С-4, С-5, С-6 и С-7 зонасында - алар коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алганда гана мүмкүн болот. С-5 жана С-6 зоналарында - кандай гана болбосун өзгөртүүгө же өнүктүрүүгө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечими боюнча жол берилет жана коомдук угуулар талап кылбайт.

С-1 - чон участогу бар саламаттык сактоо объекттери Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- ооруканалар, жалпы типтеги госпиталдар;

- бейтапканалар;

- консультациялык бейтапканалар;

- тез жардам станциялары;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- дарыканалар;

- улгайган жана майып адамдар үчүн интернаттар

- балдар үйлөрү;

- дайыма медициналык көзөмөлдө болууга муктаж ооруган адамдар үчүн адистештирилген турак үйлөр;

- мейманканалар;

- приюттар, түнөө үйлөрү

- медициналык жана тейлөөчү персонал үчүн турак үйлөр;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун убактылуу павильондору;

- техникалык жана инжинердик камсыздөө кызматтары менен комерциялык түрлөрдөгү объекттерди пайдалануу

- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- өзүнчө турган гараждар

- орттон сактоо объекттери;

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- аллеялар, ж.б. жашылдандыруу участоктору

С-2 чоң участогу бар билим берүү жана илим объектери Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- жогорку окуу жайлары;

- атайын орто окуу жайлары;

- китепканалар, архивдер;

- маалыматтык, компьютердик борборлор;

-окуу-лабораториялык, илимий-лабораториялык корпустар, окуу-өндүрүштүк чеберканалар;

- илим изилдөө институтары

- илим изилдөө лабараториялар

- чарбалык лабараториялык корпустар

- илимий, долбоордук жана конструкциялык корпустар

- илим-изилдөө мекемелерди жана лабараторияларды эксплуатациялоо менен байланышкан кампа багытындагы объектилер

- жатаканалар, аз үй бүлөөлүүлөр үчүн турак үйлөр

- кызматкерлер жана тейлөөчү персонал үчүн турак үйлөр;

- мейманканалар, конок тосуучу үйлөр

- спорттук аянтчалар, теннистик корттор;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- басмалар жана редакциялык офистер;

- музейлер, көргөзмө залдар;

- бийлөө залдары, дискотекалар;

- видео салондор;

- компьютердик салондор, интернет кафелер

- көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар, клубдар;

- чеберканалар (көркөм, скульптордук, чебер жыгач усталык ж.б.);

- байланыш болумдору, почта болүмдөру, телефон жана телеграф станциялары;

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;

- техникалык жана инжинердик камсыздөө кызматтары менен комерциялык түрлөрдөгү объекттерди пайдалануу

- тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- өзүнчө турган же курулган гараждар

- өрт коопсуздугунун объектилери

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- аллеялар жана башка жашылдандыруу участоктору

С-3 чоң участогу бар дене тарбия жана спорт объектери

- спорттук аянтчалар, теннистик корттор;

- спортзалдар, рекреация залдары (бассейни бар же жок), бассейндер;

- велотректер, мотодромдор;

- спорттук мектептер;

- калыпка келтирүү реабилитациялык борборлор

- универсалдуу спорттук жана көңүл ачуучу комплекстер (трибунасы бар);

- спорт клубтар

- аттракциондору бар оюн комплекстери;

- кызматкерлер жана тейлөөчү персонал үчүн турак үйлөр;

- мейманканалар, конок тосуу үйлөр

- жалпы аянты 50 кв.м чейинки биринчи зарылдыктагы товарлар сатуучу дүкөндөр;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, экспресс-кафелер, буфеттер);

- мончолор

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- дарыканалар

- коомдук даратканалар

- телевизиондук жана радио студиялар;

- видео салондор

- көп багытагы атайын залдар, клубдар

- чеберканалар (сүрөткана, скульптура, столярдык ж.б.)

- почта бөлүмдөрү, телефон жана телеграфттык станциялар

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;

- техникалык жана инжинердик камсыздөө кызматтары менен комерциялык түрлөрдөгү объекттерди пайдалануу

- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- өзүнчө турган же имаратка курулган гараждар

- өрттөн сактоо объекттери;

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- аллеялар жана башка жашылдандыруу участоктору

С-4 дин багытындагы объектилер С-4 диний ишти ишке ашыруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн зона. С-4 зонасында - алар коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алганда гана мүмкүн болот. Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- диний расылмаларга окшотугу бар объектилер

- мейманканалар, сыртан кедгендер үчүн үйлөр

- кудайга сыйынгандар жана тейлөөчү персонал үчүн турак үйлөр;

- даарыкана киоскалары

- чарбалык корпустар

- суу сактоочу резервуарлар

- өрт сактоо объектери

- коомдук дааратканалар

- автоунаа токтоочу жайлар

С-5 - суу алуучу. тазалоочу курулуштардын, жер астындагы резервуарлардын, метеостанциялардын, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын зонасы С-5 суу алуучу курулуштардын, тазалоочу резервуарлардын, насостук станциялардын, метеостанциялардын, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын зонасы суу менен камсыз кылуу булактары бар участокторду, шаардагы суу тутук жана тазалоочу курулуштардын аянтчаларын, метеостанциялардын жана санитардык-эпидемиологиялык станциялардын участокторун пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу учун бөлүнгөн. Жергиликтуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органынын макулдугу боюнча имараттарды, курулуштарды жана коммуникацияларды жайгаштыруу га уруксат берилет.

С- 6. Аэропорт зонасы С-6 аэропорт зонасы аэропорт участкасын колдонуу үчүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Бул зонада - алар коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алганда гана мүмкүн болот. Жергиликтуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органынын макулдугу боюнча аэропорту эксплуатациялоо үчүн имараттарды, курулуштарды жана коммуникацияларды жайгаштырууга уруксат берилет.

С-7 Көрүстөн Өзгөчө маанидеги С-7 зонасы калктын ырасым муктаждыктарын камсыз кылуудагы укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- пайдалануудагы көрүстөндөр

- консервация учурундагы жабык көрүстөндөр

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- киоскалар,убактылуу чекене соода кылуучу павилиондор

- чеберканалар

- дарыканалар

- оранжереялар;

- чарбалык корпустар

- суу сактоочу резервуарлар

- коомдук дааратканалар

- авто унаа токтоочу жайлар

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;

- өрт сактоо объектилери

- мемориалдык парктар

- аллеялар жана башка жашылдандыруу участоктору

С-4- өзгөчө режим зонасы Өзгөчө режим зонасы иштин түрүн ишке ашыруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн, аларды ушул ишти жөнгө салуу учүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органы гана жөнгө салат.

Коммуналдык зоналар К-1 коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда ондуруштун зыяндуулугунун төмөндүгү V класстагы зонасы К-1 коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда ондуруш зонасы коммуналдык чарба жана шаарды, кампаларды, транспорттук базаларды транспорттук тейлөө объекттерин жайгаштыруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну камсыз кылуу, сактоо жана таварларды бөлүштүрүү, электроподстанциялар жана күнканалар үчүн аймактарды тузүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн зыяндуулугунун төмөндүгү V класстагы зонасы Бул зонага кампалар, жабык жана ачык базалар, шаарды транспорт менен камсыз кылган объектилер, ошондой эле транспорттук базалар, гараждар, башкы жана инжинердик коммуникация имараттары. Бул зонада “жеңил” өндүрүштүк техникалык тейлөө станцияларын, өндүрүштүк коммерциялык кызматтарды көрсөтүүчү башка ишканаларды камтыйт. К-1 зонасы 50 метрден ашкан санитардык-коргоочу зоналарды орнотууну талап кылган, ошондой эле транспорт менен чоң көлөмдө ташып, зыяндуу таасир эткен өнөр-жай объекттерин жайгаштыруу үчүн колдонулбайт.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- түрдүү профилдеги кампалык багыттагы объекттер;

- продукцияны жана материалдарды сактоо үчүн базалар;

- турак-жай-эксплуатациялык кызматтардын өндүрүштүк базалары;

- транспорттук түйүндөрдүн технологиялык багыттагы объекттери (маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору, кассалар, күтүү залдары, бажыкана, каттоо кызматтары, заказдар ды тариздоо кызматтары);

- жүк ташуучу автомобилдик транспорт парктары;

- автобустук парктар;

- таксопарктар, автомобилдерди ижарага берүү боюнча ишканалар;

- автобустарды, жүк ташуучу машиналарды, женил автомобилдерди сактоо жери бар транзиттик транспорт аянтчалары;

- авто ондоочу жана авто сервистик ишканалар;

- авто май куюучу станциялар;

- бажыканалар, бажыканалардын терминалдары

- администрациялык уюмдар, коммуналдык жана транспорттук ишканалардын офистери, конторалары

- заказдарды каттоо кызматтары

- маалыматтык борборлор

- компьютердик борборлор

- коомдук дааратканалар

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- ишканалар, дүң жана майда дүң соода кылуу дүкөндөрү;

- калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар жана чеберканалар: материалдарды, товарларды өндүрүү жана берүү, жеке заказдар боюнча майда буюмдарды жасоо (элдик кол өнөрчүлүк, көркөм куйулмалардын жасалгасы, столярдык жана темир усталык жаслгалар);

- даарыкана киоскалары

- телефондук жана телеграфттык стациялар

- транспорт каражаттарын сактоо объекттери: бокстук типтеги гараждар, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер үстүндөгү гараждар, өзүнчө жер участогундагы авто токтотуучу жерлер;

- пайдалануунун ишкердик, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер.

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары.

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);

- атайын багыттагы бак-дарактар.

- өндүрүштүк аймактарды жана санитардык коргоо зоналарын жашылдардыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниктери

Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- өдүрүштүк жана өнөр жай ишканаларынын төмөнкү класстагы зыяндуулугунун санитардык коргоо зонасынан 50 м. кем эмес.

- өндүрүш жана билим берүү менен байланышкан жатаканалар;

- коомдук тамактануу боюнча ишкана (ашканалар,кафе,закусочныйлар, ресторандар, барлар);

- химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар

- чоң эмес жер участогуна атайын окуу жайларды жайгаштыруу (жер участогуна жайгаштырууда, масштаб өлчөмү менен С-1 зонасына бөлүнөт)

- спорт клубтар

- ветеринардык кабыл алуу пунктары

- ветеринардык даарылоо жайлары

- уюлдук, радиорельелик, спутник байланышынын антенналары;

- калдыктарды чыгарып кетүүнү же утилдештирүүнү камсыз кылуу шартында калдыктарды контролдону уюштурган убактылуу сактоо үчүн аянтчалар, курулуштар;

- калдыктарды утилдештирүү боюнча ишканалар;

- таштандыларды чыгаруу боюнча ишканалар

К-2 транспорт ишканаларынын, кампа ишканаларынын, коммуналдык чарба жана (IV класстагы) майда өндүрүштүк зоналары К-2 коммуналдык кампалар зонасы, коммуналдык чарба объектилерин жайгаштыруу,сактоо жана таварларды бөлүштүрүү үчүн аймактарын түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Бул зонага кампалар, жабык жана ачык базарлар камтылган. Бул зонада “жеңил” өндүрүштүк техникалык тейлөө станцияларын, өндүрүштүк коммерциялык кызматтарды көрсөтүүчү башка ишканаларды камтыйт. К-2 зонасына зыяндуулугу таасир эткен коммуналдык кампалардын объектилери 100 метрден кем эмес ашкан санитардык-коргоочу зоналарына, жайгаштыруу учун колдонулат.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- майда жана дүң баада сатуучу дүкөндөр, ишкнанлар

- калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар жана чеберканалар: материалдарды, товарларды өндүрүү жана берүү, жеке заказдар боюнча майда буюмдарды жасоо (элдик кол өнөрчүлүк, көркөм куйулмалардын жасалгасы, столярдык жана темир усталык жаслгалар);

- ар түрдүү багытагы кампалардын объектилери

- продукцияны жана материалдарды сактоо үчүн базалар;

- турак-жай эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк ишканалардын объектиси

- транспорттук түйүндөрдүн технологиялык багыттагы объекттери (маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору, кассалар, күтүү залдары, бажыкана, каттоо кызматтары, заказдар ды тариздоо кызматтары);

- оор жүк ташуучу авто унаалардын паркы

- автобустар паркы

- такси практар, автоунааларды ижарага берүү

- автобустарды, жүк ташуучу автоунаалар, жеңил автоунааларды сактоочу транзиттик транспортторду сактоочу жер аянчалары

- авто унаа оңдоочу жана автосервистик ишканалар

- автоунаа май куючу жайлар

- бажыканалар, бажыкана терминалдары

- административдик имараттар, офистер,ар кандай мекемелердин конторалары, фирмалар, компаниялар

- заказ кабыл алуучу кызматтар

- маалымат борборлору

- компьютердик борборлор

- коомдук дааратканалар

- алгачкы жардам көрсөтүүчү медициналык пунктар

- дарыканалар

- телефондук жана телеграфтык станциялар

- транспорт каражаттарын сактоо объекттери: бокстук типтеги гараждар, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер үстүндөгү гараждар, өзүнчө жер участогундагы авто токтотуучу жерлер;

- маданий тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары

- өрттөн сактоо объекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);

- атайын багыттагы бак-дарактар

- өнөр-жай аймактарын жана санитардык-коргоочу зоналарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниги;

Бул Эрежелердин 8,17 -беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- IV-VI класстагы өндүрүштүк жана өнөр жай ишканалары

- өндүрүшкө жана билим берүүгө байланышкан жатаканалар,

- химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар

- чоң эмес жер участоктору бар жерге жайгаштырылган атайын орто окуу жайлар (толук кварталдык өлчөмдөгү азмасштабдык жер участкасына жайгаштырууда атайын С-1 зонасына бөлүнөт)

- спортклубтар

- ветеринардык кабыл алуу пунктары

- ветеринардык дарылоочу жайлар

- уюлдук, радиорельелик, спутник байланышынын антенналары;

- калдыктарды чыгарып кетүүнү же утилдештирүүнү камсыз кылуу шартында калдыктарды контролдонуучу уюштурулган убактылуу сактоо үчүн аянтчалар, курулуштар;

- таштандыларды чыгаруу боюнча ишканалар

Өнөр жай зонасы П-1 III- класстагы зыяндуулуктагы өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалардын зонасы. П-1 өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалардын зонасы чуу чыккан жана курчап турган чөйрөнү булгаган өнөр-жайы үчүн багытталган. Чийки заттарды жеткирүү жана продукцияны ташууну камсыз кылуучу негизги транспорттук магистралга мүмкүн болушунча жакын жайгашкан зонасы. Зыяндуу таштандылардын чектеш болгон райондорго тийгизген таасирин болушунча азайтууда жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында аймакты пайдалануу түрү санитардык-коргоочу зоналардын радиусу 50-300 м болгон талапка жооп берилүүгө тийиш. АР кандай түрдөгү колдонууга уруксат берилген кыймылсыз мүлктөрдү бирдиктөө зонада айкалыштыруу санитардык ченемдик талаптарды сактоодо гана жүзөгө ашырылыш мүмүкүн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- III-IV класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканалары: химиялык, металлургиялык, металл иштетүүчү, нефттини кайра иштеүүчү, текстиль ишканалары жана өндүрүштөрү, курулуш өнөр-жайы өндүрүшү, жыгач иштетүү боюнча өндүрүш, жаныбарлардан алынган азыктарды, тамак-аш азыктарын жана даам заттарын иштетүү боюнча өндүрүш;

- негизги өндүрүшкө салыштырмалуу зыяндуулугу азыраак класстагы өндүрүшү бар ишканалар, өзүнчө имараттар жана курулуштар.

Негизгилерди коштоп журүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- өндүрүштүк ишканаларга караштуу офистер, конторалар;

- тейлөөчү персоналдын, нөөмөтчү авариялык персоналдын, ишкананын күзөтүнүн жайлары;

- өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканаларын түздөн-түз тейлөө менен байланышкан коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ашканалар, буфеттер);

- өндүрүштүк-лабораториялык корпустар;

- ишканаларды тейлөө менен байланышкан илимий-изилдөө, долбоордук жана конструкциялык уюмдар;

- ишканаларды техникалык жана инженердик камсыз кылуу объекттери;

- түрдүү профилдеги кампалык багыттагы объекттер;

- автомобилдерди кыска мөөнөттө сактоонун ачык токтотуучу жерлери, автобустарды, жүк ташуучу машиналарды, женил автомобилдерди сактоо жери бар транзиттик транспорт аянтчалары;

- өрттөн сактоо объекттери.

- атайын багыттагы бак-дарактар;

- өнөр-жай аймактарын жана санитардык-коргоочу зоналарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниги;

Бул Эрежелердин 8,17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- ишканалардын өздөрү чыгарган товарларды сатуу боюнча дүң, майда дүң, чекене соода кылуунун адистештирилген дүкөндөрү;

- спорттук аянтчалар, ишканалардын персоналы үчүн эс алуу аянтчалары;

- дарыканалар;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары

- ветеринардык кабыл алуу пунктары жана дарылоочу жайлар

- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;

- автомобилдерди техникалык тейлөө станциялары;

- авто оңдоочу ишканалар;

- авто май куюучу станциялар;

- автомобилдерди сактоо объекттери: бокстук типтеги гараждар, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер үстүндөгү гараждар, өзүнчө жер участогундагы авто токтотуучу жерлер;

- санитардык-техникалык курулуштар жана коммуналдык багыттагы орнотмолор;

- калдыктарды чыгарып кетүүнү же утилдештирүүнү камсыз кылуу шартында калдыктарды контролдонуучу уюштурулган убактылуу сактоо үчүн аянтчалар, курулуштар;

- калдыктарды утилдештирүү боюнча ишканалар.

Рекреациялык зоналар

Р-1 шаардын скверлери жана бульварлар зонасы Р-1 шаардын скверлери жана бульварлар зоналары калктын бош убактысын өткөрүү максатында шаардагы жашылдандыруу участокторун сактоонун жана пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн шаардын жеке турак-жай аймагында жайгашкан. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- скверлер, бульварлар, аллеялар;

- дизайн элементтери, скульптуралык композициялар, декоративдүү-монументалдык көркөм өнөр объекттери, кичи архитектуралык формы.

Бул Эрежелердин 8, 17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- эс алуу учун көмөкчү курулмалар жана инфраструктура

- жайкы театрлар жана эстрадалар;

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун убактылуу павильондору; тейлоо жана коомдук тамактануу

- оюн аянчалары

- коомдук дааратканалар

Р-2 - шаардагы парктардын зоналары Р-2 шаардын парктар зоналары пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу менен шаардагы жашылдандыруу участоктору менен калктын эс алуусун камсыз кылууга бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- парктар;

- скверлер, бульварлар, аллеялар;

- эс алуу үчүн көмөкчү курулмалар жана инфраструктура: бассейндер, фонтандар, чакан архитектуралык формалар;

- дизайн элементтери, скульптуралык композициялар, декоративдүү-монументалдык көркөм өнөр объекттери, кичи архитектуралык формы.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- капиталдык эмес жана ачык коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, жайкы кафелер);

- оюн аянтчалары, улуттук оюндар үчүн аянтчалар;

- бийлөө аянтчалары, дискотекалар;

- жайкы театрлар жана эстрадалар;

- ойно аянчалары жана улуттук оюн ойноочу жайлар

- спорттук аянтчалар;

- эс алуу үчүн рекреациондук бөлмө, окуу залдары

- эс алуу учун көмөкчү курулмалар жана инфраструктура

- оюн жана спорттук инвентарларды прокатка берүү;

- тир

Бул Эрежелердин 8,17 -беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана тейлоонун убактылуу павильондору;

- капиталдык курулуштагы коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ресторандар, барлар);

- коомдук дааратканалар

- компьютердик борборлор, интеренет кафелер

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- ачык жана жабык бассейндер

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;

- транспорт коюучу жерлер;

- оранжереялар;

- чарбалык корпустар;

- суу сактоочу резервуарлар

- өрттөн сактоо объекттери;

- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар.

Р-3 - рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы Р-3 зонасы төмөндө келтирилген кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана параметрлерин сактоодо калктын ден соолугунун жана жалпы бакубаттыгынын кызыкчылыгында учурдагы жаратылыш ландшафтын сактоонун жана пайдалануунун, экологиялык таза курчап турган чөйрөнү түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- токой массивдери;

- токой парктары, шалбаа парктары;

- гидропарктар;

- өндүрүштүк объекттерди жайгаштырбастан санитардык-коргоочу зоналардын токой тилкелери;

Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- дизайн элементтери, скульптуралык композициялар, декоративдик-монументалдык корком онор объекттери, кичи архитектуралык формалар;

- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар.

Бул Эрежелердин 8, 17-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү (пайдалануунун түрлөрүн атайын макулдашуу санитардык-коргоочу зоналардын аймагына карата суратылып жатса, ал берилиши мүмкүн эмес):

- санаторийлер, профилакторийлер, эс алуу үйлөрү, эс алуу базалары;

- балдардын ден соолукту чыңдоочу лагерлери жана мектепке чейинки мекемелердин дачалары;

- улгайгандар үчүн интернаттар;

- эс алуу базалары

- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлөө борборлору,

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана тейлөөнүн убактылуу павильондору;

- коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ресторандар);

- коомдук дааратканалар

- диний расмыларга байланышкан объекттер;

- оюн жана спорттук инвентарларды прокатка берүү;

- машыгуу базалары

- спорттук клубдар;

- спортзалдар, рекреация залдары (бассейни бар же жок);

- көп тармактуу спорттук жана эс алуучу комплекстер

- спорттук ареналар (трибунасы менен)

- спорт аянтчалары

- оюн аянчалары

- пикниктер үчүн жерлер, эс алуу үчүн көмөкчү курулмалар жана инфраструктура;

- кемпингдер (шарт түзүлгөн эс алуучу жайлар)

- пляждар;

- алгачкы медициналык жар дам көрсөтүү пункттары;

- ветеринардык кабыл алуу пунктары

- пайдалануунун тейлөөчү, ден соолукту чыңдоочу жана спорттук түрлөрүнүн объекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;

- өрттөн сактоо объекттери;

Р-4 Токой чарбасынын зонасы Р-4 зонасы төмөндө келтирилген кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана параметрлерин сактоодо калктын ден соолугунун жана жалпы бакубаттыгынын кызыкчылыгында учурдагы жаратылыш ландшафтын сактоонун жана пайдалануунун, экологиялык таза курчап турган чөйрөнү түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Р-4 зонасында жайгашкан кыймылсыз мүлктүн пайдаланууга уруксат берилген түрүн жана объектинин параметрлерин өзгөртүү, ыйгарым укуктуу жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан жеке тартипте аныкталат.

Р-5 Бакча чарбак чарбалар зонасы Бакча чарбак чарбалар Р-5 зонасы калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында мөмө жемиш өстүрүү багытында аймактарды түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн, ал эми эс алуу багытында кыймылсыз мүлктү төмөндөгү уруксат берилген түрлөрдө пайдаланууга болот. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:

- бакчалар, чарбактар.

- бакчалык үйлөр, жайкы курулуштар

Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:

- майда жаныбарларды жана канаттууларды багуу үчүн курулмалар;

- жеке мончолор жана сауналар

- күнканалар

- оранжереялар;

- дааратканалар

- сууну сактоо үчүн резервуарлар;

- өрткө каршы көлмөлөр;

- атайын багыттагы бак-дарактар;

- таштанды чогултуу үчүн аянтчалар;

- авто токтотуучу жайлар (ынак коңшулук принциптерин бузбастан жеке жер участокторунун чегинде);

Бул Эрежелердин 8,17 -беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:

- колективдүү жемиш сактоочу жайлар

- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана тейлоонун убактылуу павильондору;

- меймандар үчүн ачык авто унаа туруучу жайлар

2.2-бөлүм.

Талас шаарынын Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шаарттын түзүү жөнүндөгү картасы

Талас шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелери экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасын, учууга коопсуздук шарттын түзүү, суу менен камсыз кылуунун жер астындагы булактарын санитардык коргоо объекттерин, ошондой эле өнөр-жай ишканаларынын жана коммуналдык объекттердин, көрүстөндөрдүн санитардык-коргоочу зоналары менен байланышкан кошумча регламенттерин камтуу менен учуу коопсуздугун сактоо жана өзгөчө кырдаалдын алдын ала эскертүү. Жаңы, так иштелип чыккан регламенттерге жана зонанын чектөөсүндө экологиялык, сейсмологиялык,гидрологиялык жана башка жаратылыштын шарттары боюнча аларга расмий документтердин статусу берилгендигине жараша, алар бул эреженин ушул беренесине толуктоо үчүн киргизилет

31-берене. Талас шаарынын Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шаарттын түзүү жөнүндөгү картасы

32-берене. Талас шаарынын Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шарттын түзүү жөнүндөгү картасы

Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймагында экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонуу, учууга коопсузудук шаарттын түзүү жөнүндөгү картасы санитардык коргоонун төмөнкүдөй зоналары белгиленген:

- В-1- дарыялардын, каналдардын, башка суу агызгычтардын суу коргоо тилкелери;

- СЗ-1 - өнөр-жай ишканаларынын жана коммуналдык-кампалоо объектеринин санитардык-коргоочу зоналары;

- ШЗ-1- аэропорттун үндүү зонасы

9-балдык сейсмологиялык шарттар боюнча зона 9-балдан жогорку сейсмологиялык шарттар боюнча зона Учуу коопсуздук шартын түзүү менен бийик курулуштарды чектөө зонасы Талас шаарынын санитардык-коргоо зоналары төмөнкүдөй ченемдик документтер менен жөнгө салынат: -"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" КР Мыйзамы 16 июнь 1999ж. №53

- "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" КР Мыйзамы 24 июль 2009 ж №248

- "'Суу жөнүндө" КР мыйзамы 4 январь 1994ж. №1422-ХII

- Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобо (КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому); В-1- каналдардын, башка суу агызгычтардын суу коргоо тилкелери;

В-1- каналдардын,суулардын жана башка суу агызгычтардын суу коргоо тилкелери В-1- каналдардын, суулардын жана башка суу агызгычтардын суу коргоо тилкелери колдонуунун укуктук шарттарын камсыз кылуу менен чарбалык жана башка суу объекттеринин жээктеринин булганышын, ыпылас болушун, балыр басышын жана азайышын болтурбоо, гидротехникалык дана гидрогеологиялык режимдерди сактоо менен суу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү сактоо үчүн бөлүнгөн.

- Талас суусунун коргоо тилкесинин зонасы 100 м;

- өткөрүү мүмкүндүгүно жараша магистралдык жана чарба аралык каналдардын суу коргоо зонасы ортонку болүгүнөн – 25 м. кем болбосу керек.

Пайдалануунун тыюу салынган түрлөрү

- уу химикаттар, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу материалдар кампаларын, аппаратураларды уу химикаттар менен толтуруу үчүн аянтчаларды, мал чарба комплекстерин, өнөр-жай, тиричиликтик жана айыл чарба калдыктарын кампалоо жана көмүү жерлерин, көрүстөндөрдү жана малды көмүүчү жерлерди, акма сууларды топтоочу жерлерди жайгаштыруу;

- жаңы өндүрүштүк курулуштарды куруу, кеңейтүү жана реконструкциялоо

- суунун сапатына зыяндуулугун тийгизген саркынды сууларды тазалоочу жайларды ж.б. объектерди жашгаштыруу

- таштанды жана кык сактоочу кампалар

- май куючу, автоунааларды жана айылчарба техникаларды жууп жана оңдоо;

- транспорт каражаттарын коюучу жерлерди жайгаштыруу, анын ичинде дачалык жана бакча-огороддук участоктордун аймагында;

- эс алуу базаларын жана убактылуу палаталык шаарчаларын жайгаштыруу

- малдын жайкы лагерлерин уюштуруу

- авиациялык-химиялык иштерди жүргүзүү;

-зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн ооруларына жана отоо чөптөргө каршы химиялык каражаттарды колдонуу;

- незиги колдонулуучу жерлердеги дарактарды кыюу

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, суу чарба басейиндеринин жана башка аймактык башкаруу органдары менен суу фондусунун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусунун негизинде имараттарды пайдалануунун түрлөрү:

- сууну колдонууга лицензия болгон учурда суу менен камсыз кылуу объекттерин, суу алуучу, гидротехникалык курулуштарды жайгаштыруу, анда суу коргоо режимин сактоо боюнча талаптар белгиленген;

СЗ-1 зонасы - онор-жай ишканаларынын жана коммуналдык объектилердин санитардык-коргоочу зоналары СЗ-1 өнөр-жай ишканаларынын жана коммуналдык объектилердин санитардык-коргоочу зоналары селитебдик аймактарды коңшулаш жайгашкан III-V класстагы зыяндуулуктагы өнөр-жай жана коммуналдык объекттердин (көрүстөндөр, мончолор ж.б.) объекттеринин зыяндуу таасир этүүсүнөн өзүнчө бөлүү максатында өндүрүштүк аймактарга чектеш зоналарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. СЗ-1 санитардык-коргоочу зоналарда пайдалануунун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү СанЭжЧ 2.2.1/2.1.1.006-03 "Санитардык-коргоочу зоналар жана ишканалардын, курулуштардын жана башка объекттердин санитардык классификациясы" менен аныкталат. 9 баллга чейин жана 9 баллдан жогору сейсмологиялык шарттар боюнча курулуштарды чектөелөрдүн зоналарынын чектери 9 баллга чейин жана 9 баллдан жогору сейсмологиялык шарттар боюнча курулуштарды чектөөлөрдүн зонасы Курулуш үчүн сейсмологиялык шарттар боюнча курулуштарды чектөөлөрдүн зоналарынын чектери жаратылыш кырсыктарынын таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон өзгөчө кесепеттерин болтурбоо максатында кооптуу сейсмологиялык шарттар болгон аймактарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Куруу учун кооптуу сейсмологиялык жана оор топурак шарттары болгон зоналарда кыймылсыз мүлктү куруунун жана өзгөртүүнун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү КР КЧжЭ 2.01.02-94 "Жер титирөөгө туруктуулугу 9 баллдан жогору болгон Кыргыз Республикасынын райондорунда куруу" жана КР КЧжЭ 2.02.01-83 "Имараттардын жана курулуштардын негиздери" менен аныкталат.

Ill БӨЛҮК. КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУНУН КОШУМЧА ЧЕНЕМДЕРИ КАМТЫЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДАН ҮЗҮНДҮЛӨР, АРЫЗДАРДЫН ҮЛГҮЛӨРҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ Бишкек шаары 1999-жылдын 2-июну № 45

(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 28-декабрындагы № 93, 2001-жылдын 4-январындагы № 2, 2001-жылдын 4-январындагы № 3, 2001-жылдын 12-мартындагы № 30, 2002-жылдын 11-майындагы № 78, 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2003-жылдын 9-июлундагы № 123, 2003-жылдын 5-декабрындагы № 227, 2004-жылдын 23-июнундагы № 77, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2005-жылдын 28-февралындагы № 40, 2005-жылдын 4-июнундагы № 67, 2006-жылдын 20-январындагы № 7, 2006-жылдын 25-июлундагы № 126, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 217, 2007-жылдын 26-февралындагы № 22, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2009-жылдын 26-майындагы № 171, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (ҮЗҮНДҮЛӨР)

1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;

2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери; 2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;

1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;

3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;

4) жер участогу - туташ чектелген жер аянты;

9-1) зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелуу түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;

14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Кодекстин 13-17, 20, 21-статьяларында көрсөтүлгөн органдар;

22) жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектоолор менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;

22-1) укуктук зоналарга болуу - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын уй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;

23) жер участогуна укугун беруу - ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун жеке жана юридикалык жактарга

менчикке же пайдаланууга бериши;

1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери (мындан ары - үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мулк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу жергиликтууөоз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;

1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мулк объекттерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана уй куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мулк объекттерин пайдалануу;

4- берене Жерге менчик

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот.

2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдуу пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер улушу катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот. Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын буткул аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Айылдык округдун, поселоктун, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.

Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөн:

- айылдык округдун чектеринде - жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;

- шаар чектеринде - жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары;

Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары айылдык округдун жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат.

4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мумкун эмес.

6-берене. Жер участогуна укук жарандык укуктардын жана бүтүм жасоо объектиси катары

1. Жер участогу жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объекти болуп саналат жана сатып алуу-сатуу, белекке беруу, алмаштыруу, ипотека, дагы башка бүтүмдөрдү жасоо заты боло алат, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен өзүнөн-өзү укук мураскорлугу катары өтөт.

2. Жер участогуна укук акы аркылуу же акысыз алынышы мүмкүн.

3. Мыйзамда белгиленгенден башкача түрдө эч ким жер участогуна укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Жер мыйзамдары бузулгандан башка учурларда, жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

7-берене. Жерди пайдалануучулардын жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү

1. Жер участогун пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мумкун.

2. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара келишиминин шартында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мумкун.

3. Жер участоктору чет өлкөлүк жактарга жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга гана берилет.

4. Айыл чарба багытындагы жерлер кайра бөлүштүрүү фондусунан, эреже катары, 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилет.

8-берене. Жер салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы

1. Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулардан жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартиптен башка учурларда, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү болуп эсептелет.

2.Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, жайыттарды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

3. Жер участогун жайыттарды кошпогондо, ижара шартында пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу үчүн жер участогун пайдалануунун ижара акысы жана аны төлөөнүн тартиби келишимдин негизинде белгиленет.

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнун шарты жана тартиби, анын ичинде эң жогорку чегин аныктоо баштапкы жергиликтуу кеңештер тарабынан белгиленет. Мында ижарага алынган жер кошумча ижарага берилбейт. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн (айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алгандык үчүн эң жогорку акыны аныктоосуз) шарты жана тартиби жөнүндө Жалпыга бирдей жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Айыл чарбасына жарактуу жерлерди албаганда, чет өлкөлүк жактарга жер бергендик үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген коэффициентти колдонуу менен жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө жараша белгиленет.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер участокторун башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү Кыргыз Республикасы ушул мамлекет менен түзгөн мамлекеттер аралык келишим боюнча аныкталат. Жер участокторун пайдаланууга берүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.

5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдаланууга берилген жер участогу учун жер салыгы жана ижара акысы жерлерди жакшыртууга, кыртыштын азыктуулугун жогорулатууга, кыртыштык, геоботаникалык иликтоолорду жана жерлердин мониторингин жүргүзүүгө жана алардын аймактарын жерге орноштуруу тартибинде уюштуруу менен чарба жүргүзүүчү субъектилерди жайгаштырууга багытталат.

9-берене. Жерге болгон укукту жана укуктар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо

1. Жер участогуна болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, нотариалдык жагынан күбөлөндүрүүгө жатпайт.

2. Төмөндөгүлөр: жер участогуна укуктун пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, алардын өтүшү, чектелиши, сервитут, ипотека жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укукту жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү каттоонун токтотулушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өткөрүлуүгө тийиш.

14-берене. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө шаардык жергиликтуу өз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчу органынын компетенциясы Шаардын чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жонго салуу жагынан шаардьпс жергиликтуу оз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескоочу органынын карамагына тиешелүү түрдө төмөндөгүлөр кирет:

1) жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү;

2) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

3) шаардык кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу, шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана киргизүү;

4) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү;

5) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;

6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

18-берене. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңешинин, райондук кеңештин, айылдык округдун жана поселоктун кеңештеринин компетенциясы

1. Республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтуу жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелуу жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.

2. Областтык жана райондук маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтуу жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелуу жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.

3. Райондук кеңеш жергиликтуу жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык округдун, поселоктун кеңештеринин макулдугу боюнча айылдык калктуу конуштарга жана поселокторго курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участоктун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат.

4. Айылдык округдун, поселоктун кеңештери жеке көмөкчу чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тиешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айыл жана поселок үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу учун салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт, өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндөгу башка маселелерди чечишет.

5. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет.

22- берене. Жер участогуна укуктун пайда болушу Жер участогуна укук:

- ушул Кодексте белгиленген тартипте жер участогуна укук беруу;

- жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер участогуна укукту өткөрүп беруу;

- универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер участогуна укуктун өтүшү менен;

- мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча пайда болот.

25-берене. Жер участогун жеке менчикке же пайдаланууга беруу

1. Жер участогун жеке жана юридикалык жактарга жеке менчикке же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте акысыз же акы алуу негизинде жүргүзүлөт.

2. Жер участоктору мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга, коомдук бирикмелерге, коомдук фондуларга, диний уюмдарга берилет. Башка жеке жана юридикалык жактарга жер участоктору менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.

3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жер участогуна укугун күбөлөндүргөн документ берилип, анын чеги аныкталмайынча жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.

29-берене. Соодалашуу аркылуу жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы ушул статьянын 5-пунктунда жана ушул Кодекстин 32-статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу беришет. Соодага коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат.

2. Сооданы өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча соодалашуу ачык жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн соодалашуу жарыяланган учурдан кийин жана аларды өткөрүү учурунда жер участогун алып коюуга укуктуу.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет.

31-берене. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер

1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө төмөндөгүлөр:

- жер участогуна жеке менчик болгондо жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга укук берген мамлекеттик акт;

- жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда - жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк же ижара келишими;

- жер үлүшүн берүүдө - жер участогуна жеке менчик укугунун күбөлүгү жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.

Аталган документтердин формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документте жерди максаттуу пайдалануу көрсөтүлөт.

3. Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документ менен бир эле мезгилде жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун каалоосу боюнча айыл чарба багытындагы жерлер учун сапат сертификаты берилиши мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу орган жер участогуна укуктарды берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт жана алардын берилиши учун жоопкерчилик тартат.

35-берене. Жер участогун өткөрүп берүү. Жер участогун өткөрүп берүү үчүн акы төлөө

1. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдаланууну ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, жер участогун берүүнүн шарттарында башкача каралбаса, мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксатысыз эле өзүнө берилген жер участогуна болгон укугун башка бирөөгө толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жер участогун башка бирөөгө өткөрүп берүүдө жер участогу үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

3. Жер участогунун бир бөлутүнө карата бүтүм түзүү жердин ушул бөлүгун белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүп, андан сон мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Пайдаланууда болгон жер участогу жарандык-укуктук бүтүм боюнча:

мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда болсо - мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга; мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо - мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун калган мөөнөтүнө өтүшү мүмкүн.

5. Жер участогуна укукту өткөрүп берүүдө жаңы менчик ээси же жерди пайдалануучу жөнүндө маалыматтар жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документте көрсөтүлүп, ал документ алмаштырылбайт.

49- берене. Жер участогунун менчик ээсинин жана пайдалануучунун укуктары

1. Эгерде мыйзамда, жер участогуна укугун ырастаган документтерде же келишимде башкача каралбаса, жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланып, өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

2) жер участогуна укукту бузуунун, анын эркин эске албастан жер участогуна басып кирүүнүн ар кандай аракеттерине бөгөт коюуга;

3) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн жана отургузулган бак-дарактардын аянттарын жана көчөттөрдү, жер участогун пайдалануунун натыйжасында алынган айыл чарба жана башка өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү жана аны сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелерди менчиктөөгө;

4) жер участогундагы жалпы тараган пайдалуу кендерди, чым көңдү, токойлуу жерлерди, суу объектилерин белгиленген тартипте пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чыгашанын ордун толтуртуп алууга;

6) архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген имараттарды жана курулуш жайларды салууга;

7) белгиленген курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарга ылайык сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө;

8) ушул Кодексте жана "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр менен бирге жер участогуна укук менен жарандык-укуктук бүтүм түзүүгө;

9) ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жасоого.

2. Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.

50-берене. Жер участогунун менчик ээсинин жана жерди пайдалануучулардын милдеттери

1. Жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) жерди максаттуу багытына жана аны беруу шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;

2) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды сактоого;

3) кыртыштын асылдуулугун начарлатып жибербөөгө, дыйканчылык тутумдарын колдонууга жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн сарамжал усулдарын пайдаланууга;

4) жер салыгын же жер учун ижара акысын өз учурунда төлөп турууга;

5) чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын жана башка адамдардын укуктарын бузбоого;

6) токой, суу жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин сактоого;

7) жер участогунда курулуш иштерин жүргүзүүдө колдонулуп жүргөн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жердин абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга өз учурунда берип турууга;

9) ушул Кодекстин 53-статьясында каралган тартипте сервитут берилишин камсыз кылууга.

2. Жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын мыйзамдарда жана жер участогуна укук жөнүндө документтерде каралган башка милдеттери да болушу мумкун.

51-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын коомдук бирикмелеринин жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан укуктары

1. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери калктын таламдарына тиешеси бар жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча маселелерди чогулуштарга, жыйындарга катышуу аркылуу жана башка да формаларды кароого укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери жерлерди пайдалануу жана коргоо жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоону жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.

3. Иши калктын таламдарына тиешелуу болгон объектилерди жайгаштыруу үчүн жерлерди алып коюу жана берүү жөнүндө мамлекеттик органдар калкка кабарлап турат.

62-берене. Жер участогуна укукту токтотуу Төмөндөгү учурларда жер участогуна укук токтотулат:

1) жер участогуна укук башка жакка ээликтен ажыратылганда;

2) мыйзамдарга ылайык жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жер участогуна коюлганда;

3) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дүйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо;

4) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктыярдуу баш тартканда;

5) жер участогун пайдалануу мөөнөтү бүткөндө;

6) ага байланыштуу кызматтык жер аянты берилген эмгектик жана ага теңештирилген мамилелер токтотулганда;

7) табият кырсыгынын натыйжасында жер участогун андан ары пайдаланууга мумкун болбой калганда;

8) ушул Кодекстин он биринчи главасында каралган тартипте жер участогу алынып коюлганда;

9) мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлганда;

10) айыл чарба багытындагы жер участогунун же жер участогунун ээси Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыккан учурда, ипотекалык турак-жай курулушунан башка учурларда.

65-берене. Жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары Жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелет жана жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу болгон тартип бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин, жеке же юридикалык жак администрациялык жоопкерчиликке тартылганда, ушул Кодекстин 66-статьясынын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында жана 7-пунктчасында каралгандан башка учурларда сот тарабынан гана колдонулат. Ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсүндө:

1) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жол берилген тартип бузуу жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чаралар;

2) тартип бузуу четтетиле турган мөөнөт;

3) эскертүүнү аткарбоонун кесепеттери;

4) аталган эскертүүгө жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун даттануу ыкмасы аныкталууга тийиш.

66-берене. Жер участогун алып коюунун негиздери

1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:

1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;

2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);

3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;

4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун белгиленген мөөнөгтүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланбоо;

5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;

6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.

7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).

2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларында каралган учурларда жер участогун алып коюу аны алып коюуга жана сатууну жүргүзүүнү уюштурууга байланыштуу чыгымдарды чыгарып салуу менен жер участогунун эсине же жерди пайдалануучуга жер участогуна болгон укуктун наркын төлөп берүү менен жүргүзүлөт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4, 5, 6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча алынган жер участогу сатуу үчүн соодага коюлушу мүмкүн.

Эгерде жер участогуна укукту сатуу боюнча соода болгон жок деп табылса, жер участогуна болгон укук жер участогунун ээсине же жерди пайдалануучуга жердин сооданы өткөрүү учурундагы нарктык баасы (ченемдик баасы) төлөнүп берилүү менен ыйгарым укуктуу органга өтөт.

4. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.

5. Жер салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төкпөгөн учурда жер участогун алып коюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде} белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу акылары төлөнбөгөн учурда жер участогун алып коюу "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

76- берене. Калктуу пункттардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу пункттардын) жерлери

1. Калктуу конуштун чегиндеги бардык жерлер калктуу конуштардын жерине кирет.

2. Калктуу конуштун чегиндеги бардык жерлер тиешелуу аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот.

77- берене. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу

1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана уй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.

2. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу учун калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.

3. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт.

4. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.

5. Калктуу конуштардын чегараларында уй куруу үчүн жер участогуна укук беруу жергиликтуу ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана уй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.

Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелуу документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.

6. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу учун пайдаланылышы мумкун.

7. Курулуш үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объектилерди (чатырларды, күркөлөрдү, рекламалык такталарды жана башка капиталдык эмес объектилерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) салуу учун убактылуу пайдаланууга берилиши мумкун.

8. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин автомобиль транспортун акы төлөп коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу жана куруу учун берууго тыюу салынат.

78- берене. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери

1. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектоолорүн канааттандыруучу (жолдор, кочолор, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат.

2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жалпы пайдалануудагы жерлерге жеңил типтеги курулуштарга уруксат берилиши мүмкүн.

79- берене. Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү

1. Зоналарга бөлүү - калктуу конуштардын жерлеринин аймагын пайдалануунун функционалдык жана укуктук режимин белгилөө менен зоналарга бөлүү.

2. Калктуу конуштардын аймагын функционалдык зоналарга бөлүү аймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруу чектөөлөрүн аныктоо үчүн шаар куруу документтеринин курамында аткарылат.

3. Калктуу конуштардын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын юрисдикциясындагы чегараларда жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен белгиленет.

80- берене. Шаардын (шаарчанын) чеги

1. Шаардын (шаарчанын) чеги - шаардын (поселканын) жерлеринин тышкы чек арасы, ал аны жерлердин башка категорияларынан болуп турат жана шаарды, поселканы өнүктүрүүнүн белгиленген тартипте бекитилген башкы планынын негизинде аныкталат.

2.Шаардын (шаарчанын) чеги калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекиткен орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт.

3. Жер участокторун шаардын (поселканын) чегине киргизүү бул участоктордогу жерлерди пайдалануу укугун токтото албайт.

119- берене. Жер талаштары

1. Жерге байланыштуу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштар жер участогун берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда жер талаштары сот тартибинде каралат.

2. Жер участогун берүүгө, алып коюуга жана укукту токтотууга байланыштуу жер талаштары сот тарабынан гана чечилет.

120-берене. Жер мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Кызмат адамдары, жер участокторунун ээлери жана жерди пайдалануучулар жер мыйзамдарын бузгандыгы үчн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген граждандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
