Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Шаардык кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы
2009-жылдын 28-апрели №11 Шаардык кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин иштөө Регламенти, ага киргизген толуктоолор жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин иштөө Регламенти бекитилсин (1 -тиркеме).
2. Шаардык кеңештин 4-ноябрь 2008-жылдагы №1 токтому «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылар жөнүндөгү» мыйзамынын 45 жана 54 беренелеринин талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
3. Шаардык кеңештин депутаттарына жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерине иш жүргүзүүдө кабыл алынган Регламенттин негизинде иштөө жагы милдеттендерилсин.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Адылов) жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы төраганын орун басарына (К. Рахматуллаев) жүктөлсүн.
Төрага
Т. Энназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.