Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин -12 «Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар Кызыл-Кыя борбордук авто жолуна 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5 чи чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -12
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар Кызыл-Кыя борбордук авто жолуна 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызыл-Кыя-Көк-Жар борбордук жолунун 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы N 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы N 279, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар Кызыл-Кыя борбордук авто жолуна 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 14 309,6 мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
А. Ажибаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.