# Майдан айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 12-апрелиндеги 13/7-1 "Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма участкасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Беш-Арча” ЖЧКсына отвал, лагер, промплошадка жана жол курууга жер аянттарын берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Майдан айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 12-апрелиндеги 13/7-1 "Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма участкасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Беш-Арча” ЖЧКсына отвал, лагер, промплошадка жана жол курууга жер аянттарын берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13/7-1
- Дата принятия: 12.04.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.04.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/281745>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35470/edition/759081/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.04.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Майдан айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 12-апрелиндеги 13/7-1 "Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма участкасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Беш-Арча” ЖЧКсына отвал, лагер, промплошадка жана жол курууга жер аянттарын берүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.04.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/281745

---

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Майдан айылдык кеӊешинин 6-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы

2016-жылдын 12-апрели 13/7-1 Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма участкасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Беш-Арча” ЖЧКсына отвал, лагер, промплошадка жана жол курууга жер аянттарын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28-статьясында Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү мыйзамынын 47-статясынын, 22-статьясынын 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 26-октябрында берилген № 4412 СЕ лицензиясын жана “Беш-Арча” ЖЧКнын Бел-Алма комур кенинде отвал, лагер жана промплошадка куруу үчүн эксперттик проектисин жана ошол жердин карталарынын схемаларын берген, ошондуктан ал жерге аталган отвал, лагер, промплошадка курууга 2,84 га жерге жана 10га жол курууга уруксат берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майдан айыл аймагынын Бел-Алма участкасында жайгашкан «Оной» карьеринен 2,84 га жер аянты «Беш-Арча жоопкерчилиги чектелген коомуна отвал, лагер жана промплошадка жана Бел-Алма көмүр кенине баруу үчүн10га жол курууга жер бөлүнүп берилсин, жогоруда аталган жер аянтынын ар бир гектарына 3000 (үч миң) сомдон,келишимдин негизинде ар бир айдын 15-числосуна чейин төлөнүп турулсун.

2. Болүнүп берилген жер аянтын өз багытында пайдаланып жана мурдагы жер аянтын калыбына келтирүү жагы техникалык долбоордун негизинде жүргүзүлсүн.

3. Жер аянтын мурдагы калыбына келтирүү үчүн «Беш–Арча жоопкерчилиги чектелген коому фонд ачып, акча каражатын мыйзам чегинде өз убагында которуп берип , ай сайын майдан айыл өкмөтүн маалымат берип турсун.

4. Кадамжай райондук жерге жайгаштырүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү суралсын.

5. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Нурматовго жүктөлсүн

Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы

М. Курмушуев
