Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Майдан айылдык кеӊешинин 13/7-1 «Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма участкасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Беш-Арча” ЖЧКсына отвал, лагер, промплошадка жана жол курууга жер аянттарын берүү жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Майдан айылдык кеӊешинин 6-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы
2016-жылдын 12-апрели 13/7-1 Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма участкасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Беш-Арча” ЖЧКсына отвал, лагер, промплошадка жана жол курууга жер аянттарын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28-статьясында Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү мыйзамынын 47-статясынын, 22-статьясынын 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 26-октябрында берилген № 4412 СЕ лицензиясын жана “Беш-Арча” ЖЧКнын Бел-Алма комур кенинде отвал, лагер жана промплошадка куруу үчүн эксперттик проектисин жана ошол жердин карталарынын схемаларын берген, ошондуктан ал жерге аталган отвал, лагер, промплошадка курууга 2,84 га жерге жана 10га жол курууга уруксат берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын Бел-Алма участкасында жайгашкан «Оной» карьеринен 2,84 га жер аянты «Беш-Арча жоопкерчилиги чектелген коомуна отвал, лагер жана промплошадка жана Бел-Алма көмүр кенине баруу үчүн10га жол курууга жер бөлүнүп берилсин, жогоруда аталган жер аянтынын ар бир гектарына 3000 (үч миң) сомдон,келишимдин негизинде ар бир айдын 15-числосуна чейин төлөнүп турулсун.
2. Болүнүп берилген жер аянтын өз багытында пайдаланып жана мурдагы жер аянтын калыбына келтирүү жагы техникалык долбоордун негизинде жүргүзүлсүн.
3. Жер аянтын мурдагы калыбына келтирүү үчүн «Беш–Арча жоопкерчилиги чектелген коому фонд ачып, акча каражатын мыйзам чегинде өз убагында которуп берип , ай сайын майдан айыл өкмөтүн маалымат берип турсун.
4. Кадамжай райондук жерге жайгаштырүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү суралсын.
5. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Нурматовго жүктөлсүн
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы
М. Курмушуев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу
- Закон «О недрах»Закон · 09.08.2012 · № 160 · Утратил силу