Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «2016-жылдын 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында «AKIpress-Ош» маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференцияда айтылган факттарды текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму
2016-жылдын 15-сентябры № 26/12 2016-жылдын 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында «AKIpress-Ош» маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференцияда айтылган факттарды текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-июнунда өткөн кезексиз XXV сессиясында түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында «AKIpress-Ош» маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференцияда айтылган факттарды текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.
Төрага
А.А. Насиров
2016-жылдын 7-июнь күнү Ош шаарында AKI-PRESS Ош маалыматтык аналитикалык борборунда болуп өткөн пресс-конференцияда айтылган маалыматтарды текшерүү боюнча 2016-жылдын 10-июнундагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын ) кезексиз XXV сессиясынын отурумунун №25/1 токтомунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын ПРОТОКОЛУ Өзгөн шаары №1 «22» июнь 2016-жыл Комиссиянын төрагасы: О. Мусаев Комиссиянын орунбасары: А. Маткабылов Мүчөлөрү: М. Дехканбаева, А. Кахаров, Э. Абдыкапарова, Б. Эшназарова, С. Джусупов
К/Н ТАРТИБИ:
1. 2016-жылдын 7-июнь күнү Ош шаарында AKI-PRESS Ош маалыматтык аналитикалык борборунда болуп өткөн пресс-конференцияда айтылган маалыматтардын тууралыгын аныктоо.
О.Мусаев – комиссиянын төрагасы: Урматтуу комиссия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселе Ош AKI-PRESS маалыматтык аналитикалык борборунда 2016-жылдын 7-июнь күнү өткөн пресс-конференцияда катышкан М. Макешов, А. Мамазаитов, Д. Абакджанова, С. Эгамбердиева, Б.Базарбаевдер берген маалыматтар боюнча алардын өздөрүнөн угууну жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү тиешелүү кызматчыларды чакырып тактоо иштерин жүргүзүүнү сунуш кылам.
1. Мэриянын аппарат жетекчиси С. Абдувалиева
2. Өзгөн шаарынын башкы архитектору Э. Нишанбаев
3. Өзгөн шаарынын башкы архитекторунун орунбасары Ж. Зарипбеков 4. Вице мэр Р. Атаджанов
5. 1-вице мэр М. Тайлаков
6. МММБ департаментинин мурдагы директору Ю. Тиллабаев
7. Турак үй куруу боюнча жер комиссиясы
8. Муниципиалдык жерлерди арендага берүү жана сатуу боюнча комиссия.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды. Күн тартибиндеги маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешов: Ош шаарында AKI-PRESS Ош маалыматтык аналитикалык борборунда болуп өткөн пресс-конференцияга баргандыгын, бирок ал айтты деп жазылган сөздөр толук чындык эместигин, Хасанов Арсланбек Мрахварович ээлеп, иштетип жаткан жер аянты боюнча маалымат бергендигин билдирди. Өзгөн шаар мэриясынын юристи Б. Базарбаев: Ош шаарына Хасанов Арсланбек Мрахварович иштетип жаткан жер тууралуу сотко баргандыгын, пресс-конференцияга М. Макешовтун сунушу менен катышкандыгын, ал жерде дагы А. Хасанов тууралуу сөз айткандыгын билдирди. Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаты Д. Абакджанова: пресс конференцияга Өзгөн шаарындагы «Бабур» атындагы №3 орто мектеп тууралуу маселе боюнча баргандыгын жана ал маселе жөнүндө сүйлөгөндүгүн айтты. Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаты А. Мамазаитов: пресс конференцияда айткан жеке турак үй курууга берилип кеткен 17 жер участокторунун токтомдорун, аукциондо сатылган жер участокторунун токтомдорун кай жерден алгандыгы боюнча маалымат бербестигин, түнкү жарыткычтарга сатып алынган лампочкалардын баасы боюнча вице мэр Р.Атаджанов айткандыгын, аялдамалар жана балдар бакчасы сатылып кеткендиги боюнча эч кандай далилдөөчү документтер жок эле айткандыгын, экс мэр Н. Каримов КР ЖК депутаты болуп шайлангандан кийин 4-октябрдан кийин токтомдорго кол койгондугун мыйзамсыз деп эсептээрин, ушул фактылардын мыйзамдулуугун текшерип берүүнү талап кылаарын билдирди. Өзгөн шаар мэриясынын аппарат жетекчиси С. Абдувалиева: Н.Каримов Кыргыз Республикасынын премьер министри Т.А. Сариевдин 2015-жылдын 21 октябрындагы №458 буйругунун негизинде иштен бошогондугун, депутат А.Мамазаитов токтомдорду кимден алгандыгы белгисиз экендигин, бирок токтомдордун баардыгын жана каттоо журналдарын мэр С.Пратов алып койгондугун айтты. Жер участоктору боюнча токтомдорду каттоо үчүн архитектор Э.Нишанбаев алып келгендигин, ал жерде комиссиянын протоколдорун көргөндүгүн, аларды Э. Нишанбаев кайра алып кеткендигин билдирди. Бүгүңкү комиссияга КР премьер министринин 2015-жылдын 21-октябрындагы №458 буйругун жана жер комиссиясынын токтомдорунун мыйзамдуулугун тастытоочу документтердин нускасын берээрин айтты. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин мурдагы директору Ю. Тиллабаев: Муниципалдык менчиктеги жерлер Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан бекитилген менчиктештирүү программасынын негизинде жана КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө”гү типтүү жобого ылайык иштер аткарылып, шаардык архитектура тарабынан корутундулар даярдалып берилгенин айтты. Жерге укукту берүү боюнча комиссия тарабынан, жерди сатуу боюнча чечим кабыл алынып, көз карандысыз “Жалал-Абад” балоо консолтинг маалымат борбору ЖЧК тарабынан бааланып, массалык маалымат каражаттарына жарыя берилип, жерди ижарага алуу жана сатып алуу үчүн талапкерлерге каттоо жүргүзүлгөнүн, жогорудагы комиссия тарабынан лоттор боюнча гарантиялык взностордун өлчөмдөрү, старттык баа жана кадамдардын өлчөмдөрү бекитилип, аукциондор өткөрүлгөндүгүн, аукциондун жүрүшү видео тасмага түшүрүлгөнүн жана аукциондор боюнча баардык документтер МММБ департаментинде экендигин билдирди. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Насиров эч кандай жер сатып алган эместигин, аукционду мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча арендага берүү жана жер сатуу комиссиясы, ошондой эле аукционист Р. Атаджанов тарабынан өткөрүлгөндүгүн комиссияга тастыктап берээрин билдирди. Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: Арендага жана сатууга коюлган лоттор боюнча аукционду өзү алып барганын, мыйзам бузууларга жол берилбегендигин, аны видео тасма да далилдээрин айтты. Түңкү жарыткычтарга лампочкалар 1500 сомдон сатып алынган эместигин, бул тууралуу прокуратурага да көрсөтмө бергендигин, 1500 сомдон сатып алынганы боюнча эч кандай далилдөөчү документ жок экендигин билдирди. Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаев: Эч кандай мыйзамсыз жер участкасы берилген эместигин, турак үй куруу үчүн да жер участкасы берилген эместигин, турак үй куруу үчүн жер участкасы КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген жобого ылайык Өзгөн шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн жеке менчик турак жай куруу боюнча жер бөлүштүрүү комиссиясынын протоколунун негизинде аныкталып берилээрин, ал эми 17 жер участкасы боюнча архитектура тарабынан тиешелүү документтер жана токтомдун долбоору даярдалып мэриянын аппарат жетекчиси С. Абдувалиевага берилгенин, арендага берилүүчу жана аукциондо сатыкка коюлуучу жерлерге архитектура тарабынан корутунду берилгенин, өзү комиссия мүчөсү экендигин, бардык лоттор аукцион аркылуу сатылганын билдирди. Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Ж. Зарипбеков: Өзгөн шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүчү комиссиясынын катчысы экендигин, 2015-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн комиссиянын отурумунун №1 протоколун даярдагандыгын жана кол койгондугун, Сарахсий кварталында бөлүнүп берүлүүчү жер тилкелеринин протоколдорун даярдап жетекчисине бергендигин, бирок бир да жер участкасы бөлүнүп берилбегендигин айтып, Өзгөн шаарындагы 4 балдар бакчасынын бирөөсү М.Абакджанов шаар башчысы болуп иштеп турган учурда сатылып кеткендигин, калган 3 балдар бакчасы иштеп жаткандыгын, аларды КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-апрелиндеги №254 атайын токтомунун негизинде жана Өзгөн шаардык Кеңешинин 1997-жыл 13-сентябрдагы №7/1 токтому менен муниципиалдык менчик болуп Өзгөн шаарына өткөрүлүп берилгендигин айтты. Өзгөн шаарындагы 18 автобекеттер мурун ишкана мекемелердин балансында болгондугун, жакын жылдарда 9 автобекет Өзгөн шаарына муниципиалдык мүлк болүп өткөрүлгөндүгүн, алардын бири да сатылган эместигин билдирди. Өзгөн шаарынын 1-вице мэри М. Тайлаков: «жеке менчик турак жай куруучуларга жер тилкелерин берүү боюнча комиссиясы» жана «Арендага берүү жана жер сатуу боюнча комиссиясы»нын төрагасы экендигин, Сарахсий кварталынан жеке менчик үй курууга берилүүчү жер участокторуна керектелүүчү документтер жетиштүү болгондон кийин комиссиянын отурумун өткөргөндүгүн, комиссиянын токтомунун негизинде архитектурага тапшырма берилгендигин, арендага берүү жана жер сатуу боюнча аукцион мыйзамдуу өткөрүлгөндүгүн, аны Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов өткөргөндүгүн билдирди. Жаңы-Өзгөн кварталынан берилиши керек болгон жер участокторунун токтомдоруна кол коюлгандыгын, бирок архитектура тарабынан кайра текшерилип, ал жерде үй курууга жер участоктору жок болуп чыккандыгынан эч кимге жер берилген эместигин айтты. Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер берүү боюнча комиссия мүчөлөрү Х.Абдурахманов, П. Эргашева, М. Тайлаков: комиссияга катышып протокол түзүп, баардыгы кол койгондугун айтты. Өзгөн шаардык кенешинин (V чакырылышынын) кезексиз XXV сессиясынын 2016-жылдын 10-июнундагы №25/1 токтому менен түзүлгөн депутаттык комиссия ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Aki-Press» Ош маалыматтык аналитикалык борборунда өткөн Пресс-конференцияда айтылган сөздөр толугу менен өз далилин таппагандыгы жана мыйзамсыз иштер аткарылбагандыгы эске алынсын.
2. Комиссия иш алып барган учурдагы тартылган видео тасма, топтолгон документтер Өзгөн шаардык кенешине тапшырылсын.
3. Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттык комиссиясынын ишинде аныкталган жана аныкталбаган фактылар боюнча жыйынтык чыгарып, баа берүү Өзгөн шаардык кенешинен суралсын.
Комиссия төрагасы: О. Мусаев Комиссия катчысы: Э. Абдыкапарова Мүчөлөрү: А. Маткабылов
А. Кахаров
М. Дехканбаева
Б. Эшназарова
С. Джусупов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Постановление Правительства КР от 28 апреля 1997 года №254 "О Программе государственной поддержки местного самоуправления и его органов в Кыргызской Республике и Основных…Постановление · 28.04.1997 · № 254 · Утратил силу