# Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтому

- Полное наименование: Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24-2
- Дата принятия: 25.06.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.06.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/281675>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35400/edition/769453/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.06.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтому (ред. от 25.06.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/281675

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2016-жылдын 25-июну № 24-2 Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59-токтомун аткарууга алуу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5- пунктуна, 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59 - токтомунун негизинде бардык айыл аймактагы таза суу түтүктөрү айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

2. Таза сууга болгон төлөмдөр ар бир кожолукка 40 сом өлчөмүндө белгиленсин жана кырдаалга жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.

Төрага

Ташбаев М.А.
