# Талдуу-Булак айылдык кеңешинин "2016-жылдын 9-апрели № 4 "Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талдуу-Булак айылдык кеңешинин "2016-жылдын 9-апрели № 4 "Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 09.04.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.04.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/281571>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35296/edition/786091/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.04.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талдуу-Булак айылдык кеңешинин "2016-жылдын 9-апрели № 4 "Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому (ред. от 09.04.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/281571

---

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2016-жылдын 9-апрели № 4 Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну N 45 “Жер кодексинин” 8-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогоку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунан N 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону” жетекчилике алып, Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Талдуу- Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айылдык аймагынын кекилик участкасындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин шалы эгилүүчү аянтка торук өткөрүү токтотулуп, конкурстук негизде пайдаланууга берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.

Төрага

Б. Матишев
