# Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 131 "Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 131 "Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 132
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.03.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/281424>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35150/edition/742713/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.03.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 131 "Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө" токтому (ред. от 15.03.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/281424

---

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 5-шайланган 22-сессиясы

2016-жылдын 15-марты № 131 Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-шайланган 22-сессиясынын күн тартибине киргизилген Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа иштери боюнча жүргүзүп жаткан иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Айыл аймагындагы жеке менчик тракторлорду тургундардын айдоо жерлерин өз убагында айдап берүү үчүн техникалардын ремонттуна жакындан көмөк көрсөтүү жана мамлекет тарабынан берилип жаткан жер семирткичтерди алууга уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Акматалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп туруу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Бакирова
