Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин «Көк-Жаңгак шаарына кирпич завод куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХIX сессиясы
2016-жылдын 7-июлу № 29/1 Көк-Жаңгак шаарына кирпич завод куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын жараны Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдурахманов Абдурасулдун инвестиция тартуу боюнча берген арызын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (6-чакырылыштагы ХХIX cессиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаар аймагынын чегинде жайгашкан «участок Капитальная» жер аянтынан кирпич завод куруу үчүн Абдурахманов Абдурасулга Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27/1- беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011ж. № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобого ылайык түзүлгөн Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчикте турган жерлерди жана объектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссияга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т. Айтиевге) жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
К. Курбанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу