Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Халмион айылдык кеңешинин «Халмион айыл өкмөтүнүн муниципалдыккызмат көрсөтүүнүн кошумча реестирин түзүү жөнүндө» токтому
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Халмион айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыш кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
2015-жылдын 30-майы № 27\1 Халмион айыл өкмөтүнүн муниципалдыккызмат көрсөтүүнүн кошумча реестирин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.06. 2014-жылдагы № 302 токтому менен түзулгөн “Муниципалдык кызматтардын реестирин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону” аткаруу максатында жана даярдалган Халмион айыл аймагында муниципалдык кошумча кызматтардын тизмесин карап талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл өкмөтү алдында түзүлгон комиссия курамы тарабында даярдалган Халмион айыл өкмөтүнун муниципалдык кошумча кызматтын реестирин тизмеси № 1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Бекитилген муниципалдык кошумча кызматтар тизмесин айыл өкмөтүнүң апарты тарабынан аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
Д. Сиддиков
Тиркеме БЕКИТЕМИН:
Халмион айылдык кеңешинин төрагасы_________________Д. Сиддиков
30.05.2016 27/1 токтомуна № 1 тиркеме
Баткен областынын Кадамжай районун Халмион айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестири
№
Муниципалдык кызматтын аталышы
Муниципалдык кызматты стандартташтыруу учун жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары (акылуу/ акысыз)
1
Матриалдык жардам беруу (Майрамдык даталарга карата)
Халмион айыл өкмөту
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
2
Жер тилкесин же жер үлүшүн чектерин тактоо
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
3
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам берүү(көмүр,аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы лагерге баруусу)
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
4
Мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусунда кошумча 50% тин жана жарым жетим, тоголок жетим балдарга 100% камсыздоо.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
5
Мектеп окуучуларын жүрүш, турушу үлгүлүү жана эң жакшы окуган окуучуларды стипендия берүү.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
6
Балдарды тарбиялоодо үзурлүү эмгеги жана жаңы иновация менен иштеген мугалимдерди сыйлоо. (мектеп жааматтарын протоколуна негиз)
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
7
Аялдарга компютердик курстарды уюштуруу
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл Өкмөтү
акысыз
8
Мектептин имараттарын жана курулмаларын бир калыпта сактап турууну уюштуруу.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
9
Дыйкан чарбаларын уюштурууга чечимди берүү
Халмион айыл Өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
10
Жарандардын арыздарына негиз социалдык жардам беруу
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
11
Жаштардын спортко болгон кызыгууларын колдоо.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
12
ДМЧАларга социалдык колдоо көрсөтүү.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
13
2015-жылы торолгон уч эм балдарга мүмкүнчүлүккө карай колдоо берүү.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
14
Кургук учук менен ооруп каттоодо турган жарандардын дарыланууга баруу үчүн транспорт чыгымдарын төлөп берүү
Аймактык оорукана береген тизмеге негиз
Халмион айыл өкмөтү
Акысыз
16
Жарандарга муктаждыгыны карай аныктамалар жана маалыматтарды берүү.
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
17
Жарандардын кол өнөрчүлук жана музыкалык талантууларга колдоо көрсөтүү
Халмион айыл өкмөтү
Халмион айыл өкмөтү
акысыз
Жооптуу катчы: Ө. Сарыбекова.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2014 года № 302 "О мерах по оптимизации системы предоставления муниципальных услуг"Постановление · 03.06.2014 · № 302 · Утратил силу