# Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 "Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 "Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 11.02.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/281052>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34778/edition/732700/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 "Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/281052

---

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргызстан айылдык кеңешинин I сессиясы

2015-жылдын 11-февралы № 4 Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгы жиберген 31.12.2014-жылдын чыгыш № Т-0376 сандуу катын карап чыгып Кыргызстан айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын токой Кодексинин 81-беренесине ылайык токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш аракеттери жүргүзүлсүн.

2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы айыл өкмөтүнүн аймагындагы борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.

3. Кесилген бутактар Кыргызстан айыл аймагынын жакыр үй-бүлөлөрүнө (отун) жардам катары берилсин, көзөмөлдөө жагы соц адис Т.Джунусовага милдеттендирилсин.

4. «Наристе» бала бакчасынын бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча комиссиянын мүчөсү С. Кушиевге жүктөлсүн.

Төрага

К. Оморов
