Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чолпон айылдык кеңешинин «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2016-жылдын 1-марты № 23/11 Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата киреше бөлүгү 1028600-00 сом, чыгаша бөлүгү 1028600-00 №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү иштелип чыккан келишимдин долбоору бекитилсин.
4. Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мындан ары жайыт мыйзамынын чегинде иштерди жүргүзүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетине милдеттендирилсин.
5. Аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат ар бир жарым жылда жалпы элдик чогулушта угулсун.
6. Ички тартип эрежелери жана төлөө тарифтери,штраф өлчөмдөрү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
Төрага
Б. Жапаров
Тиркеме Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясынын № 11 токтомунун № 1 тиркемеси
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата бюджети
Киреше бөлүгү
Чыгаша бөлүгү
№
Мазмуну
Сумма (сом)
№
Мазмуну
Сумма (сом)
1
Жайыт акы
940600
1
Жайыт налогу
115600
2
Кон-Көл боз үй, турист эс алдыруу
40000
2
Налог сатуудан 3%
8400
3
Мобилдик
48000
3
Жайыт инфраструктурасын оңдоо
80000
4
Транспорт чыгымдары
20000
5
Күйүүчү майга
25000
6
Эмгек акы
270000
7
Соц.фонд 17,25 %
47600
8
Материалдык жана дарыланууга жардам
45500
9
Командировочный
15000
10
Канц.товар
5500
11
Райондук жайыт ассоциацияга
10000
12
Республикалык ассоциациясына
1000
13
Ветеринардык чыгым
30000
14
Жайлоо бала бакчасы
55000
15
ПРЖР №1 долбооруна салым
300000
ЖАЛПЫСЫ:
1028600
ЖАЛПЫСЫ:
1028600
Даярдаган:
У. Өмүрбеков
Тиркеме Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясынын № 11 токтомунун № 2 тиркемеси
Ички тартип эрежелери жана төлөө тарифтери, штраф өлчөмдөрү Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу боюнча түзүлүп, бекитилген планына ылайык жаздоого көчүрүү 25-апрель. Жайлоого көчүрүү 25-апрелден 1-майга чейин. Күздөөгө көчүрүү 1-октябрь. Кыштоого көчүрүү (айылдарга) 15-ноябрь күндөрү белгиленсин. 25-апрелден баштап корук уюштурулуп, айдоо аянттарына жакын жайгашкан малчылар жайлоого көчүрүлүп чыгарылсын. 25-апрелден баштап саан уйларга кезүү уюштурулуп, кезүү кайтаруу жайыт пайдалануучуларга эскертилсин. Айыл ичинде алып калган субай бодо малдардын ар бир башына корукчулардын кат жүзүндө бидирүүсүнүн негизинде аксакалдар сотунун кароосуна жиберилип 500-00 сомго чейин айып белгиленсин. Айыл ичинде жайлоого кетирбей алып калган кой-эчкилер калса катуу чаралар көрүлүп, жалпы элдик жыйындын токтому менен мал башына 50-00 сомдон аксакалдар сотунун чечими менен белгиленет. Эгерде баш тартып, моюн бербесе жайыт мыйзамына ылайык жалпы элдик пайдалануудагы жайытты өз билемдике салып пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликке административдик тартипте жаза тартаары эскертилсин.
9. Айдоо аянтына жана көп жылдык чөптун аянтына кирип зыян келтирген малдардын ээлерине төмөндөгүдөй айып өлчөмдөрү бекитилсин:
-25-апрелден корукка түшкөн малдардын ээлерине эскертүү берилсин. -25-апрелден баштап корукка түшкөн бодо малдарга (уй, жылкы, тай, торпок, эшек) түшсө ар бир башына 500-00 сом айып бекитилсин. -кой-эчки корукка түшсө ар бир башына 50-00 сом, эгер төлөөдөн баш тартса келтирилген чыгым эсептелинип, сот органдары аркылуу өндүрүлсүн.
10. Мөөнөттөн мурда (жайлоодон күздөөгө) көчүп келген малчыларга 10000-00 (он миң) сом айып бекитилсин. (Мал багуучулардын жалпы жыйынынын №___ протоколунуну негизинде) Мал ээлерине бир сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү кат жүзүндө эскертилет .
Жогоруда көрсөтүлгөн айыпты төлөөдөн баш тарткан жайыт пайдалануучулар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
11. Айыл тургундары менчик малдарын баккандыгы үчүн чабандарга малдын түрүнө карата төлөө акысын төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин кой-эчки ар бир башына 30-00 сомдон,
-бодо малдарга (уй жылкыларга )300-00 сомдон акы белгиленсин.
12. Ар бир мал багуучу ,бадачы менен 3 тараптуу (айыл аймагы, жайыт комитети жана жайыт пайдалануучу )келишимдер түзүлсүн. Келишимде көрсөтүлгөн талаптарды өзүм билемдик кылып, мал багуудагы кызмат акысын которгон чабандарга биринчи жолу 5000-00 (беш миң) миң сом айыпты сот аркылуу өндүрүү жагы киргизилсин.
13. Жайыт пайдалануучулар өз билемдик менен келишим түзпөстөн, жайыт билетин албастан жайлоого көчүп жайытты пайдаланса 5000-00 (беш миң) сом айып төлөө жагы белгиленсин. Айып төлөөдөн баш тартса мыйзам чегинде сот органдарына өткөрүлсүн.
14. Жайыт пайдалануучулар комитети тарабынан иштелип чыккан көчүү-конуу жана жайыттарды которуштуруп пайдалануу графигин сактабаган малчы, чабандарга 10000-00 (он миң) сом айып төлөө жолу киргизилсин, айып төлөөдөн баш тартса мыйзам чегинде сот органдарына өткөрүлсүн.
15. Кезүү же бадага кошпой өз алдынча, өз билемдик менен айдоо жээктерине, корук жерлерге аркандаган малдын ээсине ар бир башка 500-00 сом айып салынат.
16. Коюлган көчүү-конуу графигин сактабай мөөнөтүнөн эрте алынып келинген мал үчүн малдын ээсине жана мал баккан малчыга ар бир баш мал үчүн 500-00 сом айып салынат.
17. Сон-Көл жайлоосундагы туристерди эс алдыруудагы тигилген ар бир боз үй жана чатыр үчүн жайыт акысы 2000-00 сом өлчөмүндө алынсын.
19. Айыл аймактын тургундарынын балдарынын эс алуу лагери жана спортсмендерге ар бир тигилген боз үйгө жайыт акысы 1000-00 (бир миң) сом өлчөмүндө алынсын.
20. Жайыт акы чогултуу Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январь №30,
2011-жылдагы 28-декабрь №254 Жайыт мыйзамынын редакцияларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 17-октябрь 2008-жылга №231, ошондой эле Кодекстин 24-январь 2015-жылдын толуктоо өзгөртүүсүнүн 71-статясына ылайык, 1-октябрь айынан кечиктирилген суммага күнүнө 0,09% пения кошулсун.
21. Жайыт пайдалануучулардын “Башкаруу планына” ылайык Кочкор–Чаек жолунун түндүк жагынан Узун-Булактын БСРинен өйдө, түштүк жагынан “Шиш-Төбө” жайлоосунан жогору, капталы Кемин-Датка жогорку чыңалуудагы электр опораларынан төмөн, ”Чалай” суусун жээктете, башы Кемин-Датка жогорку чыңалуудагы электр опоралары авто жолду кесип өткөнгө чейин жайыттар эс алдырууга калтырылсын.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы
У. Өмүрбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.