Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кашка-Суу айылдык кеңешинин «Туюк-Жар айылына айыл статусун берүү жөнүндө» токтому
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 4/2 Туюк-Жар айылына айыл статусун берүү жөнүндө Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н. Акынбеков билдирүү жасады жана ал төмөндөгүлөргө токтолду. Айыл аймагындагы Туюк-Жар айылына айыл статусун берүү жөнүндөгү кайрылуулар түшкөндүгүн жана алардын кайрылууларын канааттандыруу максатында айылдык кеңешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомунун негизинде, айыл статусун алуу боюнча даярдалган тийиштүү болгон баштапкы иш кагаздарды карап чыгып айылдык кеңештин бекитүүсүно маселе коюлуп жаткандыгын айтты. Андан кийин чыгып сүйлөгөн депутаттар Калетов А, Жоробеков А, Мырзакайым кызы Г, Козубаева Г, Акматбекова Аидалар бул маселени карап чыгып жогоруда аталган айылдарга айыл статусун берүү жөнүндөгү айыл жашоочуларынын кайрылууларын канааттандыруу жагын айтышты. Себеби, жылдан жылга калктын саны өсүп, бул айылдарда турак үйлөр көбөйүп, айылдын борборунан ыраакы болгондуктан көйгөйлүү маселелер көбөйүп кеткендиктен бул маселе көтөрүлдү дешет. Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туюк-Жар айылына айыл статусун берүү жөнүндөгү анда жашаган айыл жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Айыл статусун алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду КРнын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик РЭЭСтрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Давлетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
- Постановление Правительства КР от 13 октября 2017 года № 667 "О проекте Закона Кыргызской Республики "Об отнесении некоторых населенных пунктов Джалал-Абадской области Кыргызской…Постановление · 13.10.2017 · № 667 · Утратил силу
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу