Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Таш айылдык кеңешинин «Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2013-жылга жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджеттин бекитүү” жөнүндө» токтому
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ак-Таш айыл аймактык кеңешинин кезектеги 13 сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 2 Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2013-жылга жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджеттин бекитүү” жөнүндө Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, Ак-Таш айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында талкуланып, депутаттардын Ак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджеттинин киреше бөлүгү 2014-жылда 13795,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11591,0 миң сомго, киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 2204,5 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджеттинде калган 2204,5 миң сом өлчөмүндөгү калдык кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2015-жылга карта Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жалпысы 9028,9 миң сом анын ичинен атайын счет 874,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү адис коэффициенти менен), кенже кызматкерлерге 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
5. 2015-жылдын бюджетин аткарууда Ак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Абдиллажановага жыл ичи бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, толуктоо укугу берилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айылдык кеңештин бюджетбоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
К. Орунбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 384 "Об условиях оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2013 · № 384 · Утратил силу