# Ѳзгѳн шаардык кеңешинин2015-жылдын 24-декабрындагы № 22/1 "Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында сапаттуу социалдык кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ" токтому

- Полное наименование: Ѳзгѳн шаардык кеңешинин2015-жылдын 24-декабрындагы № 22/1 "Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында сапаттуу социалдык кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: № 22/1
- Дата принятия: 24.12.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.12.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/280138>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33872/edition/702286/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.12.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ѳзгѳн шаардык кеңешинин2015-жылдын 24-декабрындагы № 22/1 "Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында сапаттуу социалдык кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ" токтому (ред. от 24.12.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/280138

---

ѲЗГѲН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын отуруму

2015-жылдын 24-декабры № 22/1 Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында сапаттуу социалдык кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын отуруму «Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында сапаттуу социалдык кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ» маселе боюнча Ѳзгѳн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Джусуповдун маалыматын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын элге даректγγ социалдык кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Башкармалыктагы кызматкерлердин иштѳѳсγнѳ жетиштγγ шарттарды тγзγп берγγгѳ кѳмѳк кѳрсѳтγγ жагы шаар мэри С. Пратовко тапшырылсын.

3. Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын башчысы Н. Абдурахмановко:

-калктын аярлуу катмарына, жалгыз бой, мγмкγнчγлγгγ чектелген, оорулуу жана социалдык колдоого муктаж жарандарга даректγγ жардам кѳрсѳтγγнγ жакшыртуу; -жѳлѳкпул чегерγγ боюнча кварталдык комитеттердин тѳрагалары менен тыгыз байланышта даректγγ иш алып баруу; -башкармалыкта тγзγлгѳн иш пландардын аткарылуусун кѳзѳмѳлдѳѳнγ кγчѳтγγ; -башкармалыкка эмеректерди сатып алуу жана иш бѳлмѳлѳрγн оңдоп тγзѳѳдѳн ѳткѳрγγ боюнча акча каражатын изденγγ; -башкармалыкта аткарылган иштер боюнча бир жылдын ичинде 2 жолу: 6 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңешке маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Ѳзгѳн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, жаштар жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А. Насиров

Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында социалдык кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери боюнча маалымат. Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгында жалпысы 11 мамлекеттик кызматкер, 5 социалдык кызматкер жана 4 башка кызматкерлер (иш кагаздарын жγргγзγγчγ, архивариус, кароолчу, техникалык кызматкер) эмгектенет. Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгында 5 багытта иш алып барылат. -Социалдык кепилдиктерди чектѳѳ бѳлγмγ, -Социалдык кепилдиктерди тѳлѳѳ сектору, -финансылык эсепке алуу жана отчеттулук, -ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат кѳрсѳтγγ, -Социалдык кызматкерлер кызматы кирет. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 24.06.2015-жылдагы № 408 токтомунун негизинде 2015-жылдын 1-жарымынан баштап кепилденген эң тѳмѳнкγ кирешенин ѳлчѳмγ 810 сом болуп, аз камсыз болгон γй-бѳлѳлѳргѳ жана жарандарга бирдиктγγ ай сайын берилγγчγ жѳлѳк пул дайындоо каралган жана Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγктγрγγ башкармалыгы ушул токтомдун негизинде иш алып барышат . Жарандардын γй-бγлѳлγк жыйынды кирешесин аныктоо: Дѳң-Булак айыл округу боюнча 31.10.2013-жылдан баштап киреше ѳлчѳмγ γлγш жеринин 1 сотых сугаты γчγн 23 сом, 1 сотых кайракы γчγн 9 сом, 1 сотых тамарка алды (огород) сугаты γчγн 67 сом. Баш-Тѳбѳ айыл округунда 31.10.2013-жылдан баштап 1 сотых сугат жерге 24 сом, 1 сотых кайракка 9 сом, тамарка алды (огород) 70 сом деп эсептелип келинγγдѳ. Ал эми Ѳзгѳн шаары боюнча 1 сотых тамарка алды (огород) сугат жери γчγн 56 сомдон эсептелип келинγγдѳ. Башкармалыкда социалдык кепилдикти чектѳѳ бѳлγмγ, финансалык эсепке алуу жана отчеттуулук болуп 3 бѳлγм бар. Аталган башкармалыкда кызматкерлер жалпысынан 10 бѳлмѳдѳ эмгектенишет. Бѳлмѳлѳр учурдагы ремонтту талап кылат, кызматкерлерге отургучтар жетишсиз. Жалпы 2015-жылга иш пландар тγзγлгѳн, ошондой эле ар бир адистин иш пландары тγзγлгѳн жана жетекчилик тарабынан бекитилген. Жалпы кайрылган жарандардан социалдык пособия чегерγγ боюнча арыз кабыл алуу журналдары ар бир кызматкерлерде бар, иш жγргγзγγ боюнча жогорку кызматтардан келген каттарды каттоо журналы бар. Шаар боюнча социалдык жѳлѳк пул алуучулар тиешелγγ керектγγ кагаздарын мыйзам чегинде топтоп, кварталдык комитеттердин алдындагы комиссия мγчѳлѳрγ алардын жашоо шартын изилдеп, акты тγзγлγп, комиссиянын сунушунун негизинде жарактуу документерди тапшырышат жана ошол документерди Ѳзгѳн шаарынын мэриясында тγзγлгѳн комиссиянын кароосуна коюлат, ал комиссиянын кароосунан ноябрь айында 2 дело кемчилдиктерди жоюу максатында кайра кайтарылган. Ѳзгѳн шаары боюнча 2015-жылдын 1-ноябрь айына карата 620 аз камсыз болгон γй-бγлѳнγн 2105 балдарына мамлекеттик жѳлѳк пул чегерилген. Анын ичинен: -8 эгиз балага 6,5 миң сом -3 жашка чейинки 409 балага 288,3 миң сом -3 жаштан 16 жашка чейин 1662 балага 1171,7 миң сом -26 студент балага 18,3 миң сом Бардыгы болуп 1 айдагы тѳлѳнγγчγ сумма 1484,8 миң сомду тγзѳт, -бир жолу берилγγчγ сγйγнчγ акча 10 балага 22,4 миң сом берилген. Дѳң-Булак айылдык округу боюнча 2015-жылдын 1-ноябрына карата 377 аз камсыз болгон γй-бγлѳнγн 1032 балдарына мамлекеттик жѳлѳк пул чегерилген. Анын ичинен: -12 эгиз балага 9,7 миң сом -3 жашка чейинки 194 балага 136,8 миң сом -3 жаштан 16 жашка чейинки 811 балага 571,7 миң сом -15 студент балага 10,6 миң сом баардыгы болуп 1 айдагы сумма 728,8 миң сомду тγзѳт, -8 балага бир жолу берилγγчγ сγйγнчγ акча 13,3 миң сом берилген. Баш-Дѳбѳ айыл округу боюнча 2015-жылдын 1-ноябрына карата 91 аз камсыз болгон γй-бγлѳнγн 276 балдарына мамлекеттик жѳлѳк пул чегерилген. Анын ичинен -4 эгиз балага 3,2 миң сом, -3 жашка чейинки 60 балага 42,3 миң сом, -3 жаштан 16 жашка чейинки 207 балага 146,0 миң сом, -5 студент балага 3,5 миң сом, -баардыгы болуп 1 айдагы керектелγγчγ сумма 195,0 миң сомду тγзѳт, -бир жолу берилγγчγ сγйγнчγ пул катталган эмес. Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгы боюнча 2015-жылдын 1-ноябрь айына карата 1088 аз камсыз болгон γй-бγлѳнγн 3413 балдарына мамлекеттик жѳлѳк пул чегерилген. Анын ичинен , -24 эгиз балага 19,4 миң сом , -γч жашка чейинки 663 балага 467,4 миң сом , -3 жаштан 16 жашка чейинки 2680 балага 1889,4 миң сом, -46 студентке 32,4 миң сом, Баардыгы болуп бир айдагы керектелγγчγ суммасы 2408,6 миң сомду тγзѳт. -бир жолку берилγγчγ сγйγнчγ акча γчγн 224 балага 435,7 миң сом чегерилген. Жалпы жѳлѳк пул 2015-жылдын 1-ноябрына карата 17553,5 миң сомду тγзгѳн. Ѳзгѳн шаарында учурда мамлекет тарабынан жеңилдик алууга укугу бар категориядагы жарандар 2015-жылдын 1-ноябрына карата баардыгы болуп 387 адамды тγзгѳн. Алар тѳмѳндѳгγлѳр:

1. УАМСМ (Улуу Ата-мекендик согуштун майыптары) -1,

2. УАМСК (Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучулары) -2

3. Афган согушунун майыптары -7,

4. Афган согушунун катышуучулары -58,

5. Советтик армиянын майыптары-11,

6. Оруктун майыбы-1,

7. Оруктун катышуучулары -14,

8. Реабилитация болгон адам -1,

9. ЧАЭСтин майыптары – 6,

10. ЧАЭСтин балдары жана неберелери -11,

11.УАМС катышуучусунун жесирлери - 11,

12. УАМС майыбынын жесирлери -11,

13. ИИМ кызматкерлеринин жесирлери - 2,

14. ЧАЭСтин катышуучуларынын жесирлери - 3,

15. Донорлор боюнча - 1,

16. Кѳзγ азиздер, дудук, дγлѳйлѳр -193,

17. 18 жашка чейинки кѳзγ азиз, дудук, дγлѳйлѳр -54.

Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгында мамлекет тарабынан жеңилдик алуучулардын 17 категориялары бар, буларга КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 Жарлыгына ылайык энергия булактарына тариф саясатынын ѳзгѳрγшγнγн шартында даректγγ кызмат кѳрсѳтγγ, женилдиктерди оптималдаштыруу максатында 2010-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктерди алмаштырган ар ай сайын акчалай компенсациялар тѳлѳнѳ турган кишилердин саны 2015-жылдын 1-ноябрына карата 387 адамды тγзѳт, алардан 238 жаранга Кыргыз почтасы аркылуу 260,0 миң сом, ал эми 149 жаранга KiCB банк аркылуу 580,5 миң сом тѳлѳнγп берилген, баардыгы болуп 845,8 миң сом берилген . 2015-жылдын 1-ноябрына чейин жалпы оорунун майыптарынан 40 адамга ден-соолугун чындоо γчγн Мамакеев санаториясына жолдомо берилген. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70-жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо кѳрсѳтγγ максатында 2010-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын Призидентинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ѳмγр бою берилγγчγ Кыргыз Республикасынын Призидентинин стипендиясын белгилѳѳ жѳнγндѳ №20 Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-апрелинен баштап 2015-жылдын 1-ноябрына чейин 3 ардагерге айына 3,0 миң сомдон 9,0 миң сом берилип, баардыгы болуп 81,0 миң сом тѳлѳнгѳн. Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун негизинде 2015-жылдын 1-майынан баштап кошумча ѳмγр бою берилγγчγ стипендиясы 2 ардагердин ар бирине 7,0 миңден, жалпысы 14,0 миң сом Кыргыз почтасы аркылуу тѳлѳнгѳн. Ал эми 1 ардагерге 7,0 миң сом КiСБ банкынан тѳлѳнγп берилген, баардыгы болуп ушул кγнгѳ чейин 169,0 миң сомду тγзгѳн. Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеништин 70-жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштук ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жѳнγндѳ 2015-жылдын 8-апрелиндеги №203 токтомунун негизинде 9-майга карата: -УАМС 1 майыбына 25,6 миң сом, -УАМС 2 катышуучуларынын ар бирине 25,4 миң сомдон 50,8 миң сом, баардыгы болуп 76,4 миң сом берилген. -УАМС ардагерлеринин 27 жесирине 10000 сомдон, баардыгы 270000 сом берилген. -Ооруктун 15 катышуучуларына 10100 сомдон 151500 сом берилген . Баардыгы болуп 497900 сомду тγзгѳн. Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 70-жылдыгына карата УАМС 2 катышуучуларына Ѳзгѳн шаар мэриясы тарабынан 10000 сомдон берилген. Республикалык бюджеттин эсебинен оорусу боюнча 1-топтогу майыптарга 9 майыптык арабача берилген. Врачтардын рецептеринин негизинде оорусу боюнча 66 адам 29100 сомдук даары-дармектер менен камсыз болгон. Шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгында эмгектенген 5 социалдык кызматкер 80 жаранга γйлѳрγнѳ барып социалдык тейлѳѳ кызматын кѳрсѳтγшѳт. Алардын ичинен: жалгыз бой - 1 адам, жакырлар - 29, ден-соолугу, мγмкγнчγлγгγ чектелгендер -50 жаран. Жетекчиликтин ѳзγнѳ 6 кат жγзγндѳгγ арыз тγшкѳн, кат ээлерине ѳз убагында жооптору берилип канаттандырылган. 1-октябрь улгайгандардын кγнγнѳ карата шаар мэриясы тарабынан 26 жаранга 1000 сомдон, райондук Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан 12 жаранга 1000 сомдон берилген. Жыл ичинде аз камсыз болгон жардамга муктаж аярлуу катмардагы 735 жарандарга баардыгы болуп 546500 сом берилген. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 20-июль №131, 2011-жылдын 4-апрелиндеги №134, 2012-жылдын 18-октябрындагы №723 токтомдорунун негизинде 2015-жылдын 1-ноябрына карата 822 γй-бγлѳнγн 925 баласына социалдык жѳлѳк пул чегерилди. Булар бала кезинен 1, 2, 3 топтогу майыптар, багуусунан ажыраган жетим балдар жана башкалар, баардыгы болуп 1994,0 миң сом тѳлѳп берилген. Аз камсыз болгон балдары бар, социалдык жѳлѳк пул алуучу γй-бγлѳлѳргѳ женилдиктердин ордуна акчалай компенсация 2015-жылдын 1-ноябрына карата: -социалдык жѳлѳк пул алуучулардан -516 адамга 1254,1 миң сом -акчалай компенсация -260 адамга 260,0 миң сом -стипендия- 2 адамга 6,0 миң сом -стипендияга кошумча -2 адамга 14,0 миң сом -3 жаштан жогорку мамлекеттик жѳлѳк пул алуучулардан 381 адамга 778,6 миң сом -3 жашка чейинки 269 адамга 263,7 миң сом -сγйγнчγ пул алуучулардан 24 адамга 53,6 миң сом Баардыгы болуп 1454 адамга 2630,0 миң сом тѳлѳнγп берилген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык ѳнγгγγ Министрлигинин 2012-жылдын 20-июлундагы «Мамлекеттик жѳлѳк пулдарды, акчалай компенсацияларды банк аркылуу тѳлѳп берγγ жѳнγндѳ» №148 буйругуна ылайык: -Социалдык жѳлѳк пул алуучулардан -292 адамга 67,6 миң сом. -Акчалай компенсация алуучу 150 адамга 369,5 миң сом -стипендия 1 адамга 3,0 миң сом . -надбавка стипендия 1 адамга 7,0 миң сом -3жаштан жогорку мамлекеттик жѳлѳк пул алуучудан 683 адамга 1189,4 миң сом. -3 жашка чейинки 459 адамга 376,3 миң сом -сγйγнчγ пул алуучулардан 21 адамга 47,5 миң сом Баардыгы болуп 1607 адамга 2869,1 миң сом банк аркылуу тѳлѳп берилген. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап «Социалдык маселелер, гендер, жаштар жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы токтом кылат:

1. Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын элге даректγγ социалдык жардам кѳрсѳтγγдѳгγ жγргγзγп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Милдеттендирилсин:

-Калктын аярлуу катмарына, жалгыз бой, мγмкγнчγлγгγ чектелген оорулуу жана социалдык колдоого муктаж жарандарга даректγγ жардам кѳрсѳтγγнγ жакшыртуу, -Даректγγ иш алып барууда кварталдык комитеттер менен тыгыз иш алып баруу, -Жалпы ишкананын тγзγлгѳн иш пландарынын аткарылуусун кѳзѳмѳлдѳѳнγ кγчѳтγγ жана алардын аткарылышын протокол менен бекитγγ, -Башкармалыктын бѳлγмдѳрγн оңдоо жана жетишээрлик эмеректерди алып берγγ γчγн акча каражатын бѳлγп берγγнγ мэрияга тапшыруу.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнγ Ѳзгѳн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жаштар жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Токтомду бекитип берγγ жагы Ѳзгѳн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын

«Социалдык маселелер, гендер, жаштар жана спорт боюнча»туруктуу комиссиясынын тѳрагасы

С. Джусупов
