# Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы № 75 "Кара-Суу районунун 3670 га жер тилкесин Ош шаарынын карамагына өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы № 75 "Кара-Суу районунун 3670 га жер тилкесин Ош шаарынын карамагына өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 75
- Дата принятия: 18.12.2012
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.12.2012
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/27238>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2491/edition/604478/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.12.2012 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы № 75 "Кара-Суу районунун 3670 га жер тилкесин Ош шаарынын карамагына өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.12.2012) - https://aqlex.ai/kg/doc/27238

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (III чакырылыш)

2012-жылдын 18-декабры № 75 Кара-Суу районунун 3670 га жер тилкесин Ош шаарынын карамагына өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун 3670 гектар жер тилкесин Ош шаарына кошуп алуу жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 17-декабрындагы 437/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов) Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-октябрындагы №173 «Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын администрациялык-аймактык чек арасын белгилөө жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун 3670 гектар жер тилкесин Ош шаарынын административдик аймагына кошуп алуу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү жагы тапшырылсын.

2. Бул токтом мыйзама каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Сабиров
