Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык кеңешинин «Кара-Суу районунун 3670 га жер тилкесин Ош шаарынын карамагына өткөрүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (III чакырылыш)
2012-жылдын 18-декабры № 75 Кара-Суу районунун 3670 га жер тилкесин Ош шаарынын карамагына өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун 3670 гектар жер тилкесин Ош шаарына кошуп алуу жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 17-декабрындагы 437/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов) Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-октябрындагы №173 «Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын администрациялык-аймактык чек арасын белгилөө жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун 3670 гектар жер тилкесин Ош шаарынын административдик аймагына кошуп алуу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү жагы тапшырылсын.
2. Бул токтом мыйзама каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «Об установлении административно-территориальной границы города Ош Кыргызской Республики»Закон · 04.10.2004 · № 173