Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2012 -жылдын 23- апрелиндеги №15 « 2012-2016-жылдарга экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК ӨКМӨТҮ ТОКТОМ Салам-Алик айылдык кеңешинин 4-чакырылыш 23-сессиясынын
2012-жылдын 6-февралы №15 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн кубатуулугунун артыруу максатында жана калктын калың катмарынын көйгөйлүү масалелерин чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында инвестицияларды тартуу багытында Салам-Алик айыл өкмөтү 2012-2016-жылдарга айыл өкмөтүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыкты. Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынын 2012-жылдын 17-январындагы № 8 « Өзгөн районунун 2012-2016-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндөгү» токтомун ишке ашыруу жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү максатында Салам-Алик айыл өкмөтү:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынын 2012-жылдын 17-январындагы № 8 «Өзгөн районунун 2012-2016-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндөгү» токтому жетекчилике жана аткарууга алынсын.
2 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл башчыларынын жана мекеме-уюмдардын сунуштарын эске алуу менен айыл аймагынын 2012-2016-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү № 1тиркеме, иш-чаралары № 2 тиркемеге,инвестициялык долбоорлор № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана айылдык кенештин сессиясына сунушталсын.
3. Айыл аймагынын 2012-2016-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген инвестициялык долбоорлорго инвесторлорду тартуу, аларга өз убагында маниторинг жүргүзүп туру жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн финансы -экономика бөлүмүнө, айыл -чарба жана комуналдыкменчик боюнча кызматкерлерге жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
4. Айылдык башкаруулардын башчылары жана мекеме ишканалардын жетекчилери айылдарынын жана мекеме ишканалардын экономикалык өнүгүү програмаларынын аткарылышы боюнча маалыматы ар квартал сайын айыл өкмөтүнө берип турушсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл өкмөгүнүн башчысынын орун басары Р.Сатыбалдыевке милдетендирилсин
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы
С. Инашов
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын февралындагы № 15 токтомуна №2 тиркеме
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдары үчүн Өнүгүү стратегияларынын иш-чаралары
№
Иш-чаралар
Жооптуу аткаруучулар
Ишке ашыруунун мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар
I. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн экономикалык баргерчилигине жетишүүнүн артыкчылыктары
1.
Айыл өкмөтүнүн дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 3-5 %га жыл сайын көбөйүүнү төмөндөгүлердүн эсебинен камсыздоо:
- жалпы инвестициялардын көлөмүн 1-2 эсе көбөйтүүдөн;
- экономикалык процесстерге калктын жигердүү катышуусунан, анда чакан жана орто ишкердүүлүктүн үлүшүн көбөйтүүнүн эсебинен болот;
- экономиканы модернизациялоого (жаңылаштыруу) жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 15-20%га чейин көтөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн практикалык чараларды көрүүдөн
- ар бир калк жашаган жерлерге байланыштын бардык түрлөрүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көтөрүүдөн;
- кадрлардын туруксуздугун жана квалификациялык кесипкөй адистердин көп кетүүсүн минимумга түшүрүү максаттарында мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүү системасын киргизүүдөн;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн, чыгашалардын суммаларынан жогорулоосунун өсүүсүн
Айыл өкмөтү, айыл башчылар, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Айыл өкмөтүнүн аймактарында, анын жашоо ишмердүүлүгүнүн түрдүү сфераларында, дүң продукцияларды өндүрүүнү калктын ар бир жанына 2 эседен кем эмес көбөйтүү аркылуу, калктын жыргалчылыгын, жашоо сапатын көтөрүүгө багытталган алга умтулуучу, туруктуу жана тездетилген өнүгүүсүн камсыздоо. Калктын кирешесин -20%ашык көтөрүү.
көбөйтүүдөн, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды сарп кылуунун эффективдүүлүгүн көтөрүүдөн; - социалдык сферадагы башка түзүүчү көрсөткүчтөр менен кедейчиликтин деңгээлин жыл сайын 5 же андан жогорку пайызга төмөндөтүүдөн.
II. Өнүгүү чөйрөсүнүн жагымдуулугун жогорулатуу
2.1. Айыл өкмөтүнүн калкынын эмгектик жана ишкердик кудуретин максималдуу ачуу, болгон эмгек ресурстарын эффективдүү колдонуу, базар экономикасынын заманбап ииституттарын түзүү
2.1.1. Жеке ишкердиктин мындан ары өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
2
Бизнести жүргүзүүнүн жана уюштуруунун шарттарын жакшыртуу боюнча чаралардын топтомдорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Жаны жумуш ордуларын түзүү, товарларды өндүрүүнү көбөйтүү
3
Инвестициялык климатты (шартты) жакшыртуу боюнча чаралардын топтомдорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Инвестициялардын (ички жана сырткы) келүүсүн көбөйтүү, капиталдык курулуштун көлөмүнүн өсүүсү, экономиканын тармактарынын өнүгүүсүнүн кошумча жумуш ордун түзүү
4
«Салам-Алик айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк кубаттуулуктарынын эффективдүү жайгаштырылышы» Программасын иштеп чыгуу, этабы менен жайылтуу жана жүзөгө ашыруунун чараларын түзүп чыгуу
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Болгон ресурстарды колдонуунун эффективдүүлүгүн көтөрүү, экспорттук жана импортту алмаштыруучу өнүмдөрдү күчөтүү, экономиканын өнөр жай тармагын өнүктүрүү
5
Салам-Алик айьш өкмөтүнүн стратегиялык инвестициялык долбоорлорун жүзөгө ийгиликтүү ашыруу максатында жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Инвестициялардын келүүсүн көбөйтүү, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, кошумча жумуш ордун түзүү
6
«2014-жылга чейин Кыргыз Республикасында ишкердүүлүктү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын» иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Жеке ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести колдоодо бекемдүүлүктү, туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү көтөрүү
III. Өнүгүүнүн багыттары жана артыкчылыктары
3.1. Экономикалык өсүүнүн сапатын көтөрүү
7
Жаңы ишканаларды ишке киргизүүдөн жана өндүрүштүк жабдууларды жаңылоодон 8%дан кем эмес жогорулатуунун эсебинен кубаттуулукту жыл сайын күчөтүүнү камсыздоо
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Иштеп жаткан, кайрадан иштетип чыгаруучу ишканалардын ишин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү, жумуш
ордуларын көбөйтүү
8
Өнөр жай продукцияларынын өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн жылдык өсүүсүн 8ден 10%га чейин камсыздоо
Айыл өкмөтү,кичи өнөр жай ишканалары
2012-2016-жж.
Айыл аймагындагы кичи дүкөндөрдү ата мекендик продукциялар менен толтуруу, кошумча жумуш ордуларын түэүү
9
Жаңы технологияларды киргизүү жана өндүрүлүп жаткан продукциялардын ассортименттерин кеңейтүү боюнча жаңы долбоорлорду өздөштүрүү аркылуу иштеп жаткан ишканаларды этабы менен модернизациялоо
Айыл өкмөтү,кичи өнөр жай ишканалары
2012-2016-жж.
Өндүрүлгөн продукциялардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жана сапатын көтөрүү
10
Өнөр жайды модернизациялоодо,экологиялык газа технологияларды колдонуу чараларын иштеп чыгуу жана таратуу
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Өнөр жай тармагына акчалай салым кошкон чет элдик жана ата мекендик инвесторлорго жеңил шарттарды түзүп берүү,
11
Экономикалык округдардын аймактык-административдик түзүлүштөрүн реформалоо жана оптималдоо, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартынан №171 Токтомунда бекитилген Мамлекеттик аймактык саясаттын концепциясын калыптандыруу боюнча иш-чараларды иш жүзүнө ашыруу жана алардын базасында аймактык, аймак аралык кластерди түзүү
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар,
2012-2016-жж.
Толук циклди камсыздоо, айыл чарба чийки затынан баштап даяр (акыркы) даяр продукцияга жеткируү. Экономикалык кудуретти аныктоо, атаандашууга жөндөмдүү экономикалык кластерлерди колдоо жана өнүктүрүү аркылуу экономиканын секторлорун модернизациялоонун шарттарын түзүү
12
Аймакта туруктуу социалдык-саясый жагдайды камсыздоо жана ошонун негизинде ата мекендик, чет элдик инвесторлордун инвестициялык жигердүүлүгүн көтөрүү
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Экономикалык процесстерди турукташтыруу, реалдуу сектордун кудуретин, экономикалык жана социалдык сфераларда өнүгүүдөгү илгери адымдаган кыймылды күчөтүү, районго инвестициялык кирүүлөрдү көбөйтүү, кошумча жумушчу ордуларын түзүү
13
Саясый, экономикалык жана социалдык процесстеринин үстүнөн демократиялык башкаруунун эффективдүү механизмдерин иштеп чыгуу жана аларды аймактын территориясында таратуу
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Экономиканын аймактык жана социалдык секторлорун өнүктүрүү, элдин жыргалчылыгын көтөрүү, жашоонун сапаттуу көрсөткүчтөрүнүн жакшыртуу, калктын идеологиялык жана патриоттук жигердүүлүгүн көтөрүү, эртеңки күнгө болгон ишенимин жогорулатуу
14
Өндүрүштүк кудуретти күчөтүүнүн эсебинен жыл сайын экономикалык тармактарындын ичинен өнөр жай тармагында жумушчулардын санын 1,0%га көбөйтүү
Айыл өкмөтү,кичи өнөр жай ишканалары
2012-2016-жж.
Калк жумуш менен камсыз болуп, жумушсуздардын саны азаят.
15
Өнөр жай тармактарынын багыттарын өзгөртүү процесстерине ийгиликтүү жетишүүгө түрткү берүү, too кендерин казып чыгаруу тармактарын аныктоо, жыгач иштетүүнү; тигүүчү тармактарын жаңы маалымат технологияларын эсепке алуу менен өнүктүрүү
Айыл өкмөтү, мамлекеттик эмес уюмдар, коммерциялык структуралар, чет элдик долбоорлордун катышуусу менен
2012-2016-жж.
Айыл өкмөтүнүн калкынын муктаждыктарын көмүр кендерин казып алуу тармактарынын продукциялары менен толук камсыздоо жана канааттандыруу. Аймактын экономикалык өнүгүүсүнүн көрөсткүчтөрүн көтөрүү
16
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалардын тармактарын кеңейтүүнү ичине камтыган өнөр жай тармагын индустриялуу негизге этабы менен өтүүсүн камсыздоо жана анын сапатын жогорулатуу
Айыл өкмөтү,жеке ишкерлер
2012-2016-жж.
Экономиканын тармактарынын багытын өзгөртүү, каржы-чарбалык ишмердүүлүктүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу (рентабельдүүлүктүн деңгээлин көтөрүү, өнүмдүн өздүк наркын төмөндөтүү,
3.1.3. Too кендерии казып чыгаруу тармагын өнүктүүрүү программасы
17
Токтоп калган пшканаларды реабилитациялоо боюнча иштеп чыгарылган чаралардын жардамы менен көмүр казып алуу тармагын өнүктүрүүгө көңүл буруу: пайдалуу кендердин чыккан жерин иштетүү боюнча ишканаларды ишке киргизүү, алардын катарында: - Айыл өкмөтүнүн «Торгой» жана «Кара-Дөбө» участкасында;
Айыл өкмөтү,чарба субьектилери
2012-2016-жж.
Айыл өкмөтүнүн энергетикалык базарында керектөөнү канааттандыруу үчүн отунду казып алуунун көлөмүн көбөйтүү. Көмүр казып алуунун өсүүсүн камсыздоо
IV. Айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү
4.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчүлүктү жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
18
Жыл сайын кара малдардын жана кой-эчкилердин жалпы санын өстүрүү жана мал чарбачылыгынын өнүмдүүлүгүн көтөрүү:
- кой өстүрүүчүлүктү - 5%га;
- эчки өстүрүүчүлүктү - 5%га;
- аары багуучулукту - 10%га
Айыл өкмөтү, айыл чарба өнүгүү жана ветеринардык бөлүмдөр, айыл чарба ишкерлери
2012-2016-жж.
Калкты сапаттуу азык-тамак менен камсыздоо
19
Ички чарбалык сугат түйүнү боюнча талап кылынган ченемге чейин сугат сууну жеткирип берүү
Айыл өкмөтү, айыл башчылар
2012-2016-жж.
Айыл чарба продукцияларынын көлөмүн көбөйтүү
20
Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн гектарына 30-32 центнерге чейин көбөйтүү
Айыл өкмөтү,айыл чарба ишкерлери
2012-2016-жж.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларынын көлөмүн көбөйтүү
21
Айыл чарбасннын дүң продукцияларынын көлөмдөрүнүн жылына 3%дан 5%га чейин жогорулатуу
Айыл өкмөтү,жер жана комуналдык менчик боюнча бөлүмү, айыл чарба ишкерлери
2012-2016-жж.
Айыл чарбасынын өнүгүүсүндөгү илгери адымдаган өсүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба дүң продукцияларынын өсүүсү
4.2. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча иш-чаралар
22
Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүдө адистериштирилген ири кооперативдерди түзүү боюнча методологиялык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү: айыл өнөр жай кластерлерин жана алар тарабынан жыл сайын айыл чарбанын жогорку сапаттагы өнүмдөрүн чыгарууну көбөйтүү камсыздоо
Айыл өкмөтү, жер жана комуналдык менчик боюнча бөлүмү, айыл чарба ишкерлери
2012-2016-жж.
Айыл чарба өнүмдөрүнүн түшүмдүүлүгүн көтөрүү, өздүк наркын төмөндөтүү, рентабелдүүлүктүн деңгээлин көтөрүү жана кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле кошумча жумуш ордуларын түзүү, бүтүндөй тармактын перспективдүү өнүгүүсү
23
Айыл өкмөтүнүн калкын айыл чарба азык-түлүктөрү
Айыл өкмөтү, жер жана
2012-2016-жж.
Айыл чарба продукцияларынын
менен өзүн өзү камсыздоо көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу
комуналдык менчик боюнча бөлүмү айыл чарба ишкерлери
импорттук келүүлөрүн кыскартуу, аймактын керектөөчүлөрүн жергиликтүү өндүрүштүн продукциялары менен камсыздоо, экспорттук жеткирүүлөрдү көлөмүн көбөйтүү
4.3. Айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча иш-чаралар
24
Айыл өкмөтүндө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн айыл чарба продукцияларын сатып алуу жана сатуу боюнча кызмат көрсөтүүчү айыл чарба кооперативдерин уюштуруу
Айыл өкмөт, жергиликтүү ишкерлер (макулдашуулар боюнча)
2012-2016-жж.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн материалдык базасы жакшыртуу, өндүрүлгөн продукцияларды сатуу
V. Курулуш
25
Курулуш обьектилери боюнча долбоордук сунуштарды тиешелүү уюмдар менен макулдашуу
Айыл өкмөтү, айыл башчылар
2012-2016-жж.
Турак-жайды даярдоонун жана куруунун мөөнөттөрүн кыскартуу
26
Аймактын инфраструктурасын жана экономиканын тармактарын зффективдүү өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорлорду өздөштүрүү
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Реалдуу сектордогу экономикалык процесстерди өнүктүрүү жана күчөтүү, социалдык сферага оң таасир этүү
27
Айыл өкмөтүндө курулуш тармагын жандандыруу жана курулуштун 20%дан кем эмес өсүүсүнө жетишүү
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Курулуш материалдарын өндүргөн ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун иш менен толтуруунун камсыздоо, сатуунун жергиликтүү базарларын, инвестицияларды тартууну көлөмүнүн өсүүсүн түзүү,
VI. Туризмди өнүктүрүү
28
Элдик кол өнөрчүлөрдүн чеберлеринин, кыргыз элинин үрп-адатын жана салттарын көрсөтүү, улуттук оюндарды өткөрүү - ат-спорттук ж.б.
Айыл өкмөтү, айыл башчылар
2012-2016-жж.
Айыл өкмөтүнүн имиджин калыптандыруу, туристтердин келүүсүнүн санын көбөйтүү
6.2. Туристтерди тейлөөнүн сапатын көтөрүү
29
Туристтик обьектилердин инфраструктурасын өнүктүрүү жана туристтерди тейлөө деңгээлин көтөрүү аркылуу жыл сайын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн 10-15%га көбөйтүүгө жетишүү
Айыл өкмөтү, Жазы токой чарбасы,Салам-Алик туристик баазасы
2012-2016-жж.
Туристтик ишмердүүлүктү өнүктүрүү, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү
VII. Тейлөө базары, чекене соода жана экспорттук продукцияларга дем берүү
30
Бузулган соода обьектилерин, түйүндөрүн калыбына келтирүү жана кайрадан ишке киргендерин көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алуу
Айыл өкмөтү, Айыл башчылар, жеке ишкерлер.
2012-2016-жж.
Калктын жумуш менен камсыз болуусун камсыздоо
31
Тейлөөнүн бардык түрлөрүнө жетиштүүлүгүн камсыздоо. Акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмүн 8 ден 10%га жыл сайын көбөйтүү
Айыл өкмөтү,Айыл башчылар, жеке ишкерлер
2012-2016-жж.
Көрсөтүлгөн базардык тейлөөлөрдүн көлөмүн жана сапатын көбөйтүү
7.1. Сооданы өнүкгүрүү жана экспортко демилге берүү
VIII. Инфраструктура
Жол сектору
32
2014-жылга калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен оптималдуу камсыздоо
Айыл өкмөтү, айыл башчылар
2012-2016-жж
Жугуштуу аш казан-ичеги ооруларынын санын кыскартуу, медициналык камсыздандыруу боюнча бюджеттик чыгымдарды төмөндөтүү
33
Электр өткөрүү линияларынын жалпы узундугун көбөйтүү, мурда болгон электр өткөрүүчү линияларды реконструкциялоо жана кошумча электр көмөкчү подстанцияларды куруу жолдору менен калкты үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоону тийиштүү уюмдарга сунуш берүү
Айыл өкмөтү Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу, РЭТ ишканасынын бөлүмү
2012-2016-жж.
Жабдууларды модернизациялоонун эсебинен электр энергиясын керектөөнүн көлөмдөрүн кыскартуу, өндүрүштө жана күндөлүк тиричиликте жашаган комфорттуу шарттарда үзгүлтүксүз циклдерди камсыздоо
IX. Байланыш жана информатизациялоо
34
Калктуу конуштарды телерадиоберүүлөрүнүн программалары менен толук кам i ууну камсыздоо
Айыл өкмөтү, айыл башчылар
2012-2016-жж.
Айыл өкмөтүнүнкалкынын толук маалыматка ээ болуусу
X. Курчап турган чөйрөнү таза кармоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо
35
Токой аянттарын санитардык тазалоодон башка убактарда, токой тигилген аймакты кыюуну токтотуу
Айыл өкмөтү, Жазы токойчулугу,айыл башчылар,
2012-2016-жж.
Табийгый ландшафтарды жана экосистемаларды коргоо жана сактоо
36
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жердин башка категориясына өгкөрүүгө тыю салуу
Айыл өкмөтү, Жер жана комуналдык менчик боюнча бөлүмү
2012-2016-жж.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин сакталышы
37
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дарыялардагы жээкти коргоочу дамбаларды куруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу
Айьш өкмөтү
2012-2016-жж.
Жээкти коргоочу дамбаларды реабилитациялоо боюнча долбоорлорду тартуу
XI. Аймактардын өнүгүүдө ролу жана катышуусу
38
Мамлекеттик аймактын саясатты өнүктүрүү бөлүгүндө ченемдик-мыйзам чыгаруу актыларын иштеп чыгууга жана аларды сунуштоо
Айыл өкмөтү, айылдык кеңеш
2012-2016-жж.
Аймактын экономикасы үчүн он натыйжаларды күтүү, мамлекеттик чынжырдын бардык төңөлөктөрүнүн иштеги өз ара байланышы
39
Айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасынын негизги максаттары, коюлган милдеттери жана артыкчылыктары жана аны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкты жетиштүү жана сапаттуу маалымдоо менен камсыздоо
Айьш өкмөтү,айылдык кеңеш
2012-2016-жж.
Реалдуу сектордун жана социалдык сферанын экономикалык процесстерине калкты жигердүү катышууга тартуу
40
Айыл өкмөтүнүн активдеринин жылдык инвентаризациясын өткөрүү
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Аймактарды кийин капиталдаштыруу үчүн акмактардын активдеринин реалдуу баасын аныктоо
41
Демилге берүүлөрдүн (пакет, план) жана ишканалар үчүн жагымдуу шарттардын системасын иштеп чыгуу
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү
42
Айыл өкмөтү боюнча өнүктүрүүнүн стратегиясын иш жүзүнө ашыруу камсыздоо
Айыл өкмөтү
2012-2016-жж.
Калктын оокаттуулугун, аймактын экономикалык жана каржылык кудуретин көтөрүү
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Нышанбаев Д.
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 6 февралындагы № 15 токтомуна №3-тиркеме
Салам-Алик айыл өкмөтү боюнча 2012-2016-жылдарга киргизилүүчү инвестициялык долбоорлор
№
Долбоорлордун аталышы
Күтүлүү жыйынтыгы
Долбоордун
Каржылоо булактары
Аткаруу мөөнөтү
Жаңы жумушчу орундары пайда болот
Кимдер тарабынан
жалпы суммасы (мин сом)
Мүмкүнчүлүгү (миң сом)
Керектеүүчү инвести ция (миң сом)
(жыл)
аткарылат
1. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү
1.
Салам-Алик айылында мөмө- жемишти кайра иштетүү ишканасын куруу (мөмө-жемиш кургатуу цехи)
Калк азык-түлүк менен камсыз болуп, жаңы жумуш орун түзүлөт
600.0
600.0
2012-
2014
3-5
Айыл өкмөтү, жеке ишкер
2. Өнөр жайы
2
Салам-Алик айылына, кийим тигүү цехин ишке киргизүү
Калк жумуш ордулары менен камсыз болот.
3000.0
3000.0
2012-2013
Айыл өкмөтү, жеке ишкер
3
Кызыл-Чарба айылына, пескоблок чыгаруучу цех ачуу
Жаңы жумуш орун түзүлөт
500
500
2012-2013
3
жеке ишкерлер
4
Салам-Алик айылында, жыгач иштетүү цехти ишке киргизүү
Жаны жумуш орун түзүлөт
2500.0
200.0
2300,0
2014-2016
5
жеке ишкер
Туризм
1
Салам-Алик айылындагы мурунку "Салам-Алик" пионер лагерин реконструкциялоо
Элдин ден соолугу чыналат
4700.0
200.0
4500,0
2015-2016
15-20
айыл өкмөтү,
3. Социалдык жактан камсыз кылуу
2.
Кызыл-Чарба айылына мончо куруу
Калкты тейлөө маданияты жогорулайт
1300
100
1200
2012-2013
Айыл өкмөтү, жеке ишкерлер
3.
М.Сагынова
ортомектебине тосмо тосуу
Калкты тейлөө
800
80
720
2012-2015
Шаар мэриясы, жеке ишкер
4.
М.Сагынова орто мектебинин жылытуу системасын куруу
Калкты тейлөө
1500
150
1350
2015
Айыл өкмөтү
5.
Салам-Алик айылына шагыл төгүү
Калкты тейлөө маданияты жогорулайт
1000
120
880
2012
Айыл өкмөтү
6.
Салам-Алик айылында көпүрөнү ремонт жасоо жана дамба куруу
Калкты тейлөө
1200
100
2012-2014
Айыл өкмөтү
7.
Р.Сатыбалды уулу орто мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоо
Калкты тейлөө
600
80
520
2012-2013
Айыл өкмөтү
8.
Ак-Терек орто мектебинин от казанын жаңылоо
Калкты тейлөө
500
50
450
2013-2015
Айыл өкмөтү
9.
Кош-Этер айылына ички жолго шагыл төгүү
Калкты тейлөө
700
70
630
2014-2016
Айыл өкмөтү
Кызыл -Байрак айылындагы көпүрөнү кап ремонт жасоо
Калкты тейлөө
500
500
2012
Айыл өкмөтү
10.
Арагөл айылына ичүүчү таза суу түтүгүн куруу
Калкты тейлөө
800
800
2012
Айыл өкмөтү
11.
Ж.Примкулов орто мектебинин имаратын куруу
Калкты тейлөө
10000
10000
2012-2014
Айыл өкмөтү
12.
15-жаш айылына жазы дарыясына көпүрө куруу
Калкты тейлөө
4000
4000
2012-2013
Айыл өкмөтү
Транспорт министирлиги
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Нышанбаев Д.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2009 года № 171 "О Концепции государственной региональной политики Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2009 · № 171