# Жумгал айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "«Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жумгал айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "«Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 26.06.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.06.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/270278>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33701/edition/661393/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.06.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жумгал айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "«Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө" токтому (ред. от 26.06.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/270278

---

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-апрели № 13 «Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө «Мин-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 358-р тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер –Министринин 10-февраль 2014-жылдагы № 18-22 сандуу протоколдук тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында айылдын аймагына Мин-Куш айылынын элин жайгаштырууга аныкталган жер тилкелерин «Жаӊы-Конуш», »Келечек» участкаларын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө Мин-Куш айылынын көчүрүлүүгө муктаж 11(он бир) үй-бүлөөгө аныкталган «Жаӊы-Конуш», "Келечек» участкаларындагы жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо боюнча айылдык депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Жумгал айылдык Кеӊеши токтом кылат:

1. Мин –Куш айылынын көчүрүлүүгө муктаж калкын 11(он бир) үй-бүлө аныкталган «Жаӊы-Конуш» жана »Келечек» конуштарындагы жер тилкелери турак- жай курууга трансформация кылууга сунушталсын.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин .

Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы

С. Санташов
