# Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-октябрындагы № 4 “Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-октябрындагы № 4 “Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 29.10.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.10.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/270121>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33544/edition/658829/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.10.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-октябрындагы № 4 “Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө” токтому (ред. от 29.10.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/270121

---

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги XIII заседаниесинин

2014-жылдын 29-октябры № 4 “Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө” Кызыл-Суу айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы 147-б. жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 27-майындагы №304-б. буйругун жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдагы 10-июнунун №112-б. буйругун аткарууга жана жетекчиликке алуу менен төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы №147-б. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 27-майындагы №304-б. буйругун жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдагы 10-июнунун №112-б. буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

2. Кызыл-Суу айыл аймагында калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча Кызыл-Суу айыл Өкмөтүнүн №32 17.06.2014-жылдагы буйругу ишке ашырылсын, жопптуу катчы Субанов Аматбектин билдирүүсү жактырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-окябрындагы №573 жана 2014-жылдын 7-майындагы №147–б буйруктары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилип, жума сайын маалымат берүү жагы көрсөтүлгөн. Бул иштерди аткаруу штаб жетекчисине тапшырылсын.

4. Биометрикалык маалымат топтоо үчүн негизги жабдууларды Кара-Суу районунун борборунан алып келүү жана бузулган болсо оңдоо үчүн алып баруу, алып келүүдө транспорт маселесин, акча каражатын чечип берүү Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Касимов Кимсанбекке милдеттендирилсин.

Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы

М. Нышанбаев
