Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин “Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги XIII заседаниесинин
2014-жылдын 29-октябры № 4 “Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө” Кызыл-Суу айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы 147-б. жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 27-майындагы №304-б. буйругун жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдагы 10-июнунун №112-б. буйругун аткарууга жана жетекчиликке алуу менен төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы №147-б. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 27-майындагы №304-б. буйругун жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдагы 10-июнунун №112-б. буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл аймагында калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча Кызыл-Суу айыл Өкмөтүнүн №32 17.06.2014-жылдагы буйругу ишке ашырылсын, жопптуу катчы Субанов Аматбектин билдирүүсү жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-окябрындагы №573 жана 2014-жылдын 7-майындагы №147–б буйруктары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилип, жума сайын маалымат берүү жагы көрсөтүлгөн. Бул иштерди аткаруу штаб жетекчисине тапшырылсын.
4. Биометрикалык маалымат топтоо үчүн негизги жабдууларды Кара-Суу районунун борборунан алып келүү жана бузулган болсо оңдоо үчүн алып баруу, алып келүүдө транспорт маселесин, акча каражатын чечип берүү Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Касимов Кимсанбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы
М. Нышанбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Правительства КР от 7 мая 2014 года № 147-р (Об образовании Республиканского штаба по внедрению Единого государственного реестра населения Кыргызской Республики и…Распоряжение · 07.05.2014 · № 147-р · Утратил силу