# Кара- Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/12 "Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Кара- Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/12 "Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/12
- Дата принятия: 17.03.2012
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.03.2012
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/26921>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2187/edition/345411/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.03.2012 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара- Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/12 "Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө"токтому (ред. от 17.03.2012) - https://aqlex.ai/kg/doc/26921

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

2012-жылдын 17 - март №27/12 Кара-Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө

1. Кара-Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун директору Т.Козубаевдин райондун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине спорттук клубдун айланасындагы жер аянттын чечим берү жөнүндө арызын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизиндеги сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара -Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты муниципалдык менчикке өткөндүгү белгиленсин.

2. Кара -Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене -тарбия жана спорт клубунун директору Т.Козубаевдин райондун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине спорттук клубдун айланасындагы жер аянттын чечим берү жөнүндө арызын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизиндеги сунушун мыйзам чегинде аткарылышы жөнүндө жогорку органдарга билдирүү берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.

Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы

И. Абжапаров
