# Кара-Кулжа айылынын кенешинин 2012-жылындагы 17-мартындагы № 27/7 "Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Кара-Кулжа айылынын кенешинин 2012-жылындагы 17-мартындагы № 27/7 "Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы жөнүндө"токтому
- Вид акта: Положение
- Номер: 27/7
- Дата принятия: 17.03.2012
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.03.2012
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/26916>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-802/edition/345404/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.03.2012 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Кулжа айылынын кенешинин 2012-жылындагы 17-мартындагы № 27/7 "Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы жөнүндө"токтому (ред. от 17.03.2012) - https://aqlex.ai/kg/doc/26916

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышынын

2012-жылдын 17 – марты №27/7 Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 08.02.2002-жылы кабыл алынган «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн, 15 «муниципалдык менчик обьекттерин пайдаланууга жана ижарага берү жөнүндө» статьясынын, 1 бөлүмчөсүнүн негизинде, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 .Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан «Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы канаттандырылсын.

2. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан «Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага (арендага) берүү жөнүндөгү келишимди түзүү жагы, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Б.Султановага жана жер боюнча адиси Таировго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы

И. Абжапаров
