# Ката-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/1 "Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ката-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/1 "Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18/1
- Дата принятия: 26.04.2012
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.04.2012
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/26768>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2104/edition/346008/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.04.2012 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ката-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/1 "Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.04.2012) - https://aqlex.ai/kg/doc/26768

---

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Катта-Талдык айылдык кеңешинин (IV-чакырылышын) XVIII сессиясынын

2012-жылдын 26-апрели № 18/1 Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бащчысы башкы эсепчи И.Бердиевдин докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы айрым алымча-кошумчасы менен канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 41788,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгү 41788,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин

4. Айыл өкмөттүн 2012-жылга штаты жалпы 32,0 штаттык бирдик менен бекитилсин,анын ичинен 8 айыл башчысы, ВУС-2 штаттык бирдик кенже тейлөөдөгү кызматкер 3,0 штат.

5. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн жана 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.

6. 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңештин төрагасы

А.Акаев
