Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ката-Талдык айылдык кеңешинин «Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Катта-Талдык айылдык кеңешинин (IV-чакырылышын) XVIII сессиясынын
2012-жылдын 26-апрели № 18/1 Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бащчысы башкы эсепчи И.Бердиевдин докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы айрым алымча-кошумчасы менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 41788,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгү 41788,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
4. Айыл өкмөттүн 2012-жылга штаты жалпы 32,0 штаттык бирдик менен бекитилсин,анын ичинен 8 айыл башчысы, ВУС-2 штаттык бирдик кенже тейлөөдөгү кызматкер 3,0 штат.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн жана 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
6. 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңештин төрагасы
А.Акаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 12 мая 2003 года № 271 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"12.05.2003 · № 271 · Утратил силу