# Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19-декабрындагы №124 "Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19-декабрындагы №124 "Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 124
- Дата принятия: 19.12.2011
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.12.2011
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/26057>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1603/edition/335518/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.12.2011 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19-декабрындагы №124 "Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө" токтому (ред. от 19.12.2011) - https://aqlex.ai/kg/doc/26057

---

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өмүралиев айылдык кеңештин V чакырылышынын жыйырма төртүнчү кеңешмесинин

2011-жылдын 19-декабры №124 Талас токой чарбасынын директору Э. Жаналиевдин каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.09.2006 - жылкы токтому менен бекитилген 2011-2015 жылдарга токой чарбасын өнүктүрүү иш аракеттеринин улуттук планын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 01.10.2011-жылы № 242 буйругунун негизинде айыл округунун пайдаланылбаган жерлеринен тез өсүүчү (тал, терек) токой көчөттөрүн отургузу) максатында 0.50 га жер аянтын бөлүп берүүгө айыл өкмөтүнө Талас токой чарбасынын директорунун кайрылып жазган катын талкуулап Өмүралиев айылдык кеңештин V чакырылышынын жыйырма төртүнчү кеңешмеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Өмүралиев айыл округунун аймагынан 0,50 га жер участогун айыл өкмөтүнүн пайдаланылбаган жерлеринен тез өсүүчү (тал, терек) токой көчөттөрүн отургузуу үчүн Талас токой чарбасына бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун башчысы К. Айталиевге милдеттендирилсин.

Өмүралиев айылдык кеңешинин төрагасы

Ж. Сагыналиев

Өмүралиев айылдык кеңешинин катчысы

3. Исманова
