Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин «Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 2-сессиясы
2017-жылдын 3-июлу № 2/5 Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы II-cессиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VII чакырылыштагы) сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдору Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.
Төрага
Б. Маткаримов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.