# Н. Исанов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 13-1 "Идентификациялоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Н. Исанов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 13-1 "Идентификациялоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13-1
- Дата принятия: 11.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/259014>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33319/edition/970378/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Н. Исанов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 13-1 "Идентификациялоо жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/259014

---

Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын 13- отуруму (сессиясы)

2017-жылдын 11-февралы № 13-1 Идентификациялоо жөнүндө

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 5 айылга элдин малын эмдеп кароо боюнча 4 ветеринардык сервистер бар, алар бүгүнкү күнү статтык каттоодон өтүп кызмат кылып жатат. Кыргыз Республикасында малдарды идентификациялоо мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 5- декабрындагы 2016- жылдын 11- апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2016- жыллдын 18- нояьрындагы № 176 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016- жылдын 11-15- июлундагы ЕАЭтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Н. Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке менчик кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча ветеринардык сервисинин врачтарына малдын ээси тарабынан 30,0 сомдон төлөп берүү жана оператор кызмат акысына 2,24 тыйын төлөп берүү үчүн айылдык Кенеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл тургундарынын жеке менчик малдарын идентификациялоодон өткөрүү үчүн жеке менчик вет сервисинин, вет врачтарынын ар бир кара малдын башына бирка таккандыгы үчүн 30,0 сомдон малдын ээси тарабынан төлөп берилсин.

Оператор кызматкерлерине малдын ээси тарабынан 2,24 тыйындан төлөп берилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн ветеринардын инспектору М. Абдыкаимовго тапшырылсын.

Төрага

Ж. Нурмаматов
