# Суу-Башы айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 5-августундагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Суу-Башы айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 5-августундагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 35
- Дата принятия: 05.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258702>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33280/edition/841258/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Суу-Башы айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 5-августундагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" токтому (ред. от 05.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258702

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊештин V чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы

2016-жылдын 5-августу № 35

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл аймагынын айылдык Кеӊештин укук тартибиби, мыйзамдуулукту сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э Ташмуратовдун маалыматын угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин (V чакырылышы) кезектеги XXXXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” №26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн алдында атайын координациялык кеӊеш түзүлүп анын иш чаралар пландары түзүлүп айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштердин бар экендиги белгиленсин.

2. 2016-жыл ичинде аткаруу милдеттери берилди:

- Болмолорго байкоочу видео камераларды орнотуу жана ишеним телефондорун илүү,

- Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу,

- Коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жер жерлерде жарандардын катышуусун активдештирүү,

- Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогорку болгон зоналардын маалымат базасын түзүү жумуштары жандандырылсын.

- Мектептерде жана балдар бакчаларында балдардан мыйзамсыз салык салып акча жыйноо кѳрүнүштѳрүнѳ жол берилбесин

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Борубаевге тапшырылсын.

Тɵрага

К. Маркаев

2.
