# Ленин айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 5 "Орто-Сай айылындагы бала бакча тууралуу айылдык Кеңештин атынан Жогорку Кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жөнөтүү боюнча депутат Тойчуев А. арызы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ленин айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 5 "Орто-Сай айылындагы бала бакча тууралуу айылдык Кеңештин атынан Жогорку Кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жөнөтүү боюнча депутат Тойчуев А. арызы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 14.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258569>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33148/edition/829098/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ленин айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 5 "Орто-Сай айылындагы бала бакча тууралуу айылдык Кеңештин атынан Жогорку Кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жөнөтүү боюнча депутат Тойчуев А. арызы жөнүндө" токтому (ред. от 14.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/258569

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы

2017-жылдын 14-июну № 5 Орто-Сай айылындагы бала бакча тууралуу айылдык Кеңештин атынан Жогорку Кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жөнөтүү боюнча депутат Тойчуев А. арызы жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевке жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.А.Турсунбековко депутаттардын атынан кайрылуусу 5 баракта жактырылсын. Кайрылуу 5 баракта тиркелет.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

М. Кеңешбаев

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасы Ч.А.Турсунбековго Сузак районунун Ленин айылдык кенештин депутаттарынан КАЙРЫЛУУ Урматтуу Алмазбек Шаршенович ! Урматтуу Чыныбай Акунович ! Сиздерге, Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кенештин төрагасына кайрылуубуздун себеби; Жалал-Абад областынын мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги № 42 сандуу токтомунун негизинде, Союз учурундагы Сузак районун «Октябрь жүзүмчүлүк совхоз комбинаты» жоюлуп, «Жузум-Шарап» акционердик коому түзүлүп, коомго жалпы баасы 10 млн 135 мин рубулду түзгөн баардык социалдык обьектер аксыз өткөрүлүп берилген. 1996- жылы Кыргыз Республикасында айыл өкмөттөр түзүлгөн, Жалал-Абад областынын мамлекеттик мүлк фондунун 1996-жылдын 17- сентябрында № 169 сандуу токтомунда «мамлекеттик менчиктеги социалдык обьектер айыл өкмөттөрдүн коммуналдык менчигине өткөрүп берүү жөнундө» чыгарылган, бирок токтомдун талаптары «Жузум - Шарап» акционердик коомунун администрациясы аткарбай Ленин айыл аймагындагы (мурдагы аталышы Гавриловка) азыркы Орто-Сай айылындагы типтүү долбоор менен курулган 2(эки) кабаттуу 140 (бир жүз кырк орундуу) бала бакчанын имаратын азыркы мезгилге чейин акционердик коомдун карамагында. Бул талаш болгон, Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Орто-Сай айылындагы 140 (бир жүз кырк орундуу) эки кабаттан, типтүү долбоор менен салынган бала бакча Союз учурунда «Октябрь жүзүмчүлүк совхоз комбинаты» болуп турган учурда курулуп бүтүп, ошол айылдын мектепке чейинки балдары тарбия алган уюм болгон. СССР деген чон мамлекет кулап, ар бир 15 Союздук Республика өз алдынча «Эгемендуу» мамлекет болгондон кийин, 1992-жылы чыккан мыйзамдардын негизинде, социалистик менчиктерди жеке менчикке, коллективдүү менчикке приватизациялаган учурда, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад дубандык мамлекеттик мүлк фондунун 30-апрель 1993-жылы № 42 токтому менен «О переобразовании Октябрьского винсовхоз комбината Сузакского района в акционерное общество «Жузум - Шарап» деп, элдин байлыгы болгон совхоздун жалпы мүлкү«Жузум-Шарап» акционердик кому түзүлүп, мыйзам чегинде мүлктөр бааланып, тийиштүү кызмат адамдары кол коюушуп, мөөр басылып өткөрүлгөн. Өткөзүлгөн мүлктөрдүн арасында 1993-жыл 30-апрелдеги № 42 Жалал-Абад дубандык мамлекеттик фондусунун токтомунун негизинде «Октябрь жүзүмчүлүк совхоз комбинаты» жоюлуп анын ордуна Жузум - Шарап акционердик коому түзүлүп, мурдагы совхоз учурунда курулган бардык социалдык обьектер 10 млн. 135 мин рубл., (создун акчасы менен) бааланып, акысыз (безвозмездно) өткөрүлүп берилген. Демек, социалдык обьектер акысыз берилгенден кийин муну эл мектепке чейинки балдарын тарбиялоо уюму катары пайдаланыш керек, Жузум-Шарап акционердик коомунда жетекчилик кызматтарда иштеген айрым бир топтун адамдары өз кызыкчылыктарын көздөшүп, элдин менчигине көз артып, аны жок кылып, өз кызыкчылыгына пайдаланууну ушул күнгө чейин көздөп келишүүдө. Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын талаптары жана Кыргыз Республикасынын акционердик коом боюнча мыйзамдарынын талаптары ушул күнгө чейин «Жузум – Шарап» акционердик коомунун жетекчилери тарабынан аткарылбай, элдин мыйзамдуу укугу бузулуп жатат. Орто - Сай элинин мыйзамдуу укугун бузган Жузум-Шарап акционердик коомунун тийиштуу кызматкерлери жоопко тартылып, 140 орундуу бала бакча элдин пайдалануусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүлүп берилиш керек. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад дубандык мамлекеттик мүлк фондунун 30-апрель 1993-жылы № 42 токтому мыйзам чегинде аткарылыш керек - деп эсептейбиз. «Жузум- Шарап» акционердик коомунун жетекчилиги трабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-ноябрь 1996-жылдагы № 531 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасында жоюлган колхоз, совхоздордун балансасында турган социалдык обьектилер айыл өкмөттөрдүн коммуналдык менчигине өткөрүп берүү токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 2013-жылдагы № 219 токтомунда, мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында, мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен уюмдар 2013-жылдын сентябрына чейинки мөөнөттө аларды тикелей багыты боюнча пайдалануу үчүн бошотуу жагы көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы боюнча бала бакчалар менчиктештирилбесин, сатылбасын- деп, так көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун табалында, Ленин айыл өкмөтүнүн администрациясы жана Орто-Сай эли, «Жузум- Шарап» акционердик коомдун жетекчилигине 140 орундуу бала бакчанын имаратын элдин пайдалануусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүүгө кайрылганда ушул күнгө чейин аткаруусуз калтырууда. Мыйзам чегинде бала бакчаны кайтарып алуу боюнча Сузак райондук сотуна көп жылдардан бери кайрылганыбызда соттор ишти карабай кароосуз калтырыпшып «корупциялык» аракеттердин негизинде, «Жузум-Шарап» акционердик коомунун пайдасына калтырып келишүүдө. Орто-Сай айылынын элинин арызы боюнча, 2016-жылдын 22-апрелинде Жалал-Абад областык прокуратурасы тарабынан «Жузум-Шарап» акционердик коомун бала бакчанын имараты боюнча текшергенде, Орто-Сай айылындагы 140 орундуу эки кабаттагы бала бакчанын имаратын «Жузум-Шарап» АКмунун торайымы Чекиева Базаркан Узакбаевна акционерлердин уруксат берген чечими жок эле, 2014-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын Восток-5 кичи районун 24 В/11 үйүнүн тургуну Боромбаев Улан Кубановичке 120 мин(бир жүз жыйырма мин) сомго сатып, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан документештрип койгондугу аныкталды. Соттордун мыйзамсыз чыгарган чечидеринин себебинен, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 2013-жылдагы № 219 токтомунда, мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында, мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен уюмдар 2013- жылдын сентябрына чейинки мөөнөттө аларды тикелей багыты боюнча пайдалануу үчүн бошотуу жагы көрсөтүлгөнүнө карабай, Сузак райондук мамкатоонун кызматкерлери дагы кылмыштуу иштерди, жасалма документерди түзүшүп, бала бакчанын сатылышын оформит этип беришкен. 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы боюнча бала бакчалар менчиктештирилбесин, сатылбасын - деп, так көрсөтүлгөн укуктук ченемдик мыйзам актыларын аткарбай жатышат. Сиздерден суранарыбыз:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы ПЖ № 37 «Социалдык инфраструктура обьектерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-ноябрь 1996-жылдагы № 531 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасында жоюлган колхоз, совхоздордун балансасында турган социалдык обьектилер айыл өкмөттөрдүн коммуналдык менчигине өткөрүп берүү токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 2013-жылдагы № 219 токтомунда, мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында, мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен уюмдар 2013-жылдын сентябрына чейинки мөөнөттө аларды тикелей багыты боюнча пайдалануу үчүн бошотуу жагы көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы боюнча бала бакчалар менчиктештирилбесин, сатылбасын- деп, так көрсөтүлгөн. «Жузум-Шарап АК-мунун» жетекчилигин Сузак районун Ленин айыл өкмөтүндөгү Орто-Сай айылындагы 140 орундуу эки кабаттагы бала бакчанын имаратын 11.09. 2014-жылда Чекиева Базаркан Узакбаевнанын Бишкек шаарынын Восток-5 кичи районун 24 В/11 үйүнүн тургуну Боромбаев Улан Кубановичке

120 мин сомго сатып, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан түзүлгөн келишимин укук коргоо органдарына тапшырып, мыйзамсыз деп аныктап, жокко чыгартып берууну.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад дубандык мамлекеттик мүлк фондунун 30-апрель 1993-жылы № 42 токтомунун негизинде, Орто - Сай элинин мыйзамдуу укугун бузган «Жузум-Шарап» акционердик коомунун тийиштүү кызматкерлерин юридикалык жоопко тартып, 140 орундуу бала бакчанын имаратын элдин пайдалануусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүп берүүнү мыйзам чегинде сотторго тапшырууну, аткарылышын өзүнүздөрдүн көзөмөлүнүздөргө алууну.

3. Бала бакчаны элдин пайдалануусуна бут тосуп тоскол кылган Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын «коррупционер» кызмат адамдарын, мыйзамсыз бурмалап тура эмес чечим чыгарышкан сотторду юридикалык жоопко тартырып берүүгө кайрылабыз. Бул иш боюнча барбаган эшик, кайрылбаган мамлекеттик ишкана, мекемелер, укук корго органдары калбады. Эл чарчап бүттүү, акыркы үмүт менен Сиздерге элге жардам берет деген ишеничте кайрылабыз ?.

Ленин айылдык кенештин депутаттары. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
