# Акназаров айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 1 (Акназаров айыл аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жөнүндө) токтому

- Полное наименование: Акназаров айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 1 (Акназаров айыл аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жөнүндө) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 29.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258481>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33060/edition/826988/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Акназаров айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 1 (Акназаров айыл аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жөнүндө) токтому (ред. от 29.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258481

---

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 1 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 июлундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” № 403 сандуу токтомуна ылайык Бакай-Ата районунун Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 29-августундагы кезексиз 27- сессиясында талкууланып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пунктан тышкары жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” кызмат орду 2 штаттык бирдик бекитилсин;

3. Бекитилген айыл өкмөттүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;

4. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Жакышевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтом жарыяланган кундон баштап кучуно кирет.

Төрага

К. Жорготаев

Тиркеме №1 “БЕКИТЕМИН” Акназаров айылдык Кеңешинин төрагасы

К.Жорготаев \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

29-август 2016-жыл

Акназаров айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны

Кызматтардын аталышы

Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 7382 адам

7 ден 10го чейин

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

Жооптуу катчы

1

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы

1

Киреше боюнча башкы адис

1

Жер маселелери боюнча башкы адис

1

Жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис

1

Мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу маселелери боюнча башкы адис

1

Чыгаша боюнча жетектөөчү адис

1

Соц.коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчу адис

1

Киреше боюнча жетектөөчү адис

1

Иш кагаздарын алып баруучу адис

1

Маданият жана спорт тармактары боюнча адис

1

Жыйынтыгы:

12

Жетектөөчү адис –айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен)

1

Жетектөөчү адис –айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен)

1

Жыйынтыгы:

2

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК

Айдоочу

1

Жыйноочу

1

Жыйынтыгы:

2

Жооптуу катчы

С. Шабданова
