# Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 13 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 13 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 01.11.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.11.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258435>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33014/edition/826546/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.11.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 13 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 01.11.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258435

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 1-ноябры № 13 Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө 26.01.2015-жылдын № 26-мыйзамынын 12-1- пунктуна ылайык жана Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайырлуусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайырлуусу эске алысын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамына 16.000 (он алты миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.

Төрага

С. Арзиев
