# Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 3 "Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 3 "Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 01.11.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.11.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258426>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33005/edition/826528/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.11.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 3 "Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 01.11.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258426

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 1-ноябры № 3 Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси маркум Мамадиев Мухтаржандын ысымын Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө ыйгаруу боюнча Алтын-Водий көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 09-июнундагы чогулушунун токтомуна жана Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 655-сандуу сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Масы айылындагы биринчи Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын ал эми экинчи Алтын-Водий көчөсүнө Атабаев Дилшодбектин ысымы ыйгарылсын.

3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо

башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.

4. Алтын-Водий көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Мамадиев Мухтаржандын жана Атабаев Дилшодбектин жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.

5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Мамадиев Мухтаржандын жана Атабаев Дилшодбектин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.

Төрага

С. Арзиев
