# Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 2 "Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Жороев Жолборсбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 2 "Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Жороев Жолборсбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 01.11.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.11.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258425>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33004/edition/826491/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.11.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 2 "Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Жороев Жолборсбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 01.11.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258425

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 1-ноябры № 2 Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Жороев Жолборсбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө Ноокен районунун калкынын саламаттыгын сактоодо чоң салымын кошкон маркум Жороев Жолборсбектин ысымын Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө ыйгаруу боюнча Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 29-июнундагы чогулушунун токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Жороев Жолборсбектин ысымы ыйгарылсын.

3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.

4. Проектируемая көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Жороев Жолборсбектин жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.

5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Жороев Жолборсбектин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.

Төрага

С. Арзиев
