# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 22 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 22 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 07.08.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.08.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258334>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32913/edition/824094/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.08.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 22 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 07.08.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/258334

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

2015-жылдын 7-августу № 22 Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-июнундагы №125 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө ”Мыйзамынын 3-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алууну жана айыл башчы штатын каржылоого каражат бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу 2013-жылдын 28- июнь айындагы №383 токтомунун ылайык жектектөөчү адистин деңгээлинде 1 айыл башчы штаты бекитилсин.

2. Айыл башчы штатын каржылоого Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча түшкөн каражаттан сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюжет,салык,финансы,экономикалык саясат жана минуципалдык менчик” боюнча туруктуу. комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

М. Суранов
