# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 7 "Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 7 "Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 25.04.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.04.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258297>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32876/edition/823237/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.04.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 7 "Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.04.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258297

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

2016-жылдын 25-апрели № 7 Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31- мартындагы №134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 88-б буйругуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагындагы Дыйкан айылдык А.Капаров атындагы орто мектебинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:

Маталиев Тобокел- аксакалдар кеңешинин төрагасы Айдыралиева Анаркүл- ата-энелер комитети; Карыбеков Бекболот- жаштар уюмунун төрагасы; Асанакунова Тинатин- бала бакчанын медайымы; Өмүрзаков Максат- айылдык Кеңештин депутаты;

2. Түзүлгөн комиссия курамы тиешелүү иштерди мыйзам чегинде аткарууга алышсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karasuu.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жана Дыйкан айыл башчысы К.Шааевге жүктөлсүн.

Төрага

К. Иманкулов
