Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Суу айылдык кеңешинин «Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 6 Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31- мартындагы №134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 88-б буйругуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагында Кара-Суу айылдык К.Карпеков атындагы орто мектебинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
В.Касымбекова- кеңештин төрайымы;
Г.Алыбаева- комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
А.Эсеналиева- орто мектептин завучу;
С.Мамбетсултанова-ЖПБнин бухгалтери;
А.Абдраимова-а/К депутаты;
Асанакун кызы Алена- ата-энелер комитети;
М.Масыркулова- ата-энелер комитети;
2. Түзүлгөн комиссия курамы тиешелүү иштерди мыйзам чегинде аткарууга алышсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karasuu.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
Төрага
К. Иманкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.