# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/287 "Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/287 "Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-05/287
- Дата принятия: 29.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258295>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32874/edition/823233/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/287 "Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258295

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 01-05/287 Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Б.Тасмабековдун Ленин №17 көчөсүндөгү жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 700,0 кв.метр жеринин пайдалануу багытын турак-жай курууга өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Батырбек Тасмабековдун арызы канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаарынын Ленин №17 көчөсүндө жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 700,0 кв. метр жеринин пайдалануу багыты турак-жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.

3. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов
