# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 "Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 "Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-05/279
- Дата принятия: 29.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258287>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32866/edition/823194/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 "Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө" токтому (ред. от 29.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/258287

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 01-05/279 Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановдун Кочкор-Ата шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында шаарда жайгашкан соода-түйүн, компьютердик клубдардын, кафе-ресторандардын, той-тамаша , оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектеп берүү жөнүндө суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановдун кайрылуусу эске алынсын..

2. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан соода-түйүн, компьютердик клубдардын, кафе-ресторандардын, той-тамаша , оюн-зоок өтүүчү жайлардын иштөө убактысы түнкү 23:00 гө чейин чектелсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык , билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов
