Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Буура айылдык кеңешинин «Кызыл-Адыр айылындагы Чаткал, Суусамыр, Боконбаев, Май жана Жаштык көчөлөрүнө киргизилген таза суунун төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 4-сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 8 Кызыл-Адыр айылындагы Чаткал, Суусамыр, Боконбаев, Май жана Жаштык көчөлөрүнө киргизилген таза суунун төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө Кара-Буура айыл өкмөтүнүн Кызыл-Адыр айылындагы Чаткал, Суусамыр, Боконбаев, Май жана Жаштык көчөлөрүнө киргизилген таза суунун тарифтерин бекитип берүү тууралуу кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомдорун жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылындагы Чаткал, Суусамыр, Боконбаев, Май жана Жаштык көчөлөрүнө киргизилген таза суунун тарифтерин төмөндөгү тартипте бекитилсин:
Таза суу түтүктөрүн үйүнө киргизип пайдаланган жарандар үчүн ар бир жан башына 19 (он тогуз) сомдон; Таза сууну көчөдөн ташып пайдаланган жарандар үчүн ар бир жан башына 14 (он төрт) сомдон; Таза суу киргизүү үчүн уруксат алууга 7 000 (жети миң) сом болуп бекитилсин; Бекитилген тарифтер боюнча төлөмдөрдү чогултуу ишетрин айыл өкмөтүнүн алдындагы комуналдык чарбасы жүргүзсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Бюджет жана инвестиция жана Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
А. Осмоналиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2014 года № 302 "О мерах по оптимизации системы предоставления муниципальных услуг"Постановление · 03.06.2014 · № 302 · Утратил силу