# Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-мартындагы № 3 "Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-мартындагы № 3 "Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 28.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/258129>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32708/edition/820342/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-мартындагы № 3 "Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө" токтому (ред. от 28.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/258129

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 4-сессиясы

2017-жылдын 28-марты № 3 Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө Үч-Булак айылынын туругуну Момбеков Жыргалбектин “Үч-Булак айылындагы БСРдин күн чыгыш тарабындагы аң-дөң болуп бош жаткан жерди өздөштүрүүгө берүү жөнүндө” кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 катар сандуу “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүүнү жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 катар сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (транформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобону жетекчиликке алып айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагынын №465/3,1 чөйрө сызыгында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз дөң-сай, рельефи тегиз эмес абалдагы жалпы аянты 1,0га жайыт жер участогу жайыт жерлер категориясынан сугат жерлер категориясына которулсун.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Осмоналиев
