Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарындагы Ж.Молдосанов көчөсүндөгү жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү долбоору жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 28-июну № 47/9-7 Талас шаарындагы Ж.Молдосанов көчөсүндөгү жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2014-жылдагы №633 санду токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2017-жылдагы №01-04/811 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Ж.Молдосанов көчөсүндө жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн жалпы суммасы 9792448 (тогуз миллион жети жүз токсон эки миң төрт жүз кырк сегиз) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага
М. Есенкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 10 ноября 2014 года № 633 "Об утверждении Типового положения о порядке формирования фондов развития регионов"Постановление · 10.11.2014 · № 633 · Утратил силу