Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасына атайын автоунааларды сатып алуу долбоору жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 28-июну № 46/9-7 Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасына атайын автоунааларды сатып алуу долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2017-жылдагы №01-4/811 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарын тазалыгын камсыздап, көрктөндүрүү максатында шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына атайын автоунааларды сатып алуу боюнча долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасына көчөлөрдү жууп тазалоочу МАЗ-5912В2 көп функционалдык жол-эксплуатациялык автоунаасы бир даана, баасы 4200000 сом, капталында жүктөөчүсү менен таштанды алуучу техника КО 449-41 бир даана, баасы 5000000 сом жана ЧСДМ ДЗ-98В маркасындагы, кыймылдаткыч модели-238 бир даана грейдер, баасы 9000000 сом, атайын автотехникаларын сатып алуу үчүн жалпы 18200000 (он сегиз миллион эки жүз миң) сомдук долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Иманалиев Ж.Ж.) тапшырылсын.
Төрага
М. Есенкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 10 ноября 2014 года № 633 "Об утверждении Типового положения о порядке формирования фондов развития регионов"Постановление · 10.11.2014 · № 633 · Утратил силу