# Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 45/9-7
- Дата принятия: 28.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257960>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32539/edition/818209/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтому (ред. от 28.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/257960

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 9- сессиясы

2017-жылдын 28-июну № 45/9-7 Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы № 29/6-7 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2017-жылдагы №01-4/811 чыгыш сандуу катынын негизинде,Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ички жолдорун оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын ички жолдору Ш.Шеркулов көчөсү Ч.Айтматов көчөсүнөн А.Огонбаев көчөсүнө чейинки аралыгы, А.Огонбаев көчөсү Б.Осмонкулов көчөсүнөн Ү.Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы, Ж.Мырзалиев көчөсү Оторбаев көчөсүнөн А.Огонбаев көчөсүнө чейинки аралыгы жана Ж.Мырзалиев көчөсүн Ч.Айтматов көчөсүнөн Ж.Тагайбаев көчөсүнө чейин ондоп, асфальттоо үчүн жалпы 14 276369 (он төрт миллион эки жүз жетимиш алты миң үч жүз алтымыш тогуз) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Иманалиев Ж.Ж.) тапшырылсын.

Төрага

М. Есенкулов
